title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

Новости
Губернатор
Промышленность
Бизнес и Экономика
Социальная политика
Туризм
Сельское хозяйство
Районы
История г. Ош
Фотогалерея
Справочник

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї, Ош облусунун губернатору Ж. Ж. САТЫБАЛДИЕВдин Кыргызстан элдеринин V курултайында сїйлєгєн сєзї

Урматтуу Президент!

Курултайдын кадырлуу делегаттары!

Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган бардык этникалык топтордун єкїлдєрї катышып олтурган бїгїнкї бїткїл элдик жыйналыш ата-бабаларыбыздын “тынчтыкта жана ынтымакчылыкта жашайлы!” деген осуятын биз абийирдїїлїк менен аткарып жаткандыгыбыздын айгинеси. Ошондуктан, ушул кїн кєп улуттуу єлкєбїздїн калыптануу тарыхына элдердин достугун, улуттар аралык биримдигин жана жарандык бейпилдигин даўазалаган окуя сыўары жазылып калаары бышык. Эзелтеден бардык мамлекеттердин жана элдердин тарыхы бекем тастыктагандай, башта да, азыр да, стабилдїїлїксїз жана улуттар аралык ынтымакчылыксыз экономикалык, саясий, социалдык жана маданий жактан єсїп-єнїгїї дегеле мїмкїн эмес. Соўку кезде мындай зарылчылык миўдеген жылдар бою 80ден ашык улуттар чогуу-чараан жашаган биздикиндей уникалдуу мамлекет їчїн абдан актуалдуу болуп жатат. Албетте, этностордун кєптїгї ондогон проблемаларды жаратаары шексиз, анын ичинде мамлекетти башкаруу жана анын демографиялык жактан оожалышы да орчундуу тїйшїккє кептээри жалпыўыздарга дайын. Албетте, этностордун кєптїгї кєптєгєн кєйгєйлєрдї шарттаары шексиз, анын ичинде башкаруу жана анын демографиялык жактан оожалышы да орчундуу тїйшїктєрдї жаратаары жалпыбызга маалым. Андыктан, улуттар аралык ынтымак-ырашкердикте, бекем биримдикте жашообуздун кепилдиги, бейпилдиги їчїн ар бир этникалык топтордун єкїлдєрїнїн алдында улуттук єзїн-єзї аўдап тїшїнїїсї єнїккєн, кєєдєнїндє улуттук жїрєк кагып турган, руху, жан дїйнєсї єз элинин тектїї салттарына, адеп-ахлак кенчтерине, маданий дєєлєттєрїнє, гуманисттик асыл нарктарына тереў сугарылган ар-намыстуу, мекенчил атуулдарды калыптандыруу милдети турат. Демек, кєп улуттуулугубуз, Алатоо Атажуртубуз – биздин теўир жараткан тагдырыбыз, Мекенибиздин эгемендїїлїгї, єз алдынча мамлекеттїїлїгї, кєз карандысыздыгы, ата конушубуздун гїлдєп-єнїгїшї, анын эч качан бїлїнбєстїгї, бїтїндїгї, биримдиги – бул биздин кєп улуттуу ыйык идеябыз болууга тийиш.

Мурунку жана азыркы Курултайдын аралыгында єтє маанилїї тарыхый кєрїнїш жїз берди – элдик ыўкылап адамдардын кєз карашын тїп тамырынан єзгєрткєн ири окуяга айланды. Кыргызстан эли бул єзгєрїїлєр аркылуу демократиялык баалуулуктарга жана адам укугун урматтоого таянган татыктуу жашоого, таза эмгекке, социалдык адилеттїїлїккє зор їмїт байлап жатат. Биз бир нерсени бекем билїїгє тийишпиз: єлкєбїздєгї тынччылыксыз, стабилдїїлїксїз, коомубуздагы бардык кїчтєрдїн биримдигисиз мындай асыл максаттарды жїзєгє ашыруу кыйын.

Урматтуу делегаттар!

Биздин Курултай маанилїї окуянын босогосунда – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаўы редакциясын бїткїл элдик талкуунун жїрїшїндє єтїп жаткандыгы менен да маанилїї.

Єлкєбїздїн тагдыры жана жаркын келечеги башкаруунун кайсыл тїрїн тандап алуубузга тыгыз байланышкан. Ошол себептїї Баш Мыйзамыбызда улуттар аралык мамиле жана маселелер да таамай чагылдырылууга тийиш. Кєп этностуу мамлекет болгонубуздан кийин Конституциябыздын преамбуласында, же конституциялык тїзїлїштїн негизи бєлїгїндє бул идея сєзсїз камтылуусу абзел. Эгерде биздин кєп улуттуу атуулдарыбыз єзїнїн бир боор кыртышына тамырын тереў житирип турган дарак сындуу бир їй-бїлє мїчєлєрїндєй тарбияланган болсо, улуттук маданияттардын да тїркїгї бир бекем орнотулган болсо, анда єлкєбїз ар кандай чоочун маданий экспансиянын, сырткы терс таасирлердин бийлигине алдырбай, мамлекет катары єз жїзїн сактап, жалпы эл аралык адамзат кєчїнє татыктуу кошула алабыз.

Жалпыбызга маалым болгондой, єлкє ичиндеги, бєтєнчє тїштїк аймагындагы соўку куралдуу кагылышуулар Кыргызстанда, ошондой эле коўшу мамлекеттерде террористтик жана экстремисттик уюмдар тамыр жайып бараткандыгын айгинелєєдє. Мындай кооптуу жагдай мамлекетибиздин жарандарына, єлкєбїздїн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын да жашырууга болбос. Менимче, ушундай тагдыр сыноочу мезгилде элибиздин биримдиги, ынтымак-ырашкердиги, кыраакылыгы – сырткы ар кандай агымдарга, тактап айтканда, диний экстремизмге, эл аралык терроризмге каршы багытталуу зарылчылыгы бышып жетилгендей. Албетте, бул багытта Єкмєт жана укук коргоо органдары тарабынан кечиктирилгис чаралар кєрїлїп, алдын алуу їчїн негиздїї кадамдар жасалып жатат.

Антсе да, дїйнєлїк терроризмге жана диний экстремизмге каршы айыгышкыс кїрєшїїдє Ассамблея жана улуттук-маданий борборлор таасирдїї кїчкє эгедер деп айтаар элем.

Кадырлуу делегаттар!

Биз бїгїн республикабыздагы гана улуттардын биримдигине жана достугуна кызыкдар болбостон, коўшу єлкєлєр менен да тыгыз байланышта болуубуз абзел. Дегеним, Кыргызстанда КМШ, Европа жана Азия мамлекеттеринин бардык єкїлдєрї жашайт эмеспи. Тєгїнїнєн ата-бабаларыбыз “Алыскы туугандан – жакынкы коўшу артык” деген накыл кепти туу тутунуп келишпеген чыгаар. Андыктан, Кыргызстан эли Ассамблеясы, анын аймактардагы улуттук-маданий борборлору элдик дипломатиянын, туугандык, коўшулук ыйык мамиленин туткасы болууга тийиш.

Бул єўїттєн караганда, Курултайдын, Президенттин астындагы консультативдик-кеўеш органы катары эсептелген Кыргызстан эли Ассамблеясынын ролу, таасири солгун. Башкача айтканда, анын коомдук жана улуттар аралык мамилеге тийиштїї деўгээлде таасири аз, бедели чабал болуп жаткандыгы єкїнїчтїї. Улуттук-маданий борбор ички иш-чараларды уюштуруу жана жеке маселелерди чечїї менен гана алектенип калды десек жаўылышпайбыз.

Бїгїн мен дагы бир кейиштїї жагдайды – Кыргызстанды Мекени атаган миллиондогон кишилердин сыртка агылып кетип жаткандыгын єкїнїч менен айтмакчымын. Мында улуттар аралык мамилени жакындаштырган тил маселеси орчундуу проблемага айлангандыгын жашырбайлы.

Акыркы 15 жылдын демографиялык маалыматына таянсак, Кыргызстан моноулуттуу мамлекет кейпине жакындап калгандыгы, чынында, єкїнтєєрлїк синдром. Славян калктарынын сыртка карай тынымсыз кєчїїсїнєн улам кыргыздардын саны 52,3 пайыздан (1989-жыл) 68,4 пайызга (2006-жыл) кєбєйдї. Ошого карабастан орус тилдїїлєрдїн саны жана улуттар аралык мамиленин тили сыўары орус тилинин кадыры дале бийик. Бул ыўгайга туура баа берїї менен орус тилинин социалдык-экономикалык таасиринин жогорулугун эске алып, эмгек миграциясынын акыбалын кылдат байкаштырып, Конституциябыздын жаўы редакциясында орус тили расмий жана улуттар аралык мамиле тили катарында сакталышын оў жагына чечїїгє тийишпиз.

Урматтуу делагаттар!

Кыргызстан эли Курултайы турмушубуздун бир да тармагын кєўїл сыртында калтырган жок. Чынында эле, кєз тийбесин, калкыбыз мээнеткеч, жаштарыбыз илим-билимдїї, жерибиз бейиш, адам жана суу ресурстары жетиштїї. Бир тууган улуттар тїптїї, прогрессивдїї, турмушка жєндємдїї рухий, диндик, адеп-ыймандык наркын тиричиликтик салт-санааларын бапестеп-багып, азыыркы замандын талабына ылайык кээ бирлерине жаўы єў-тїс, мазмун берип байытып келе жатабыз – биздин болочогубуз мына ушул кеменгерликте. Болгону єлкєбїздє бейпилдиктин єкїм сїрїшї, элибиздин биримдиги аба менен суудай зарыл.

Дагы бир баса белгилеп кетїїчї жагдай - бїгїнкї улуттар аралык мамилелердин мааниси ушунда жатат: элдер достугу менен гана чектелбестен, аларды бир тууганча жакындаштыруу, биримдигин мындан ары да ширелештирїї башкы максатыбыз болууга тийиш.

Бїгїнкї Курултай Кыргызстан эли Ассамблеясына коомду стабилдештирїїгє чоў єбєлгє тїзїп, этностук мамилелерге жаўы дем байлатуу менен демократияга єрїштїї жол ачат деген ишеничтемин.

Ылайым эле єлкєбїздїн ар бир жаранынын, бардык этностордун арзуу-їмїттєрї жїзєгє ашып, бакубат турмуш кечиришсин. Ал эми мамлекетибиз ыкчам єнїгїї жолунда алгаласын! Баарыўыздарды мекенчил болууга їндєйм. Мекенибизди сїйїп, патриот болууга чакырам.

Кєўїл бурганыўыздар їчїн чоў ыракмат!

 

Ainoaagnoaaiiue eioagiao iigoae

Iigoae ainoaagnoaaiiuo oneoa

Oaiogaeeciaaiiay aaca aaiiuo EG

EIAOE "Eaaag"

Igaceaaio Eugaucneie Ganioaeeee

?iaigeo Ea?ao Eugaucneie Ganioaeeee

Eiiieaeniay iniiaa gacaeoey Eugaucneie Ganioaeeee

Caeiiiaaoaeunoai EG

Aaaouee igiaaeaag Eioagiao a EG

Ioeguoue Eugaucnoai

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg