Иштеген инсан чарчабайт
БИР КЇНДЄ ЭКИ АЙЫЛДА
Алай районунун Кабыланкєл, Карасуу районунун Кызылсуу айыл єкмєттєрї климаты катаал єрєєндєрдїн катарына кирет. Экєє танапташ жайгашкандыктан, кєйгєйлєрї да негизинен опокшош. Ошондуктан, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы Жантєрє Сатыбалдиев бир кїндїк сапар тизгинин ушул тарапка буруп, элеттиктердин турмуш-шартын жеринде кєз элегинен єткєрдї.
Кабыланкєлдє 560 тїтїн эл жашайт. Кендирди кескени – жол. Мындан тышкары телефон да тартыш. Зарыкканда же Ошко жетпей, же Гїлчєгє баралбай кыйналышат. 192 орундуу жаўы мектептин курулушу тїптєлїптїр, бирок, жандуу кыймыл жок. Губернатор Жантєрє Жолдошевич таза суу программасын эртелетїїгє 50 миў сом кємєк кєрсєтєєрїн дароо билдирип, калайыкка кыйла дем байлатты. Калган проблемалардан арылууну айыл єкмєт башчысы Токтосун Камиловго, аким Жумаш Калыбаевге бекем табыштап, татаалыраактарына єзї кєзємєл жїргїзєєрїн кыйытты.
Кызылсуулуктарда да оош-кыйыштар толтура. Экинчи мєєнєткє шайланган айыл єкмєтї Эгемберди Ахмедовго сын агытышты эле, чычаўдаган жигит экен, утуру опурулуп актангандыктан, Кыргыз Республикасынын тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї Ж. Сатыбалдиев улам тизгинин тартып, чычалабай эл менен мамыр-жумур иштєєсїн талап этти.
Карасуу райондук телеком мекемесинин директору Кочкорбай Алиевди кызылсуулуктар абдан жарга такашты. Себеби, былтыр экс-губернатордун, быйыл аким Марат Жумабековдун астында «телефон тартып, жыргатам!» деп катуу убада кылып, тилекке каршы сєзїн аткарбаптыр. Ж. Сатыбалдиев мурду балта кеспеген аткаминерге 15 кїндїк мєєнєт коюп, жоопкерчилигин туйбаса, кызматынан кол жууй тургандыгын жар салды.
Ошондой эле жолугушуунун жїрїшїндє жол, транспорт, мугалим жана ветеринар адистер таўкыстыгы, жайыт, ичилїїчї жана сугат суу маселелери улам кєтєрїлїп, ага тийиштїї жооптор угулду. Карасуу раймамадминистрация башчысынын биринчи орун басары Ахмаджан Махаммадов «жергиликтїї маанидеги кєйгєйлєрдї єзїбїз чечебиз, буга баш оорутпагыла. Андан кєрє Президенттин атайын єкїлїнє облустук, республикалык алкактагы суроолорду айтыўыздар?» деп агынан жарылды.
Албетте, айтылган сєз учкан чымчык эмес. Эртеби-кечпи сєзсїз сурагы болот. Ошол себептїї кийинки сапарында Ж. Сатыбалдиев жогорудагы темаларга сєзсїз кайрылып, жыйынтыгын эл астында талап кылаарын жергиликтїї жетекчилер жадынан чыгарышпаса экен.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы