title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

Новости
Губернатор
Промышленность
Бизнес и Экономика
Социальная политика
Туризм
Сельское хозяйство
Районы
История г. Ош
Фотогалерея
Справочник
 

4-март 2006-жыл

  • Жумушчу сапар баяны

МЭЭНЕТТИН АРТЫ – ТОКЧУЛУК

Мына, олбогон жанга жаз да келди. Ушуну саргара куткон элек. Ош облустук мамлекеттик бийлигинин башчысы Адам Закиров да баардын ар кунун туура пайдаланууга умтулуп, айыл-кыштактарды байма-бай аралаганга киришти.

Ноокат районунун Токтомат Зулпиев атындагы айыл окмоту климаты катаал аймакта жайланышкан. Адегенде эле проблемалар козго оркоюп урунат. Мисалы, БАМ каналынын узундугу 27 чакырымга созулат. Башын жана орто тушун сел жарып, соо жерин калтырган эмес. Мунун кесепетинен 612 гектар айдоо аянты, 400 гектар бак сууга чанкап жатат.

- Адаттагыдай Бишкектен жардам кутпогуло! Мамлекеттин акыбалын тушунуп турасынар, - деп губернатор А. Закиров агынан жарылды. – Озунор да кудайдан тилеп жата бербей, кыймылдагыла, туугандар! Мен 5 тонна цемент, техника жагын караштырайын. Башка жардамды дагы аябайбыз.

Ошентип, маселенин жарымы айылда чечилди. Аким Абдыганы Алиев раймамадминистрациянын салымын угузганда, жергилктуу калк жандана тушту.

Антсе да, койгойлор чекеден чубалат. Куйууучу-майлоочу зат, урон, жер семирткич, таза жана сугат суу, паспорт, кредит, кооперативдерди уюштуруу кендирди кесип атканын элеттиктер жашырбай жар салышты. Алардын талабы кулакка бекем туйулду. Женилирээктерине жеринде чекит коюлду.

Бирок, Боронбай Атишев атындагы орто мектепти, «Алтын бешик» балдар бакчасын, аймактык музейди, китепкананы кыдырганда ичибиз кыйла жылыды. Замандын каатчылыгына карабастан бул мекемелерде болочокко умтулуу, жаш муундарды жакшылыкка тарбияло табында экен. Ал эми анча-мынча маселелер райондук аткаминерлер суромолосо, жакын арада чечилип калчудай.

Айыл окмотунун карамагындагы стадионду урунууда пикир келишпестик ачык байкалды.

- Стадиондун спорт залы 1997-жылы кулап тушкон. Ошондон тарта онолгон эмес. А бетондолгон орундуктардын кебетесин кордунуздор, мышык ыйлагыдай. Талкаланган жайды былтыр айыл Кенешинин депутаттары балдардын райондук спорт мектебинин карамагына откоргон. Жаны шайланган айыл окмот башчысы Жусупбек Мамазияев ????????? биздин келечектуу аракетибизге бут тосуп мукуратты, - деп ыйлактады ДЮСШ директору Жусуп Алимбеков. – Ага да кайыл болуп, окуучуларды жана РИИБнын кызматкерлерин ушерде машыктырып атабыз.

А. Закиров Ж. Мамазияев менен Ж. Алимбековду эл козунчо элдештирип, аким А. Алиевге катуу табыштады: - Уят эмеспи. Жигиттерибиз тил табышып, чогуу эмгектеништин ордуна кырчылдашып олтурушса. Андан коро бири-биринерге комоктошкуло, карапайым калк силерге карап тузолсун!

Т. Зулпиев атындагы айыл окмотунун жашоочулары элет турмушу, айрыкча айыл чарба кооперативдерин тузуунун жол-жоболору массалык маалымат каражаттарында жеткиликтуу чагылдырылбай жатканына капаланышты. Губернатор А. Закиров дооматты туура кабылдап, бул багытта ишти кучотоорун билдирди.

 

  • Ишембилик
БАК ТИККЕН ЖЕРДИН БАГЫ БАР

Адам баласы бекеринен уйунун тегерегине бак олтургузган эмес. Муну жакшылыкка ырымдашкан. Ушундай процесс жаздын алгачкы сааттарында Карасуу районун Кызылкыштак айыл окмотундо жуз берди.

Ишембиликке губернатор А. Закиров, район акими М. Жумабеков катышышты. Ош облмамадминистрациянын эмгек жамааты Ош-аэропорт жолун бойлото 1000 туп дарак кочотун олтургузушту.

 Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Ош облус губернаторунун басма соз катчысы

 

 

Нормативные документы
****
КНАТИ "Кабар"
****
Законодательство КР
****

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg