Коллегия
ЖООПКЕРЧИЛИК КАТУУ СУРАЛДЫ, КЕНЕБЕСТЕР БЕКЕМ БУРАЛДЫ
Мурда билдирилгендей, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиясы дубаныбыздын социалдык-экономикалык жактан єнїгїїсїнїн жарым жылдык жыйынтыгын карады. Негизги докладды губернатордун орун басары Ажибек Касмалиев окуду.
Отчеттук мезгилде 187,2 миллион сомдук єнєр жай продукциясы єндїрїлїп, єткєн жылдын ушул убагына салыштырганда физикалык кєлємдїн индекси 110,3 пайызды тїздї. Мында Каракулжа (123,3 %), Ноокат (119,2 %) райондору алдыўкы кєрсєткїчтєрдї багынтууга їлгїрдї. Бирок, облусубуздагы кєрїнїктїї 31 ишкананын 10у кур дегенде акыркы темпти камсыз кылышпады. Анын айынан єнєр жай продукциясын єндїрїї 65,1 миллион сомго азая тїштї.
Териштирїї тастыктагандай, сырье сатып алуу їчїн жїгїртїлїїчї каражаттардын таўкыстыгы, пахта жана тамеки наркынын тємєндїгї да чоў кесепетин тийгизди. Ошондой эле жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдары ишкерлердин аракетине ачык бут тоскону да тармактын єйдєлєєсїнє зыян кылды. Ошондуктан, Тєємоюн, Гулистан (Араван), Кулатов (Ноокат), Башдєбє (Єзгєн) жана Каракулжа айыл єкмєттєрїнїн теўирден тескери токтомдорун прокуратура канкакшап атып жокко чыгарды. Антпегенде, мурдун балта кеспеген аткаминерлер дагы далайынын шоруна калмак.
Жалпыга маалым, Ош – агрардуу облус, тиричилигинин ирдениши ушул тармакка бекем байланган. Мал чарба продукциясын єндїрїї: эт - 100,6, сїт – 100,9, жумуртка – 102,8 пайызга аткарылды. 162,9 миў гектар жер айдалып, пахта, тамеки, май єсїмдїктєрї, картошка, жашылча-жемиштер кєбїрєєк эгилди. Кылкандуу дан эгиндеринин тїшїмдїїлїгї азырынча 32,5 центнерди тїзїп атат.
Ал эми 88 айыл таза сууга жетинди. Дагы 32 кыштак жыл акырына дейре ушундай кейипти киймекчи. Бирок, колубуздагы маалыматка караганда, райондук мамлекеттик администрациялар жана айыл єкмєттєрї Азия єнїгїї банкынын бул долбоорду жїзєгє ашыруусуна тоўмоюн мамиле жасап жаткандыгы зээн кейитет. Калкты таза суу менен камсыздоо департаментинин Ош аймактык уюму да милдетин так аткарбагандыгы программанын илгерилешине жолтоолук кылгандыгын тануу жарабас.
Эпизоотиялык кризистин курчушу фермерлерге жана дыйкандарга олуттуу экономикалык зыянын тийгизип жатат. 2006-жылдын январында коўшулаш Єзбекстан, Тажикстан республикаларында шарп ылаўы ачык байкалган. Арийне, тїштїк аймактык ветеринария башкармалыгынын кайдыгерлигинен бул ылаў биздин малдарга да жукту. Себеби, профилактика процесси оўчулуктуу жїргїзїлгєн эмес, мал базарлар да тартипке салынып, такай кєзємєлдєнбєгєн. Ойтал, Капчыгай ( Каракулжа ), Саламалик, Кароол (Єзгєн), Шарк, Нариман, Кашкаркыштак, Жоош, Акташ, Мады, Папан (Карасуу), Исанов (Ноокат), Нурабад, Керметоо, Анаров (Араван) айыл єкмєттєрїн шарп тооруп, айланы куруткан кез.
Акбуура дарыясын бойлото акыр-чикирлер ташталып, єзєнгє элдин байма-бай чємїлїїїсї Кыргызстандын экинчи борборунун калкын таза суу менен камсыздоого олуттуу коркунуч туудуруп жаткандыгын кєпчїлїк билбейт. Ошондуктан, Ош аймактык айлана-чєйрєнї коргоо башкармалыгына катуу милдет тагылып, маселе облмамадминистрациянын аппараттык кеўешмесинде бир нече ирет каралгандыгына карабастан, эмдигиче чеке жылытаарлык аракет байкалбайт.
Алты ай ичинде облусубузда 60 табигый кырсык катталды, анын кесепетинен 5 киши каза тапты. Январдагы калыў кар да 845 їйдїн, 1361 короо-жайдын,49 административдик мекеменин, 53 мектептин чатырын кыйратып тынды. 18 їй жараксыз кейипти кийди. Дубаныбыздын экономикасы жана жеке жарандар жалпысы 48 миллион сом чыгым тартты. Мындан сырткары сел жана кєчкїдєн улам автожолдор, кєпїрєлєр нугунан тайыды.
Єзгєчє кырдаал министрлигинде, суу чарба башкармалыгында, ошондой эле жол мекемелеринде техникалардын тартыштыгы тїмєн тїйшїккє салып, быйылкыга бєлїнгєн каражаттар жаратылыш апаатын жоюуга гана жумшалып, башка зарыл проблемалар чечилбеген бойдон турат. Какаганга муштагансып, 3445 їй-бїлє ссуда жетишсиздигинен дале опурталдуу жерлерде жансактап атышат. Анан калса курулуш материалдарынын кымбаттыгы да кендирди куп кесип олтурат.
Жарым жыл аралыгында тышкы соода жїгїртїї 2,3 эсеге єстї. Экспорттун жалпы кєлємїнїн басымдуулугун пахта, минералдык продуктулар, тамак-аш азыктары, ичимдик, тамеки, машина жана электротехникалык жабдуулар ээледи. Антсе да, тамекинин жана «ак алтын» буласын тышка ташуу 52,3 - 5,8 пайызга кыскарды. Ага улай экономикабызга 3511,7 миў доллар єлчємїндє чет инвестиция тартылып, бу да былтыркы кєрсєткїчтєн кем экендиги аныкталды.
Кєўїл жылытканы: мамлекеттин агартуу, медицина жана маданият кызматкерлерине карызы жок. Пенсия, жєлєк пул да убагында эле тєлєнїп атат. Ошого карабастан Єзгєн, Карасуу, Араван жана Каракулжа да жумушсуздук кїчєп бараткандыгы таасын байкалат. Муну жугуштуу оорулар коштогондугу да жїрєк оорутат. Мисалы, бруцеллез Ноокатта 15 эсе, Єзгєндє 3,2 эсе кєбєйдї. Бир жашка чейинки 268 ымыркай кєз жуумп, ата-энесин кїйїткє батырып олтурат. Алай, Чоўалайдан башка райондордо акыбал, чындыгында, чатак. Бул трагедия - їй-бїлєлїк дарыгерлер тобунун жана медицина борборлорунун, аймактык ооруканалардын кошбойлуу аялдарга квалификациялуу жардам этпегенинин «натыйжасы».
Ошентип, кубанууга али эрте. Ош облусунун губернатору Жантєрє Сатыбалдиев Карасуу, Ноокат, Чоўалай, Єзгєн райолндорунун акимдеринин, ветеринария башкармалыгынын, санитардык-эпидемиялык борбордун, клиникалык ооруканалар бирикмесинин, статистика комитетинин начальниктеринин жоопкерчилигин катуу сураганчалык бар. Далай тапшырмалар кагаз бетинде, же айтылган жерде калып жатпайбы.
Коллегия мїчєлєрїнїн сунушуна ылайык жарым жылда єнєр жай продукциясынын физикалык кєлємїнїн индексин камсыз этпеген акимдер М. Жумабековго (Карасуу), Ж. Калыбаевге (Алай), Ш. Артыковго (Араван), Ї. Абдыраимовго (Єзгєн), А. Мурзабековго (Чоўалай) эскертїї жасалды. Эпизоотиялык кырдаалды жєнгє салууга жарабаган аймактык ветеринария башкармалыгынын начальниги Ж. Бектаев сєгїш жеди. Ошондой эле район акимдеринин орун басарларына, агрардык єнїгїї бєлїмїнїн башчыларына ( Каракулжа - Н. Исманова, М. Кєкєев), (Карасуу - А. Махаммадов, К. Кулботоев), (Єзгєн - С. Айтбаев, А. Раимов), (Араван - А. Жалилов, Ш. Сабиров), (Ноокат - Н. Абдыраимов, К. Камчиев) кемчиликти четтетїї їчїн 1-октябрга дейре мєєнєт коюлду.
Калкты таза суу менен камсыздоо багытындагы бошоўдугу билинген Алай (Ж. Калыбаев), Чоўалай (А. Мурзабеков), Ноокат (А. Алиев), Єзгєн (Ї. Абдыраимов) раймамадминистрация башчылары дагы эскертїї жемесин укту. Ал эми айрым айыл єкмєт башчыларынын жоопкерчилигин айылдык Кеўештин сессияларында кароо бекем буйрулду. Таза суу департаментинин Ош аймактык координатору А. Айтбаевди кызматынан бошотуу маселеси айыл, сууу чарба жана кайра иштетїї єнєр жай министринен катуу суралды.
Єзїнє тийиштїї тармакты эптей албаган облустук санитардык-эпидемиялык борбордун башкы дарыгери А. Пархановго сєгїш жарыяланды. Клиникалык ооруканалар бирикмесинин директору Т. Абдымомуновдун тегерегинде соўку кезде массалык маалымат каражаттарында материалдар кєбїрєєк жарыяланып, губернаторго даттангандар да арбыды. Ошол себептїї фактылардын чын-тєгїнїн териштирїї максатында облмамбийликтин башчысынын биринчи орун басары К. Тезекбаев жетектеген комиссия тїзїлїп, ишке киришти.
Мындан тышкары облустук алкактагы їлкєн аткаминерлер айыл єкмєттєрїнє куратор сыўары тагылган эле. Дал ошол элетке барып, карапайым калктын оош-кыйышын кєздєн кечирип, кем-карчын губернатор Жантєрє Сатыбалдиевге єз маалында шыбырып турбаган жетекчилер да мындан ары дадил уяткарылмакчы.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы