Убагында айтпаса, сєз атасы єлбєйбї?
БЇГЇН – МЇМKЇН. ЭРТЕЎ – КЕЧ!
Жантєрє САТЫБАЛДИЕВ Жогорку Кеўештин депутаты сыўары да республикабыздын коомдук-саясий турмушуна батыл аралашып жїрєт. Керек кезде кемчиликти кєзгє сая кєрсєтїп, бийлик бутактарынын жанданышына такай тїрткї жасап жаткан да жайы бар. Алыс барбай, Кыргыз Єкмєтїнїн отчетун уккандан кийин сїйлєгєн сєзїнїн стенограммасын назарыўыздарга тарталычы.
1. Бир жылда Єкмєт экономикада революция жасабады дегенден алысмын, антсе да, аткаруу бийлигинин бул аралыктагы конкреттїї ишин, кудай акы, кєргєн жокмун. Программасынын да аты-жыты али белгисиз. Ошондуктан, премьер-министр єзї єрт єчїрїїчї команда сыяктуу иштеп атышканын моюндап олтурат. Конституциялык реформаны кїтпєстєн деле башкаруу системасын жакшыртууга болмок, тилекке каршы, ага аракет кылганга жарабадык. Коррупция тємєндєгєнїнєн менин шегим чоў. Єзгєчє кырдаал жана айыл чарба министрлигинде олуттуу терс кєрїнїштєр бар экен, булар жєнїндє ведомствонун тїздєн-тїз жетекчилери билбегенине ким ишенет?
2. Административдик-аймактык реформалардын зарылдыгын канкакшап жатабыз, бирок, саясий кырдаалдан улам муз ордунан козголбой атат. Єлкєбїздє саналуу гана мамлекеттик ишмерлер сєзсїз корголот. Антсе да, губернаторлор да кудум ушундай обьектиге айланганы єкїнїчтїї: дайыма МАИ коштойт, їй-бїлєсїнє да мамлекет машиналары такай кызматта. Менимче, жалгыз губернатордун кєзїн карагандан кєрє, Чоўалай районунун элин багуу мамлекетке арзан тїшєт. Манастан Чубак кем бекен дегенсип, Єкмєт мїчєлєрї, орунбасарлары да жалаў «Мерседес», «Тойота» минип, кымбат баалуу чєнтєк телефондордун тїрлєрїн урунуп жїрїшєт. Бюджеттен каражаттарды мындай ысырапсыз чачууга бай мамлекеттер да жол бербейт.
3. Стратегиялык маанидеги обьектилерге караштуу мїлктєр менчиктештирилген фактылар бар. Ошондон улам мамлекет аларга карата кєзємєлїн жоготуп койгондугу да талашсыз. Андыктан, «Алтын акция жєнїндє» мыйзам долбоорун ишке киргизїїнї сунуш этээр элем. Мындай кадам монополияга бєгєт гана коймок.
4. Айыл єкмєттєрїн кєтєрмєлєє маселеси Єкмєттїн айынан 2007-жылга жылдырылып олтурат. Жергиликтїї єз алдынча башкарууну борбордон четтетмейинче эч качан илгерилебейбиз. Жалпыга маалым, Президентке, Жогорку Кеўешке, Єкмєткє тїшкєн арыздардын 95 пайызын айыл єкмєттєрї чечкенге милдеткер. Тилекке каршы, алардын финансылык жана административдик мїмкїнчїлїгї абдан чектелїї.
5. Жыл бою республикабыздын энергетикалык секторунда бекем тартип орнотууга їлгїрїшмєк. Тескерисинче, депутаттык комиссияны текшерїїгє таптакыр жолотушпай атышат. Акаев режими да электр энергиясына тарифти 62 тыйынга кєтєрїїгє батынган эмес.
6. Премьер-министр мамлекеттик башкаруу системасында башаламандык кїчтїїлїгїн кыйытты. Мен тандем їчїн добуш таштагам. Феликс Шаршенбаевич, Сиз Президент экєєўїздєр мамлекеттик башкаруу системасын кечеўдетпестен аныктагыла. Кыргыз эгемендїїлїгїнїн жылдарында мындай демилгечисиз, шалаакы Єкмєттї кєргєн эмесмин.
7. ЖОЖдордо - 230 миў, техникумдарда – 100 миў студент, кесиптик билим берїї мекемелеринде 25 миў окуучу тарбияланат. Жумушсуздардын мынчалык армиясынын кимге зарылчылыгы бар?
8. Феликc Шаршенбаевич, «Кыргызалтынга» ушул тармак бонча сїйлєшїї жїргїзїї укугу ыйгарылгандыгын айттыўыз. Бул ишкана – акционердик коом, ошондуктан, Єкмєт атынан диалог курууга таптакыр акысы жок. Анда «Кыргызалтынды» мамлекеттик органдардын сабына кошкула!
9. Тышкы саясатта ынтымакчылык жок, айрым жетекчилер визит жасаарда приоритетибиз да сєзсїз кубулуп турат. Кыргызстанга кыпынчалык пайдасыз, бюджеттик каражаттарды жеп-ичкенге кєнгєн элчиликтердин маселесин катуу караштырганыбыз оў.
Кагазга тїшїргєн: Алишер ТОКСОНБАЕВ
Элинин сєзїн айтпаса, эрендерден не пайда?
КР Президентинин Тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї-губернатор Жантєрє САТЫБАЛДИЕВ: «ПАРЛАМЕНТТИК БАШКАРУУНУ ЖАКТЫРАМ»
- Жантєрє Жолдошевич, Жогорку Кеўеште губернаторлор єзгєчє корголуучу обьектиге айланганын жийиркене жар салгансыз. Эми мындай мансап мунарасына єзїўїз конгондон кийин оозуўуз басыла тїшкєндєй?
– Жок! Тескерисинче, мени коштогон МАИ, жансакчы кызматынан биротоло баш тарттым. Їй-бїлємдїн мамлекеттик машинелерди минїїсїнє таптакыр тыюу салдым. Адегенде єзїм їлгї кєрсєтпєсєм, кєпчїлїк жетекчилер эптеп кїн єткєнїнє кєнїп калышыптыр.
- Митинг-пикетчилер дале башыўызды оорутуп атышкандай?
- Жарандардын мындай укугун чектегенге акыбыз жок. Бирок, автожолдорду тоскондор, мамлекеттик администрацияларды бейжай басып киргендер, аткаминерлерди иштетпей жакалап куугандар сєзсїз мыйзам чегинде катуу жазаланат. Революция 24-мартта эле бїткєн.
- Акаев доорун сїргєндєрдїн бирисиз?
- Тереў жаўылышасыўар. Акаев тескерисинче мени куп иштетти. Барган жеримде жаман сєз калтырган жокмун. Тагылган милдеттерди так, убагында аткаргандыгым, єз кесибиме єтє берилгендигим мурунку президентке жаккан єўдєнєт, жалаў жооптуу участоктордо мээнетимди пайдаланды.
- «Сатыбалдиев санаалаштарын сатып кетти» деп чырылдаган эле жан?
- «Реформалар їчїн» кыймылынын талабына дале толук кошулам. Жаўы кызматка дайындалаарда санаалаштарыма атайын учурап, кеўешип-таўаштык. Штабдагылар ак жол каалап, жакшы ниетте узатышты. Темир Сариев коллегам айтмакчы, Президенттин бул чечими, балким, оппозициянын шартына оперативдїї реакция жасоонун белгисидир.
- Кокусунан административдик-аймактык реформалар жїрсє, жумушсуз калуудан чочулабайсызбы?
- Чегирткеден корккон эгин экпейт. Жанагындай реформалар єлкєбїзгє бїгїн абадай зарыл. Тилекке каршы, саясий кырдаалдын туруксуздугунан улам маселе улам кечеўдетилип жатат. Ошентсе да, облмамадминистрация башчыларынын ишин теске салуу бышып жетилди. Бир губернаторду кїткєндєн кєрє, Чоўалай районун элин баккан арзанга тїшєт эмеспи.
- Жогорку Кеўештеги ордуўузду соодалагандар кєбєйдї?
- Мен авторлук кылган он чакты мыйзам долбоору бар. Аларды бышырып, Жогорку Кеўеш аркылуу єткєргєндєн кийин гана тээ кїзгє маал мандатымды тапшырам. Андыктан, ордума кєз арткандар шайлоочуларымды дїрбєтпєй, тынч оокатыўарды кылгыла!
- Єзї сиз Кыргызстанга башкаруунун кайсыл тїрїн сунуш этээр элеўиз?
- Дээринде кыргызга парламенттик мамлекет єтє ылайыктуу. Бирок, бїгїнкїдєй єткєєл мезгилде президенттик башкарууга муктажбыз. Себеби, єлкєбїздє чукул арада Конституциялык реформа жасабай туруп, бїтїндєй системаны толук єзгєртєбїз деген Апендинин иши. Бул карышкырга кой кайтарткан менен барабар.
- «Тандемди мандем кылдыўыз!» деп Куловдун короосуна да таш ыргыткан сизсиз?
- Ооба. Былтыркы шайлоодо тїштїк Бакиев, тїндїк тандем їчїн добуш таштаган. Мамлекетибизди маў кылган маселени экєє эле маўдай-тескей олтуруп чечишкени оў. Калкты ызылдатыштын кажети не.
- Шайлоочуларыўызга жолукканда, «Бакиев єзїбїздїн бала, бут тоспо, тескерисинче, жардамдаш!» дегендей насааттар кулагыўызга кумчадай куюлду. А сиз?…
- Мїмкїнчїлїктєн пайдаланып айтып коюуга милдеттїїмїн. 7 депутат, арасында мен да бармын, былтыр Москвага барып, Акаевге арыз жаздыртып кайттык. Антпесек, жаўы бийлик же ары, же бери эмес, абада асылып турмак. Коллегаларымдын бир тобу президенттик шайлоону єз мєєнєтїнє, тактап айтканда, 2005-жылдын октябрына дайындоону эп кєрїштї. Мен да адатымча чырылдап, эртелетпесек, кырдаал ого бетер курчуйт деп кєшєрїп атып, маанилїї саясий єнєктїктї июль айына жылдырттык. Азыр деле бизге єткєєл мезгилде президенттик башкаруу ылайыктуу деп чыктым. Єзїм дээринде парламенттик єлкєнїн жактоочусумун. Бирок, ага али эрте. Конституциялык реформадан кийин гана ойлонуштурууга убакыт табылат. Эми ушундай кадамдарымдан кийин кылдан кыйкым издегендердин Курманбек Салиевичти иштетпей атат деген дооматтары арык аттап, суу кечпейт. Эгерде Бакиевге башынан кєўїлїм тїз болбогондо жогорудагыдай кубаттап, анан кыйын кезеўде ийиндеше иштегенге кєнбєйт элем.
- Мурдагыдай эле азыр да Бакиевге ката кадамдары їчїн каяша айтууга кудуретиўиз жетеби? Дале Текебаев єўдєнгєн куу саясатчыларды колдогондон таўбайсызбы?
- Ырас, Президент менен оюм айкалышпаган жалгыз гана нерсе: Бакиев Конституциялык реформа секин жїрїшїнє макул. А мен жана санаалаштарым процессти эртелеткенге ынтызарбыз. Антпесек, кєп жагынан артта калгыдайбыз . А Ємїрбек Текебаев туурасында кеп кылсак, кєз карашым дал келсе, коштоп жїрєм. Кокус позициябыз окшошпосо, мїчїлїшїн бетине айтканга даярмын. Мисалы, президентти басмырлаганда Жогорку Кеўеште катачылыгын кашкайта белгилеп, а тїгїл отставкасын талап этпедимби. Премьер-министр Куловду деле Єкмєттєн отчет сурап жатканда «кєўїлдєнїп иштебей атасыўар, тандемди мандем кылдыўар» деп жарга такабадымбы.
Кепке таркан: Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Телефондорум: (03222) 2-28-30; (0502) 44-78-29