title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

Новости
Губернатор
Промышленность
Бизнес и Экономика
Социальная политика
Туризм
Сельское хозяйство
Районы
История г. Ош
Фотогалерея
Справочник

•  Жан дїйнєсї жабыркаган

ЖАРЫКТЫК КАРЫЛАРЫМ

Кыргыз Республикасынын Президентинин тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї, Ош облус губернатору Жантєрє Сатыбалдиев улгайгандар кїнїнїн таўын Карасуу районуна караштуу Курбанкара айылындагы кайрымдуулук борборунда тосту. Адегенде карыяларыбыз жашаган жайдын шартын караштырып, аймактын социалдык жактан коргоо башкармалыгынын начальниги Санавар Шабиеванын маалыматын укту.

- Майрамыўыздар менен, аталар, апалар! Мындан аркы турмушуўуздарда бекем саламатчылык, тайыбас дєєлєт каалайм. Карысы бардын ырысы чоў эмеспи, бактыбызга аман туруўуздар! – деди Жантєрє Жолдошевич кайрымдуулук борборуна муздаткыч тапшырып жатып. – Жїрєгїўїздєр эч качан муздабасын, ал эми бул буюмдун ичин, куда кааласа, сиздерге зарыл продуктуларга шыкайбыз.

Кайрымдуулук борборунда 15 кары-картаў жансактайт. Алар облусубуздун булуў-бурчунан тїркїн тагдырдын айдагы аркылуу чогулушкан.

- Єзгєндїкмїн. 76 жаштамын. 12 балам бар. Уул-кыздарым карабай койгондуктан, 4 жылдан бери ушердемин. Кемпирим жакында кєз жумду, - дейт дале жол караган Ташмамат Жалалов.

Жашы 49га аяк баскан Наталья Капранпутова жалгыз кызы Орусияга кєчїп кеткендиктен, 9 жылдан бери карыларды карап, багып атканына ыраазы экендигин билдирип, ошентсе да, бул жерде ОРТ, Россия каналдары таптакыр тартпастыгын, КТР кїўїрт кєрсєтєєрїн бизге тастыктап, жалгыз Єзбекстан телевидениеси экспансия кылып атканына абдан кабатырланды.

Кайрымдуулук борбору менен № 13-Бектурганов атындагы башталгыч мектеп бир имаратта жайланышкандыктан, ыўгайсыз акыбалда. Ошондуктан, экєєнїн бирєєсїн кєчїрїї зарылчылыгы туулуп аткан кез. «Беде-їрєн» мамлекеттик їрєнчїлїк ишканасынын генералдык директору Шарабидин Бакир уулу калдайган кеўсесин кимисине болсун бошотууга даяр. Тилекке каршы, Карасуу акими Марат Жумабеков, Сарыколот айыл єкмєтїнїн башчысы Нурмамат Курбанов кичине кыймылдап, маселени жакын арада жайгараар тїрї жок.

Дагы кейиштїїсї: облмамадминистрация жетекчиси Ж. Сатыбалдиев Карасууга сапарлаганда, райондун МАИчилери катарынан тизилип, трассаны тентек шоопурлардан тазалап турушкан. Губернатор Ошту карай жылгандан кийин эле алардын бирин да таппай калдык. Чоў автожолдо машинелер тыгылышып, бири-бири менен жакалашкан айдоочуларды аяп, «МАИ чоўдор їчїн эле кызмат кылат окшойт» деген ойго кабылдык.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы

Ainoaagnoaaiiue eioagiao iigoae

Iigoae ainoaagnoaaiiuo oneoa

Oaiogaeeciaaiiay aaca aaiiuo EG

EIAOE "Eaaag"

Igaceaaio Eugaucneie Ganioaeeee

?iaigeo Ea?ao Eugaucneie Ganioaeeee

Eiiieaeniay iniiaa gacaeoey Eugaucneie Ganioaeeee

Caeiiiaaoaeunoai EG

Aaaouee igiaaeaag Eioagiao a EG

Ioeguoue Eugaucnoai

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg