title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

Новости
Губернатор
Промышленность
Бизнес и Экономика
Социальная политика
Туризм
Сельское хозяйство
Районы
История г. Ош
Фотогалерея
Справочник

•  Батаар кїндїн атаар таўы бар

ТАГДЫР БИЗДИ ЖОЛУКТУРААР КАЙРАДАН

САЛАМ САГА, КЫТАЙ ЖЕРГЕСИ!

“Борбор жана Тїштїк Азия” аттуу экинчи соода жармаўкеси Кытай Эл Республикасынын Синьцзян уйгур автоном районунун Кашкар шаарында кєшєгєсїн ачты. Бул ири иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї Жантєрє Сатыбалдиев, Баткен облусунун губернатору Султан Айжигитов, СУАРдын элдик жыйынынын тєрагасынын орун басары Жан Лу Гунь, Єкмєт жетекчисинин орун басары Ху Ли, Кашкар округунун губернатору Акбар Гапур єўдєнгєн тогуз єлкєнїн бийик даражалуу инсандары катышышты.

– Кашкар – тарыхый шаар, ошол эле убакта географиялык артыкчылыктарга да эгедер. Улуу Жибек жолунда жайланышкандыктан, Ооганстан, Пакистан, Тажикстан менен чектешип, Кыргызстанга, Єзбекстанга, Индияга коўшу катары мамилеси тїз. Ошондуктан, бїгїнкї жармаўкенин катышуучулары бардыгыўыздарга ысык салам жолдоп, ишиўиздерге ийгилик каалайм, - деди СУАРдын Єкмєтїнїн тєрагасы Ысмайыл Тилевалды.

– Башкы максатыбыз: тышкы экономикалык байланышты кеўейтїї жана бекемдєє. Ал аркылуу туризмди єнїктїрїї, регионалдык алаканы жолго коюу. Мунсуз коўшу єлкєлєрдїн болочогун элестетїї мїмкїн эмес, - деп коллегасын кубаттады Кашкар округунун губернатору Акбар Гапур.

КАШКАРДЫ КЄРЇП ИЧ КЇЙЄТ

Кашкар СУАРдын тїштїк-батыш тарабын ээлеп, аянты 162 миў квадрат чакырымга созулат. Округга жалгыз шаар, он бир уезд баш ийет. Калкы ушул тапта 3,5 миллиондон ашты. Билермандардын айтымында, соўку беш жылда аймак Кытайдын гїлдєгєн территориясына айланып олтурат.

Округдун аты уйкаш башкалаасы Кашкар тїндєсї тим эле Пекинден кем эмес жаркырайт жана тыптынч. Кїндїзї кєчєлєрїндє жана талааларында кызыган кыймыл.

Кашкар округунун партиялык комитетинин биринчи катчысы Ши да Ган, губернатордун орун басары Флу ли Зош Кыргызстандын Президентинин тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї, Ош облусунун губернатору Жантєрє Сатыбалдиев баштаган делегацияга атайын жолугуп, коўшу єлкє менен тыгыз кызматташууга ынтызар экендигин туйдуруп коюшту.

- Биринчиден, Ош-Кашкар-Ош авикаттамын уюштурууга єзгєчє басым жасашыўыздарды каалаар элем. Анткени, мындай шартта жолубуз кыскарып, ишкерлерибиз байма-бай каттоосуна єбєлгє тїзїлмєк. Экинчиден , Ош тарапта сиздердин кємєгїўїздєр менен лизинг компаниясын жєнгє салуу да экономикабыздын єйдєлєшїнє тїрткї жасамак. /чїнчїдєн, жаратылыш байлыктарынан куру эмеспиз. Биздин айыл чарба продукцияларыбыз да сапаты жагынан башкалардыкынан кем калышпайт. Бул багытта да єнєктєшїїгє муктажбыз. Кыскасы, алыскы туугандан жакынкы коўшу артык го, сиздер менен чогуу-чараан мээнеттенгенге биз дайым даярбыз, - деп Жантєрє Жолдошевич да оюндагысын чубады.

Кашкардын кашкайган талааларын аралап жїрїп, чындыгында, шилекейибиз куюлду. Бышыкчылык. Тєрт тарабыў кыбыраган жан жана мол тїшїм. Алымжан Ашым жетектеген ассоциация 1070 гектар аянттан жыл сайын їч-тєрт ирет ири тїшїм жыйнап, кудайга шїгїр, куп пайда кєрїп атканын угуп кубандык да, ошол эле учурда катуу ардандык. Булардын єзїндє техника жетиштїї турса да, кол кїчїн кєбїрєєк урунушат экен. А бизде каердин босогосун аттасаў, ой-тоону суранып олтурушат.

– Биздикилер тилегени – техника. Жадесе, короосундагы арыкты тазалап, бак-даракка суу байлаганды билишпейт. Ошондуктан, эмгектин баркы жок. Курулай доомат кїч. Мамлекетибиз їчїн єткєєл мезгилде биз деле кытайларга окшоп кулдай иштеп, байдай жашаганга ыктабайлыбы, ыя? – деп Ж. Сатыбалдиев ээрчите барган акимдердин короосуна таш ыргытты. – Эсиўиздерге бекем тїйгїлє, мындан ары сыртка сапарлагандардан натыйжа кайтпаса, катуу сїйлєшєбїз.

 

40 миў тоок, 50 саан уй кармаган 24 жаштагы фермер Аскар Мамбет да оозубузду ачырды. Атасынын акчасына байыган бозой каада кїтпєй, кадимкидей шартылдап эмгектенип, кашкарлык жердештерин, анын жака-белиндеги элди сїт, жумуртка, тоок эти менен камсыз этип жатыптыр. Биздеги органдар мындайларды кєргєндє баса калып текшерип, тим эле жїдєтїп жаап тынат эле. Кытайда, тескерисинче, ишкерлерди, фермерлерди, дыйкандарды колдоо кїч. Мындай маанайды округду он ирет кыдырып тереў байкадык.

Кашкардын Amina продуктулары, Hisensen телевизору коўшулаш Кыргызстан, Тажикстан, Єзбекстанды багындырганынын єзї эле хансулардын жана уйгурлардын мээнеткечтигин каўкуулагансыйт.

Ал эми шаардыктарды кїнї-тїнї тейлеген 3000 таксинин арзандыгын айт. Бир жерден экинчисине 25 сомго жеткирип, кубантат. А биздикилер олтурганда эле 50 сом сурап, кокуйлатат. Болбосо, кїйїїчї-майлоочу заттар ортосунда айырма деле жок.

КАНДАШЫМ, КАНТИП АТАСЫЎ?

Кытайга атайы барып, кызылсуулук кыргыздарга учурабай кайтуу осол иш. Анын їстїнє ал жактагылар такай кулактап турушат экен, укса дароо чакырышат. Бул сапар да ошентишти.

– Єткєн кылымдын алтымышынчы жылдары арабыз сууй тїшкєн. Бирок, эгемендїїлїккє ыктаганыўардан кийин мамилебиз тїзєлїп олтурат. Бизде акча, техника кїчї жетиштїї. Ошондуктан, биргелешкен ишкана уюштуруп, конкреттїї кадамдарды жасаганыбыз ийги, - деп ойлонууга жем таштады Кызылсуу кыргыз автоном облусунун партиялык комитетинин биринчи катчысы Йен Финь Шинь.

– Адил сєз ачуу болот. Антсе да, айтып коюуга тийишмин. Силер єзї бейиштин тєрїндє жашап, “кедейбиз!” дегениўерге арданат экенсиў. Кичине мээнеттенбейсиўерби, акыбети сєзсїз кайтат. А жанагы жалкоолорду жана кыйкырчаактарды Артышка жєнєтїп ийгиле, какыр сайга иштетип, тарбиялайлы, - деп Кызылсуу кыргыз автоном облусунун губернатору Мамбетасан Токталы ичи ушунчалык ачышкандыгын туйдурду. - Силер єзїнчє мамлекет экениўерге, албетте, сыймыктанабыз, а тїгїл єнїккєнїўєрдї кєрсєк дегенде биздин эки кєзїбїз тєрт.

Мамбетасан аба жаны кашайганчалык бар. Облус борбору Артыш шаары кыска аралыкта таанылгыс кубулуптур. Жалгыз мисал, калаа чекесиндеги беш миў гектар какыраган аянтка бак тигилип, асты мємєлєй баштаптыр. Майда тїтїкчєлєр аркылуу жїргїзїлгєн суу ар дарактын тїбїнє тамчылап, чаўкоосун кандырып турат. Кокус бизде ушундай мїмкїнчїлїк жаралып калса, биздикилер тїтїкчєлєрдї тїгїл багын кошо жулуп жайламак.

Антсе да, кытайлык боордошторубуздун їмїтїнє шам жаккан жагдайды кыстара кетпесек болчудай эмес. Артыш шаарынын босогосундагы 6 гектар ээн талааны ишкер мекендешибиз Табылды Эгембердиев чукул арада єздєштїрїп, “Шоро” фирмасынын ишканасын куруп бїтїрїп, жумушка киргизїї астында турат. Ошентип, коўшуларыбызды кыргыз суусундугу менен тамшандырчу кїн да алыс эмес.

Кызылсуулук кыргыздардын тилинин, маданиятынын єнїгїп-єсїшїнє Кытай Єкмєтїнїн камкордугуна ичибиз чындап жылыды. Маселен, бул жердеги филармониянын катардагы солистинин маянасы 5 миў сом. Ал эми атактуу ырчы Алтынай Кашкарбай кызы 10 000, маданият мекемесинин директору 15 000 сом айлыкка ыраазы. А биз жумушсуз жїргєн таанымал обончу Токон Эшпаевди ээрчите барган элек, таза уялдык. Бирок, Токомдун аккардеон коштоосундагы мукам їнї абийирибизди гана жаап жатты.

КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУГУШЧУ ЖОЛДОР БАР

Ал эки мамлекеттин, коўшулаш региондордун жетекчилигинин саясатына тїздєн-тїз кєз каранды. Акыркы кездеги алакадан улам кытайлыктар 12-16-июль кїндєрї Ош шаарында соода жармаўкесин улантышат. Ошондо досторубузга айрым калпыстыгыбызды кєрсєтпєсєк деп тилейм.

Дегеним, Кашкар жана Артышка сапарыбызда Ош облустук тышкы экономикалык байланыш комитетинин тєрагасы Мелис Таиров делегациянын план-программасын кєбїнчє оюн-зоок, саякатка ылайыкташтырып тїзгєндїктєн, кыргызстандык ишкерлерди негизги жумушунан бєєдє алаксытып, чаржайыт жолугушууларды уюштургандыгын баса белгилєєгє тийишпиз.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы

Ош-Кашкар-Артыш-Ош

Ainoaagnoaaiiue eioagiao iigoae

Iigoae ainoaagnoaaiiuo oneoa

Oaiogaeeciaaiiay aaca aaiiuo EG

EIAOE "Eaaag"

Igaceaaio Eugaucneie Ganioaeeee

?iaigeo Ea?ao Eugaucneie Ganioaeeee

Eiiieaeniay iniiaa gacaeoey Eugaucneie Ganioaeeee

Caeiiiaaoaeunoai EG

Aaaouee igiaaeaag Eioagiao a EG

Ioeguoue Eugaucnoai

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg