Таза суу кендир кескенде
ЭЛЕТТИН ЭЛИ ЧЫДАЙБЫ?
Ош облустук мамлекеттик администрация башчысынын буйругуна ылайык Азия єнїктїрїї банкынын (АЄБ) «Таза суу» программасын кечеўдетпестен жїзєгє ашыруу максатында координациялык Кеўеш уюшулуп, анын тєрагалыгына вице-губернатор Болот Бїргєев дайындалган. Апта акырында кєзємєлдєє укугуна эгедер органдын жетекчиси жана мїчєлєрї єздєрїнїн кезектеги жыйынына чогулуп, маўдай-тескей масилет курушту.
Адегенде элетти ичилїїчї суу менен камсыздоо жаатында АЄБнын «Калктуу конуштардын деўгээлинде инфраструктуралык кызмат кєрсєтїї» долбоорунун аткарылышы туурасында айылдарды суу менен камсыздоо департаментинин Ош аймагы боюнча координатору Курбаналы Азимовдун маалыматы угулду. Анда оош-кыйыштар ачык кєрсєтїлїп, жылыштар да баса белгиленди.
Соопчулугу чоў долбоорго Ош облусунун аймагындагы 121 кыштак киргизилип, 267200 адамды ичине камтыган. Мунун арасынан 39 айылда жаўы тїйїн курулуп, калган 82си реабилитацияланмак. Милдетти абийирдїї аркалоо максатында ичилїїчї сууну керектєєчїлєрдїн коомдук бирикмеси (СООППВ) тїзїлїп, процесске карапайым калк кеў-кесири тартылып жатат. Алайда – 18, Араванда – 7, Карасууда – 23, Каракулжада – 16, Єзгєндє – 19, Чоўалайда – 8, Ош шаарына караштуу Жапалак айыл єкмєтїндє жалгыз ушундай уюм ишин жандандырып, єзїнчє нукка тїшкєндїгї, албетте, жїрєк жылытат.
Ошого карабастан їстїбїздєгї 1-сентябрына карата 88 айыл гана таза суу менен камсыз этилди. Мамлекеттик комиссия 56, а жумушчу комиссия 32 кыштактагы суу системасын эксплуатациялоого кол койду. Ушул тапта дагы 32 жерде курулуш жана реконструкциялоо кычаган кез. Аны їчїн тендерден уткан 17 подряддык куруучу уюмдардын бир тобу кїнї тыным, тїнї уйку билбей эмгектенип жатышат.
Антсе да, айыл калкынын 5 пайызынан тєлєм топтоо, ошондой эле жергиликтїї тургундардын єзїн жумуш кєлємїнїн 15 пайызын аткарууга катыштыруу далалаты анчалык канааттандырбайт. Биринчи проблемага токтолсок, Алай районунун тиешелїї калкынын (Ж. Калыбаев) – 33, Ноокаттын (А. Алиев) – 43, Чоўалайдын (А. Мурзабеков) – 47, Єзгєндїн (/. Абдыраимов) – 62 пайызы гана каражат чогулткандыгы, долбоорлордун жер-жерлерде ийгиликтїї бїткєрїлїшїн кечеўдетип аткандыгы єкїндїрєт. Кыргыз Єкмєтї раймамадминистрация жана айыл єкмєт башчыларынын мойнуна жекече жоопкерчилик вазийпасын илгенине карабастан, алардын кайдыгерликке жетеленгендиги, калк арасында тїшїндїрїї аракетинин чабалдыгы байкалат. А экинчи маселеге кайрылсак, кєлємї 8 – 10 миллион сомдук жумуштарга жергиликтїї тургундардын 15 пайызын чегерїї кыйынчылык жаратып аткан чагы. Мунун айынан подрядчиктер да жумушун чала бїтїрїп, процессти ого бетер бїлгїнгє учуратып жатышат. Айрым подряддык мекемелердин жетекчилери финансылык тартип бузууга ыктап, обьектилерди тапшыруу мєєнєтїн ачык эле кечеўдетип атышкандыгы ич ачыштырат.
Мындан тышкары долбоорлордун техникалык алешемдиги да бар экендиги ашкереленип, мунун єзї курулуш жумуштарынын сапатын камсыз кылууга тетири таасир этип жаткандай. Документациянын так эместигинен улам «Долбоор», «Кыргызкоммунпроект» акционердик коомдору, «Мусай» жоопкерчилиги чектелген коому 12 кичи долбоорду 13,5 миллион сомго кымбаттатып ийишкен. Долбоорлоо уюмдарынын шалаакылыгынын кесепетинен 88 айылдын 67синде суу системалары азырынча такай иштеп, 9унда таптакыр токтоп калган, дагы 12синде илеў-салаў.
Баса, таза суу бїгїнкї кїндє баарыбыздын кендирибизди кескен кєйгєйгє айланып олтурат. Бул маселе Ош облустук мамлекеттик администрациясынын быйылкы июль айындагы коллегиясында да кабыргасынан коюлуп, акимдер Ж. Калыбаевге (Алай), А. Мурзабековго (Чоўалай), А. Алиевге (Ноокат), /. Абдыраимовго (Єзгєн) катуу эскертїї жасалган. Ошондой эле жеткилеў иш алып барбаган бир катар айыл єкмєт башчыларынын жоопкерчилигин сураштыруу айылдык Кеўештерге сунушталган. Тилекке каршы, биз билгенден єз алдынча башкаруу органдарынын аткаминерлеринин бири да эмдигиче килемге чакырылып, сессияда такалана элек.
Болгону айылды суу менен камсыздоо департаментинин Ош аймактык координатору А. Айтбаев гана кызматынан шыпырылды. Райондордо «Таза суу» программасы аркылуу бїткєрїлїп, бирок, суу тїтїкчєлєрї иштебей турган обьектилерди текшерип, жыйынтыгын маалымдоо Ош облустук прокуратурасына табышталган. Мына, їчїнчї квартал аяктады. Облпрокурор Анарбек Калматов мырза милдетин унутпагандыр.
Координациялык Кеўеш єз жыйынында долбоорго катышып, арийне, контрактты їзгїлтїккє учураткан генподрядчиктерди акчалай айыпка жыгуу жана мыйзам чегинде кїнєєкєрлєрдї жазалоо жагын да кїн тартибине катуу койду. Ага улай чукул арада мїчїлїштєрдї четтетїї, чала бїткєн обьектилерди сєзсїз аяктоо, сапатын жогорулатуу, 15 пайыз, єзгєчє 5 пайыз тєлємдї жакынкы арада толук камсыз кылуу айыл єкмєттєрїнє жана район акимдерине бекем милдеттендирилди.
Мындан тышкары межилисте товардык кредиттерди, бюджеттик ссудаларды, чет элдик гранттарды убагында мамлекет казынасына кайтаруу, дыйкандарды жана чарбаларды кїзгї-жазгы їрєндєр менен толук камсыздоо зарылчылыгы да бышып жетилгендиги ачык кыйытылды. Мында да акимдерге, айыл єкмєттєргє жана тийиштїї мекеме-уюмдардын жетекчилигине кечиктирилгис тапшырмалар берилди.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы