title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

Новости
Губернатор
Промышленность
Бизнес и Экономика
Социальная политика
Туризм
Сельское хозяйство
Районы
История г. Ош
Фотогалерея
Справочник

 

•  Жумушчу сапар баяны

Жантєрє САТЫБАЛДИЕВ: «БАКИЕВГЕ БАШЫНАН КЄЎЇЛЇМ ТЇЗ» 

Ош облустук мамлекеттик администрация башчысы – губернатор, КР Президентинин Тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї Ж. Сатыбалдиев адепки сапар тизгинин Єзгєн жана Каракулжа райондоруна бурду. Мунун дагы жєнї бар. Жантєрє Жолдошевич эки єрєєндїн чектеш айылдарын бириктирген Мырзаке округунан Жогорку Кеўеш депутаттыгына шайланган.

- Кадырман шайлоочуларым, атайы ат арытып алдыўыздарга тїшкєнїмдїн себебин єзїўїздєр деле сезип тургандырсыздар, - деп кеп учугун алыстан баштады Ж. Сатыбалдиев. – Президент Курманбек Салиевич жогорудагы кош кызматка жєнєтєєрдєн мурда кєпкє сїйлєштїк. Анан кабыргам менен да кеўешип, саналааштарыман да акыл сурап, ошондой эле округумдун таасирлїї адамдарына телефон чалып, акыры сунушка кєндїм. Анткеним, сиздерге жакын туруп, наказыўыздарды да аткарганга мїмкїнчїлїгїм чоў экен. Анын їстїнє єлкєбїз башына иш тїшїп турганда чекеде байкооочу сыўары карап олтурганга абийирим жол койбоду. Ошондуктан, менин чечимимди туура тїшїнєєрїўїздєргє дале бєркїмдєй ишенем.

Жантєрє Жолдошевич негизинен тємєнкї тєрт багытта тыкыр мээнеттене тургандыгын жар салды. Биринчиси: жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдарынын бутуна бекем турушуна орчундуу кєўїл бурулмакчы. Мында айыл єкмєттєрїнє єзгєчє їмїт артылат. Экинчиси: коррупция бардык тармакты кара таандай каптагандыгын тануу жарабас. Балакетке каршы кїрєшїїнї утурумдук иш-чарага айландырбастан, такай єнєктїк жїргїзїї зарылчылыгы бышып жетилди. Їчїнчїсї: дїйнєлїк терроризм, диний экстремизм мамлекетибиздин жаркын болочогуна абдан чоў коркунуч туудуруп аткан кези. Ошондон улам мындай жанкечтилерге, беймаксат жарандарга олуттуу сокку урушубуз абзел. Тєртїнчїсї: Кыргызстандын тїштїгї коўшулаш Кытай, Тажикстан, Єзбекстан менен чалкеш жайгашкандыктан, чекара жаатында оош-кыйыштар арбын. Республикабыздын бїтїндїгїн жана коопсуздугун камсыз кылууга дагы далай ирет баш катыраарыбыз анык.

Шайлоочулары депутатын сагынып калган экен, Єзгєндїн Мырзаке, Каракулжанын Каракочкор айыл єкмєттєрїнїн тургундары суроолорду тим эле жамгырдай жаадырышты.

- «Бакиевге бут тоспо, андан кєрє жардамдаш!» дегениўиздерди унута элекмин. - Ж. Сатыбалдиев агынан жарылды. – Мїмкїнчїлїктєн пайдаланып айтып коюуга милдеттїїмїн. 7 депутат, арасында мен да бармын, былтыр Москвага барып, Акаевге арыз жаздыртып кайттык. Антпесек, жаўы бийлик же ары, же бери эмес, абада асылып турмак. Коллегаларымдын бир тобу президенттик шайлоону єз мєєнєтїнє, тактап айтканда, 2005-жылдын октябрына дайындоону эп кєрїштї. Мен да адатымча чырылдап, эртелетпесек, кырдаал ого бетер курчуйт деп кєшєрїп атып, маанилїї саясий єнєктїктї июль айына жылдырттык. Азыр деле бизге єткєєл мезгилде президенттик башкаруу ылайыктуу деп чыктым. Єзїм дээринде парламенттик єлкєнїн жактоочусумун. Бирок, ага али эрте. Конституциялык реформадан кийин гана ойлонуштурууга убакыт табылат. Эми ушундай кадамдарымдан кийин кылдан кыйкым издегендердин Курманбек Салиевичти иштетпей атат деген дооматтары арык аттап, суу кечпейт. Эгерде Бакиевге башынан кєўїлїм тїз болбогондо жогорудагыдай кубаттап, анан кыйын кезеўде ийиндеше иштегенге кєнбєйт элем.

Ал эми Конституциялык реформа, Текебаев оош-кыйышы, тандемдин мандеми, депутаттык мандат тегерегинде губернатор – Президент єкїлї Ж. Сатыбалдиев єз позициясын мындайча баяндады.

- Ырас, Президент менен оюм айкалышпаган жалгыз гана нерсе: Бакиев Конституциялык реформа секин жїрїшїнє макул. А мен жана санаалаштарым процессти эртелеткенге ынтызарбыз. Антпесек, кєп жагынан артта калгыдайбыз , - деп Жантєрє Жолдошевич ымандай сырын жашырбады. – А Ємїрбек Текебаев туурасында кеп кылсак, кєз карашым дал келсе, коштоп жїрєм. Кокус позициябыз окшошпосо, мїчїлїшїн бетине айтканга даярмын. Мисалы, президентти басмырлаганда Жогорку Кеўеште катачылыгын кашкайта белгилеп, а тїгїл отставкасын талап этпедимби. Премьер-министр Куловду деле Єкмєттєн отчет сурап жатканда «кєўїлдєнїп иштебей атасыўар, тандемди мандем кылдыўар» деп жарга такабадымбы. Баса, менин ордума эмитен кєз арткандарга кулак кагыш: баштап койгон 10 чакты мыйзам долбоорум бар. Ошолорду бїтїрїп, Жогорку Кеўештен єткєргєнїмдєн кийин гана кїзгє барып депутаттыгымды тапшырам. Ага дейре талапкерлер дїрбєбєй, оокатын жасасын.

Андан соў Ж. Сатыбалдиев єзгєндїк, каракулжалык карапайым калктын муўун тыўдап, датын укту. Кєпчїлїк маселелерди жеринде чечип, айрымдарын ээрчите барган облустук чиновниктерге катуу табыштады.

-Акимдерге алты ай, облустук алкактагы жетекчилерге їч ай мєєнєт, - деди эки райондун активине жолукканда губернатор Ж. Сатыбалдиев. – Эптесеўер, чогуу эмгектенебиз. Кокус жумушуўарда олуттуу жылыш байкалбаса, ортого киши салып, же таарынышып убара болбогула. Мындайларга арабыздан орун жок.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы

 

Ainoaagnoaaiiue eioagiao iigoae

Iigoae ainoaagnoaaiiuo oneoa

Oaiogaeeciaaiiay aaca aaiiuo EG

EIAOE "Eaaag"

Igaceaaio Eugaucneie Ganioaeeee

?iaigeo Ea?ao Eugaucneie Ganioaeeee

Eiiieaeniay iniiaa gacaeoey Eugaucneie Ganioaeeee

Caeiiiaaoaeunoai EG

Aaaouee igiaaeaag Eioagiao a EG

Ioeguoue Eugaucnoai

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg