title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

Новости
Губернатор
Промышленность
Бизнес и Экономика
Социальная политика
Туризм
Сельское хозяйство
Районы
История г. Ош
Фотогалерея
Справочник

 

•  Биринчи менен бетме-бет

Жантєрє САТЫБАЛДИЕВ:

«ЧАЙ КУЙГАНДАР КЫЗМАТЫНАН КОЛ ЖУУШАТ»

Ж. САТЫБАЛДИЕВди окурмандарыбызга тааныштыруунун деле кажети жок. Жогорку Кеўештин бул депутатынын жана «Реформалар їчїн» элдик кыймылынын штаб мїчєcїнїн ысымы кыргыздын кыйырына тээ сексенинчи жылдардан бери белгилїї . Жалгыз гана кошумчабыз: Жантєрє Жолдошевич мамлекет башчысынын 23-майдагы Указына ылайык КР Президентинин тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї - Ош облусунун губернатору болуп дайындалды.

- Жантєрє Жолдошевич, кїтїїсїз кызматка кантип ынадыўыз экен?

- Албетте, президент Курманбек Салиевич єтє жооптуу ишти жана участокту сунуш этти. Кабыргам менен кеўештим, санаалаштарыма да акыл салдым. Республикабыз їчїн кыйын кезеўде, тагдыр чеччї мезгилде чекеде карап турганым жарашпайт экен. Ошондуктан, баш тартканга ылаажы таппадым.

- Эми депутаттыгыўызды кантесиз?

- Былтыр ар кандай адамгерчиликсиз тоскоолдуктарга карабастан мага зор їмїт байлап шайлагандарга тереў ыраазычылык билдирип, алар мени туура тїшїнїшїн тилейм. Буюрса, округума атайы барып, бетме-бет жолугушуу уюштурмакчымын. Ошондо да бєлїшєєр оюм арбын.

- Биздин менталитеттен, мисалы, Сизге жана жан-жєєкєрлєрїўїзгє сый-урмат иретинде чай куюп, коробка ташыгандардан кутулуу кыйын го?

- Ыйманыма камчы чаппай ачык айтайын, жанагындай кошоматка кой сойгондорду мен эч аябаймын. Андай илдетке чалдыккандар тереў жаўылышат жана катуу тартипте жазаланат.

- Єлкєбїздїн Тїштїк аймагынын район-шаар жетекчилеринин ишин адилет баалоо да оўой-олтоў эместир?

- Калктан ашкан сынчы жок. Элдин арыз-муўун канааттандырганына карап аким-мэрлердин мээнетине тон бычылат. Менимче, бул ийкемдїї жана калыс критерий.

- Кыргыздарды команда балакети сєзсїз жандап жїрєт да. Облмамадминистрацияны жаў ылайсызбы?

- Ї чєєнєн башкасына тийишпейм. Коллегаларым коркпой- їркпєй кадимкидей иштей беришсин. Кокус жумушун эптегенге жарабагандарга, чындыгында, арабыздан орун жок.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ

 

Ainoaagnoaaiiue eioagiao iigoae

Iigoae ainoaagnoaaiiuo oneoa

Oaiogaeeciaaiiay aaca aaiiuo EG

EIAOE "Eaaag"

Igaceaaio Eugaucneie Ganioaeeee

?iaigeo Ea?ao Eugaucneie Ganioaeeee

Eiiieaeniay iniiaa gacaeoey Eugaucneie Ganioaeeee

Caeiiiaaoaeunoai EG

Aaaouee igiaaeaag Eioagiao a EG

Ioeguoue Eugaucnoai

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg