title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

Новости
Губернатор
Промышленность
Бизнес и Экономика
Социальная политика
Туризм
Сельское хозяйство
Районы
История г. Ош
Фотогалерея
Справочник

 

24-март 2006-жыл

Ош облустук мамлекеттик администрация башчысы-губернатор Адам ЗАКИРОВдун март ынкылабынын бир жылдыгына карата

СУЙЛOГOН СOЗУ

Ордолуу оштуктар!

Кадырлуу коноктор!

Oткoн жылдын март айы маанилуу окуялар менен тыгыз коштолду. Жогорку Кенеш шайлоосунун журушундoгу мыйзамсыз кoрунуштoр, адам укугун кoз кoрунoo тебелеп-тепсoo ансыз деле жакыр жашап жаткан карапайым калктын кыжырын ого бетер кайнатты.

Акаев режиминин алдамчылыгы, экономикабыздын oлoсoлуу абалга кептелгени, шаар-кыштактарды кедейчилик кара таандай каптаганы, oлкoбуздoгу бийликтин уй-булoлук кландын колуна топтолгону, мамлекеттик органдардын туташ коррупцияланганы чыдамы тугoнгoн элди кoчoгo жетеледи.

Адегенде Каракулжа районунан башталган нааразычылык акциясы кыска убакытта бутундoй Ош облусун кучагына камтыды. Биздикиндей массалык толкундоолор бара-бара жалпы Кыргыз жергесине жайылды.

Кыйын кезенде калайык таламын талашып, бийликке баш ийбoo акциясынын башында Курманбек Бакиев, Усoн Сыдыков, Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Oмурбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Алевтина Проненко, Топчубек Тургуналиев, Анвар Артыков, Дуйшoнкул Чотонов, Алмаз Атамбаев, Мелис Эшимканов, Женишбек Назаралиев бекем турушту. Убагында бул азаматтар башын ажалга байлагандыгын айтып коюуга тийишпиз. Кокус ынкылап жузoгo ашпай калса, эски система революция жолбашчыларын абакка айдап, соттоп жиберээри шексиз эле.

Ооматтуу Ош жергесинде эски бийлик кулатылып, жанысы орношуна облусубуздун экс-губернатору Анвар Артыков, «Атажурт» кыймылынын лидери Дуйшoнкул Чотонов, Жогорку Кенеш депутаты, маркум Баяман Эркинбаев, губернатордун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев, губернатордун орун басары Мирадил Бакашев, «Марттагы элдик революция» коомдук бирикмесинин тoрагасы Тимур Камчыбеков, орун басары Мырзабек Акматов тасирдуу роль ойногондугун бугун oзгoчo белгилеп коюуга милдеттуубуз.

Ырас, эски бийлик ирип-чирип баратканынан улам oз жанынан корккон мурунку президент Аскар Акаев уй-булoсу менен Россияга кире качты. Калган жан-жooкoрлoру да заматта чилдей тарады.

Антсе да, март ынкылабы жергебизге оной-олтон орногон жок. 20-март танга маал атайын аскердик топ Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын имаратында тынч олтурушкан революционерлерди уруп-токмоктоп, айбанчылык жоруктарды жасады. Ошондо спецназдан oлo таяк жеген жердештерибиз Бейшенкул Чотонов, Муса Жолоев жана бандиттер аткылаган Жогорку Кенеш депутаты Баяман Эркинбаев азыр арабызда жок. Ошондуктан, маркум азаматтарды бир мунoт ордубуздан туруп эскерип коюуга уруксат этиниздер.

Билесиздер, он беш жыл бою Акаев режими талап-тоногон, талкалаган экономикабызды жана чарбабызды кыска мooнoттo тикелoo таптакыр мумкун эмес эле. Ошого карабастан президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевдин тынымсыз аракетинин натыйжасында турмушубуздун бардык тармактарында жылыштар байкалып жаткандыгын тануу жарабас.

Кечээ, Нооруз майрамына карата республика калкына кайрылуу жасаганда, Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Салиевич Бакиев 2006-жылды экономикалык oнугуунун жана жанылануунун жылы деп жарыялады. Оштуктар да бул демилгени кубаттап, Мекенибиздин гулдoп-oсушунo бараандуу салым кошооруна мен терен ишенем.

Кымбаттуу жердештер!

Ардактуу март ынкылабынын катышуучулары! 

Баарыныздарды Ош облустук мамлекеттик администрациясынын жана жеке oзумдун атымдан 24-март элдик ынкылап куну менен чын ыкластан куттуктайм!

Ар бириниздерге бекем саламатчылык, тайыбас бакты-таалай, ишиниздерге бараандуу ийгилик каалайм.

Ылайым мындан ары жергебизди жалан тынччылык, oсуп-oнугуу коштосун!

 

Нормативные документы
****
КНАТИ "Кабар"
****
Законодательство КР
****

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg