title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

 

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор Ж.Сатыбалдиевдин 2006-жылдын 22-декабрында облустук активде сїйлєгєн сєзї

Урматтуу бїгїнкї облустук активдин катышуучулары жана коноктор!

Ош облусунда мурунку облустук актив єткєрїлгєнїнє да бир жарым жылдай убакыт болуптур. Ушул себептен биз їчїн сїйлєшє турган сєздєр да жетиштїї эле болуш керек. Анын їстїнє єтїп жаткан 2006-жылга бир сыйра саресеп салып, келе жаткан 2007-жылга пландарыбызды да тїзїп алуубуз зарыл.

Бир миллиондон ашуун калкы бар Ош облусунун эртеўи, келечеги Сиздердин колуўуздарда. Канчалык деўгээлде элдин жашоо-шартын оўдоп, єсїп-єнїгєбїз булардын баары Сиздердин иш-аракетиўиздерге жараша болмокчу. Мына 2 жылга жакын убакыт єттї, жаўы бийликтин «Эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кылууга тийиш» деген урааны менен иштеп келе жатабыз. Баарыўыздарга маалым, карапайым калктын мїдєєсї эч качан эстен чыкпашы керек деген ой менен жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине шайлоо болуп, эл єзї тандаган атуулдар жеўишке жетти жана иштеп жатышат. Ошондой эле айылдык кеўештердин депутаттары аркылуу макулдук берилип райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдери да дайындалды.

2005-жылдын март айындагы ыўкылап кыргыз жергесине жаўы нур чачып, кайратман калкыбыз далай єзгєрїштєрдї, натыйжалуу эмгекти, жаўыча багыттарды, жаркын келечекти їмїт кылды эле. Эми ошол їмїттєр акталдыбы же жокпу, революциянын жыйынтыгы барбы же жокпу, ушул суроого жооп бере турган убакыт келди. Ушундай кырдаалда тємєнтєн жогоркуга чейинки бийлик єкїлдєрї жїрєгїн эл їчїн соктуруп, кїйїп-бышып кызмат єтєп берїїлєрї тийиш.

Белгилеп айта турган сєз баарыўыздар єз милдетиўиздерди абийирдїїлїк менен аткарууўуздар керек, антмейин эл бийликке ишенбейт. Ал эми кемчиликтерди жоюу, катачылыктарды кайталабоо ар бирибиздин биринчи милдетибиз.

Сиздер менен биргеликте жаўы келечекке кадам шилтеген Кыргыз Республикасынын гїлдєп-єсїшїнє ак ниетибиз жана адал эмгегибиз аркылуу єз салымыбызды кошууга тийишпиз.

2006-жыл саясий, социалдык жана экономикалык реформаларды улантуунун, оор жана чымырканган эмгектин жылы болду. Єтїп бараткан жылды бири бирибизге социалдык саясатты тїшїндїрїїнїн жылы болду деп айтууга толук негиз бар. Анткени, єзїўїздєргє маалым пикет жана митингдерден колубуз бошогон жок. Облустагы жана республикадагы коомдук-саясый абал эми гана турукташып, элибиз єз тиричилигин тынч єткєрїп жаткан кезде Кыргыз Республикасынын Єкмєтї отставкага кетип, элди дагы бир топ кыжалат кылууда.

Бїгїнкї кїндє 2006-жылдын жыйынтыгын талкуулап жана 2007-жылга милдеттерди белгилеп жатып биз Кыргыз Республикасынын Президенти Бакиев Курманбек Салиевичтин 2006-жылдын 28-сентябрындагы кыргыз элине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеўешине болгон кайрылуусундагы негизги приоритеттїї тєрт багытка кєўїлїбїздї буруубуз зарыл. Алар: энергетика, коммуникация, айыл чарба сы жана тоо кен єнєр жайы.

2006-жылда Ош облусунда тездетилген экономикалык єсїїнї камсыз кылуу їчїн Ош облустук, райондук мамлекеттик администрациялары жана жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле чарба жїргїзїїчї субьекттердин жетекчилери менен биргеликте бир топ иш-аракеттер жїргїзїлдї.

Бул багытта, єзїўїздєргє белгилїї, їстїбїздєгї жылдын июнь айында 2006-жылдын экинчи жарымына жана 2007-жылга Ош облусунун єнїгїїсїнїн программасын жана аны ишке ашыруунун иш-чараларын иштеп чыкканбыз. Бїгїнкї кїндє программада белгиленген кєрсєткїчтєр негизинен аткарылды.

Єнєр-жай тармагы боюнча 2006-жылдын аягы менен 5 пайыздык єсїї каралган болсо, 11 айдын жыйынтыгында жол курулушун эске албаганда єсїї 10 пайызды тїздї, же болбосо физикалык кєлємдїн индекси 3,1 пайызга єскєн. Бул єсїї иштеп жаткан ишканалардын жана жаўы ишке киргизилген ишкана-цехтердин эсебинен камсыз кылынды.

Мында айрыкча тоо кендерин єндїрїї жана кайра иштетїї тармагын белгилеп кетїїгє болот.

Жыл башынан бери облус боюнча 20 жаўы кичи ишканалар жана цехтер ишке киргизилип 1000 ден ашуун жумушчу орун тїзїлдї.

Облус боюнча чекене товар жїгїртїїдє жана акылуу кызмат кєрсєтїї боюнча стабилдїї єсїї байкалып, прогноздолгон кєрсєткїчтєр ашыгы менен аткарылды.

Єлкєбїздїн Президенти Курманбек Салиевич Бакиев єзїнїн элге болгон Кайрылуусунда экономика тармагын єнїктїрїїдєгї приоритет катары єлкєбїздєгї инвестициялык жана ишкердик чєйрєнї жакшыртууну баса белгилеген.

Учурда ишкердик чєйрєнї жакшыртуу максатында облусубуздагы єкмєттїк эмес жана эл аралык уюмдар менен бирдикте маалымат-кеўеш борборлору облустун, ошондой эле райондордун борборлорунда єз иштерин жїргїзїїдє.

Калкыбыздын эмгек активдїїлїгїн жогорулатууда кредиттєє жана кичи кредиттєє єзгєчє мааниге ээ. Облус боюнча быйылкы 11 айдын жыйынтыгында берилген кредиттердин жана кичи кредиттердин кєлємї 1 млрд. 256 млн. сомду тїздї, же єткєн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 50 пайызга кєптїк кылды. Кредиттердин проценттик ставкасын тємєндєтїї, пайдалануу мєєнєтїн узартуу боюнча облустагы 22 коммерциялык банктардын филиалдары жана 11 кредиттик ишканалар менен иш-аракеттер жїргїзїлїп жатат. Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиев айткан айыл банкы ачылса мындан дагы жакшы болот эле.

Облустун экономикасына чет элдик инвестицияны тартууну кєбєйтїї максатында облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан коўшулаш Кытай Републикасынын Кашгар округу менен, Казакстандын Алмата облусу, Иран Ислам мамлекетинин Хорасан провинцияларынын, Германия мамлекетинин официалдуу делегациялары менен жолугушуулар єткєрїлїп, соода экономикалык келишимдер тїзїлдї.

Президенттин Кытай Эл республикасы менен тїз сїйлєшїїлєрїнїн негизинде бизге 223 трактор келди. Мектептердин курулушуна жардам берилди.

Бул багытта облустун экономикасына 7 млн. америка долларына барабар чет элдик инвестиция тартылып, анын жарымынан кєбї тїз инвестиция болуп саналат.

Жїргїзїлгєн аракеттерге карабастан, облустун аймагында ички керектєєгє гана жарамдуу продукция єндїрїлїп, эл аралык талаптарга жооп берген жана атаандаштыкка туруктуу экспортко багытталган продукция єндїрїлбєй жатат. Натыйжада, тышкы соода жїгїртїїдє импорттук келип тїшїїлєр басымдуулук кылып, экспорттук берїїлєрдїн негизги бєлїгїн сырьелор (пахта буласы, минералдык продуктылар, ферменттелген тамеки) гана тїзїп, 10 айдын жыйынтыгы менен соода балансынын сальдосу терс болду. (АКШнын 11,6 млн. доллары).

2007-жылга тїзїлгєн облустун социалдык-экономикалык єнїгїїсїнїн программасында єнєр-жай тармагында 8 пайыздык єсїїнї камсыз кылуу боюнча милдет коюлду. Бул милдеттерди ишке ашыруу їчїн тоо кен єнєр жайына инвестиция тартып бул тармакты жергиликтїї ресурстар менен иштетїїбїз зарыл. Облусубузда кен байлыктар бар. Атап айтсак, Бешбуркан, Кумбел, Алмалык, Кожокелен, Талдысуу кємїр кендерин тереў єздєштїрїп, Чоўалай зонасындагы, Талдысуу єрєєнїндєгї нефти кендерин изилдєєнї улантуубуз зарыл. Алай, Каракулжа, Араван райондорундагы єнєр жай жана турак жай имараттарын жасалгалоого пайдалануучу тїстїї таштардын кенин єздєштїрїп, жакынкы чет мамлекеттерге сатууну жолго коюп, Ноокат районунда курулуп жаткан цемент заводунун курулушун тездетїїбїз зарыл.

Жергиликтїї ресурстарды тереўдетип кайра иштетїїдє облусубуздун экономикасында резервдер бар. Мисалы, кечээ жакында облустун пахта єндїрїїчїлєрї менен болгон жыйында алардын продукциясын кайра иштетїї багытында бир топ сунуштар ортого салынды. Карасуу жана Араван райондорунда пахтаны тереў кайра иштетип чыгуу максатында їч мекемеге єз долбоорлорун даярдоо тапшырылды. Бирок, пахтанын баасы боюнча маселени Єкмєт тезирээк чечиши керек. Ошондой эле, экспортко чыгуучу товарлардын сапатын жакшыртуу їчїн Ноокат, Єзгєн райондорундагы тамеки ферментациялоочу цехтердин башын бириктирип, алардын базасында биргелешкен ишканаларды ишке салуубуз зарыл.

Облустун жергиликтїї бюджетинин чыгаша жана киреше бєлїктєрїнїн планы толугу менен аткарылып, айлык акы боюнча карызыбыз жок. Пенсия жана жєлєк пул єз убагында тєлєнїп жатат. Облусубуз боюнча салык жыйноонун кєлємї єсїїдє жана бїгїнкї кїндє салык 2005-жылдын тиешелїї мезгилине салыштырмалуу 38 млн. сомго кєп жыйналды.

Республикада 2007–жылдын бюджетин 2 деўгээлдеги принципте тїзїї боюнча талаш-тартыштар болуп жаткандыгы єзїўїздєргє маалым. Бул багытта облустук мамлекеттик администрациясы їстїбїздєгї жылы 2 жолу Жогорку Кеўештин депутаттарынын, Єкмєт мїчєлєрїнїн, эл аралык жана єкмєттїк эмес уюмдардын єкїлдєрїнїн катышуусу менен талкуу єткєрїп, бул принципке єтїї їчїн даярдыктын жетишсиздигин кєрсєткєнбїз. Азыркы укуктук нормативдик база, жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдарынын обьективдїї шарттары менен бюджетти тїзїїнїн 2 деўгээлдеги принцибине єтїї мамлекеттик башкарууну кєбїрєєк борборлоштурууга, баш-аламандыкка, айыл єкмєттєрїн финансылык камсыздоодогу чоў айырмачылыктарга алып келээрин далилдеп єлкєбїздїн Президентине, Єкмєткє єзїбїздїн сунушубузду бердик.

Тез аранын ичинде административдик-территориалдык реформаны жїргїзїї керек.

Экономиканын реалдуу секторундагы кєрсєткїчтєрдїн жогорулашына карабай облус боюнча орточо айлык маянанын кєлємї 1625,1 сомду тїзїп, республика боюнча орточо айлык маянадан дээрлик 2 эсеге аздык кылат. Мунун себеби биздин облус негизинен агрардык болуп, єндїрїш ишканаларынын аздыгында жана республикалык бюджетти киши башына бєлїїдєгї теўсиздигинде турат.

Жумушсуздуктан жана айлык акынын тємєндїгїнєн облустук миграция кызматынын маалыматы боюнча 1-ноябрга карата облустун эмгекке жарамдуу калкынын 16 пайызы (90 миўге жакын адам) чет єлкєлєргє жумуш издеп кетишкен.

Бул маселени чечїї їчїн облуста жаўы ишканаларды, жер-жерлерде айыл калкынын турмушунда зарыл болгон тейлєє цехтерин ишке киргизїї менен бирге кесипчилик–техникалык билим берїї системасын жакшыртуу боюнча иш-аракеттерди кїчєтїї керек. Жаштарды жогорку окуу жайларында жана кесипчилик-техникалык окуу жайларында кесипке їйрєтїї зарыл.

Жакында Москва шаарына болгон сапарымда тїштїктїн мигранттарынын проблемалары менен таанышып, миграциялык кызматтардын єкїлдєрї менен жолуктум. Алардын билдирїїсїнє караганда курулуш иштери боюнча адистер, тигїїчїлєр, соода жана кызмат кєрсєтїї чєйрєсїндєгї адистер, кенже медицина кызматкерлери коўшулаш Казакстан жана Россия мамлекеттеринде жетишсиз. Миграцияда жїргєн кыргыз жарандарын жумуш менен камсыз кылуу їчїн жумушсуздарды жана жаштарды кыска мєєнєттє ушул адистиктерге даярдоону, аларга орус тилин жана укук негиздерин окутуу зарыл. Бул боюнча да биз Єкмєткє єзїбїздїн сунушубузду даярдап бердик.

Учурдагы дагы бир актуалдуу болуп коомчулукта чоў резонансты жаратып жаткан маселелердин бири бул, HIPC программасы. Бул боюнча да мен єз позициямды билдирип кетпесем болбойт. Эгерде бул программанын талаптары кыргыз элинин кызыкчылыгын эске албай турган болсо жана келечек муундарга кедергисин тийгизе турган болсо, анда мен бул программага кирїїгє толугу менен каршы чыгамын. Тилекке каршы, Єкмєттїк атайын комиссия бул программанын талаптарын жана шарттарын коомчулукка ачык айта элек. Ошондуктан, азырынча бир нерсе деп айтуу кыйын.

Їстїбїздєгї жылдын 11 айында облус боюнча 13,5 млрд. сомдук айыл чарба продукциясы єндїрїлїп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу єсїї темпи 1,4 пайызды тїздї. Декабрь айынын кєрсєткїчтєрїн кошуу менен мал чарба жана єсїмдїк продукцияларынын экинчи тїшїмїн эсепке киргизїїнїн негизинде тармактын дїў продукциясынын жылдык єсїї темпи 4 пайыздын тегерегинде камсыздалмакчы.

Элибизде - «Кїз кїрєш, жаз жарыш»- деген накыл сєз бар эмеспи. Калыстык їчїн айтуум керек, їстїбїздєгї жылдын жай айларынын ысык болуп, аба ырайынын кургакчылыгы, суунун запасынын аздыгы, кїз мезгилинде сууктун, кардын эрте келиши айрым райондордо кїздїк эгин себїїгє терс таасирлерин тийгизди.

Карасуу (М.Жумабеков) жана Єзгєн (Ї.Абдираимов) райондорунун администрациялары, айыл єкмєттєрї бул кыйынчылыктарды эске алуу менен иштерди тиешелїї деўгээлде уюштурбастан, кїздїк эгин себїїнїн керектїї кєлємїн камсыздаган жок.

Каракулжа районунан Ылайталаа (К.Батыров) жана Каракочкор (Б.Эргешов) айыл єкмєттєрї, Карасуу районунан Отузадыр (Базибай уулу Асанбек), Шарк (М.Абдукаримов), Нариман (Н.Хосилов) айыл єкмєттєрї, Єзгєн районунан Кароол (Б.Имаров), Куршаб (Б.Мадымаров) айыл єкмєттєрї, башка райондордун айрым айыл єкмєттєрї эгин себїї їчїн жер даярдоо, тоўдурма айдоо иштерине жакшы кєўїл бурбай жатышат. Кээ бир жетекчилер ойлошу мїмкїн - «Жер менчикте, жерин эмне кылса, эмне эксе жер ээси єзї билет» деп. Бирок, адамзаттын жашоо турмушуна биринчи иретте зарыл болгон нан жана башка айыл чарба азыктары єндїрїлгєн, калктын токчулугун камсыздаган, экономиканы, саясатты жараткан тармакты учурдагы єткєєл мезгилде єзї бїтєттїккє таштап коюуга эч кимибиздин моралдык укугубуз жок.

Жер-жерлердеги жетекчилик, Б.Бїргєев баштаган штаб ишти жаўыча алып барып, азыртадан жазгы талаачылык жумуштарын уюшкандыкта єткєрїї їчїн жогорку сорттогу жана сапаттагы їрєн, жер семирткичтер, кїйїїчї жана майлоочу майлар менен камсыздоо, техникаларды толук жана сапаттуу ремонттон єткєрїї маселелерин чечїїсї зарыл. Єз учурунда, вегетациялык мезгилге чейин ички чарбалык канал-арыктарды оўдоо жана тазалоо, аларды «Ашар» ыкмасын колдонуу менен уюштуруу да айыл єкмєттєрдїн негизги милдети.

Айыл єкмєттєрїндє кайра бєлїштїрїї Фондунун жерлеринен ижаралык акыларды єндїрїїдє абал кєп жакшы эмес. 2006-жылдын 1-декабрына карата бул кєрсєткїч Ноокат районунда болгону 45 пайыз ды, Карасуу районунда 46 пайыз ды, ал эми бир катар айыл єкмєттєрдє араў 30-40 пайыз ды тїзєт. Жердин тартыштыгына карабастан ар кандай себептер менен айрым жерлер иштетилбей калып кетїїдє. Мындай мамиле менен кантип айылдардын єндїрїш, социалдык- экономикалык маселелерин чече алабыз?

Мына ушул маселелер ди аткаруу їчїн айыл єкмєттєрїнїн башчыларынан кескин жана таасирдїї чараларды кєрїї талап кылынат.

М ал чарбасын єнїктїрї, андан сапаттуу продукция єндїрїїдєгї абал, ошондой эле малдын башынын кєбєйїшї да ветеринардык кызматтын зарылдыгы н далилдеп жатат.

Мал кєбєйдї деп жатабыз, а бирок облустагы жана райондордогу мамлекеттик ветбашкармалыктардын штаттарынын кыскарышы, айыл єкмєттєрдє ветадистердин жетишсиздиги, алардын эмгек акысынын тємєндїгї малдардын коркунучтуу оорулары менен иш алып барууда орчундуу терс таасирин тийгизїїдє.

Облмамадминистрация Єкмєткє, Жогорку Кеўешке, тиешелїї министрликтерге кайрылган. Азыркы учурда Єкмєттїн жана айыл чарба министрлигинин жаўы структурасы тїзїлїп жаткандыгына байланыштуу бул проблеманы оў жагына чечїї зарыл.

2007-жылга ветеринардык жетекчи адистер малдан адамга жугуучу оорулардын, мал ээлерин жана фермердик чарбаларды чоў экономикалык чыгымга алып келїїчї жугуштуу ылаўдардын алдын алуучу иш-чараларды тїзїп, анын їстїнєн такай жумуш алып баруусу, жергиликтїї бийлик органдары аларга тиешелїї колдоо кєрсєтїїсї керек. (А.Парханов, Ж.Бекитаев)

Дыйкандар єндїргєн пахта, тамеки сырьелору тереў кайра иштетилбей, даяр продукция чыгарылып сатылбай, анын негизинде жергиликтїї бюджет толукталбай калууда. Ушунун натыйжасында жана пахтанын сатуу баасы тємєндїгїнєн анын эгїї аянтынын азайуу тенденциясы бар. Бул проблемаларды жана пахта стратегиялык сырье экендигин эске алып, аны сатууда жана кайра иштетип даяр продукция чыгарууда кардарларды жана инвесторлорду тартууга мамлекет тарабынан колдоо кєрсєтїї зарыл.

Мындан сырткары, республикада єндїрїлгєн тамекинин 80 пайыздан ашууну Ош облусунун, анын 90 пайызга жакыны Ноокат районунда єндїрїлгєнїнє карабастан, мурдагы єлкє жетекчилиги германиялык биргелешкен «Реемтсма-Кыргызстан» ишканасы менен келишим тїзїп, ага жалгыз монополисттик шарт тїзїї менен сигарет фабрикасы Бишкек шаарында курулган. Мунун натыйжасында, Ноокат районунда курулушу бїткєрїлїп, жылына 1 миллиард даана сигарет чыгаруу мїмкїнчїлїгї бар ишкананын ишке тїшїїсїнє уруксат берилбей келїїдє. Ошол эле мезгилде Ноокат районунун бир нече жїздєгєн їй-бїлє мїчєлєрї коўшу Казакстандын тамеки плантацияларында иштеп жатышат. Бул маселени тез арада чечїї керек.

Акыркы жылдары айдоо жерлер, айрыкча сугат аянттар жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдары, республикалык мамкаттоо башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Єкмєтї тарабынан трансформацияланып турак жай курууга, соода тїйїндєрїнє, базарларга, автозаправкаларга жана башка ар тїрдїї курулуштарга берилип эў баалуу, улуттук байлык болгон айдоо аянттары азайууда.

Єзгєчє Карасуу районунун (М.Жумабеков) айыл єкмєттєрї тарабынан турак-жай куруу їчїн сугат жерлерди трансформациялоону кїчєтїшї бизди єтє тынчсыздандырат. Райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги бул тенденцияны эске алуусу тийиш. Мен облус губернатору катары сугат аянттарын їй курууга бєлїп бербєєнї жергиликтїї бийлик органдарынан талап кыламын.

Ушуга байланыштуу сугат аянттарды трансформация кылууну 10-15 жылга токтотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жер кодексине єзгєртїї киргизїї зарыл маселе деп эсептейм.

Айыл чарба продукцияларынан мол тїшїм жыйноо жана анын жогорку сапатта болушуна жетишїїдє їрєнчїлїк тармагынын чоў мааниси бар экендиги талашсыз. Облуста айыл чарба єсїмдїктєрїнїн жана эгиндеринин, пахтадан сырткары, їрєндєрїн толук камсыздоого жетишилген. Пахтанын їрєнїн тїп тамырынан бери жакшыртып, буланы кєп берген перспективдїї «Кыргыз-3» жана «Кыргыз-5» сортторун кеўири жайылтууга, келечекте бул єсїмдїктїн їрєнїн толук камсыздоого тийишпиз.

Мезгил далилдегендей бардык эле дыйкан, фермер жана жеке чарбалар айыл чарба єсїмдїктєрїн эгип єстїрїїдє агротехникалык эрежелердин так, толук сакталышына, єзїнїн їлїшїнє ыйгарылган аз жер аянты менен жетише албастыгы далилденїїдє. Ошондуктан, реформаны мындан ары єркїндєтїї їчїн облустун єнїгїї программасында кєрсєтїлгєн кооперативдердин жаўы формаларын киргизїїнї колго алуу зарыл.

Єзїўїздєргє маалым, 1994-жылы агрардык жер реформасы жїргєндє айылдан алыс, суу чыкпаган жерлер кайра бєлїштїрїї фондунун жерлерине калтырылган. Аларды ижарага алып иштетиш азыр кєп каражатты талап кылгандыктан пайдаланылбай калып жатат. Ал жерлерге мамлекеттик бюджеттен акча каражаты бєлїнїп, жерди асылдандыруу жана ирригациялык иштерге кєўїл буруу - бїгїнкї кїндїн орчундуу талабы.

Азыркы мезгилде айыл чарбасына жараксыз деп пайдаланылбай жаткан жер аянттар ына бак-дарактарды єстїрсє, айыл чарбасына жарактуу жерге айландырса 5-7 жылга чейин эч кандай салык тєлєбє єнї камсыздап, андан соў ал жерди єздєштїргєн атуулга менчикке берїїгє мыйзамдуу шарттар тїзїлсє, мамлекет їчїн да, менчик ээлери їчїн да пайдалуу болоор эле.

Єзїўїздєргє белгилїї, жакында эле Оштогу Сулаймантоону жашылдандыруу максатында республикалык деўгээлде чоў марафон єткєрдїк жана учурда бул багытта жакшы иштер жїргїзїлїп жатат. Тоонун 11,5 гектарына ачуу бадам жана мисте їрєндєрї себилди жана 1500 даана каражыгач, дуб кєчєттєрї эгилди. Жаздын келээри менен 18,2 гектар аянтка каражыгач, итмурун, жийде кєчєттєрїн эгїї пландаштырылган.

Ушул демилгени улантып, жергиликтїї мамлекеттик бийлик органдары жер-жерлерде 2007-жылы жашылдандыруу-кєрктєндїрїї иштерин колго алып, ар бир жанга жок дегенде 5 кєчєт отургузууну милдет катары тапшырат элем. Анын жыйынтыгында республиканын Эгемендїїлїк кїнїнє карата айыл єкмєттєрїнїн арасында мелдеш уюштуруп, жеўїїчїлєргє сыйлык ыйгарабыз.

Социалдык чєйрєдєгї чечїїнї талап кылган эў негизги маселелердин бири айыл жериндеги карапайым калктын жашоо деўгээлин жогорулатуу экендигин баса белгилей кетким келет.

Їстїбїздєгї жылда мамлекет тарабынан мамлекеттик жєлєкпулдардын єлчємїн кєбєйтїї, женилдиктерди, компенсацияларды берїї, ошондой эле колдоого жана жардамга муктаж адамдарды социалдык жактан тейлєєнї жакшыртуу боюнча кошумча чаралар кабыл алынды же тагыраак айтканда, керектєєнїн кепилденген минималдык деўгээлинин єлчємї 35 сомго жогорулатылып, єткєн жылдагы 143 сомдун ордуна 175 сомду тїздї.

Ошол эле учурда жарандардын жеўилдиги бар категорияларын, єзгєчє Согуш жана Эмгек ардагерлерин мамлекеттик колдоо жакшырды. Бирок, тилекке каршы облустук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын бул багыттагы аткаруучулук иштери єз деўгээлинде болбой жаткандыгын аталган башкармалыктын жетекчиси Р.Бакировго эскертемин. Анткени облустук мамлекеттик администрациясына, менин жеке кабыл алуума келген жарандарыбыздын кєпчїлїгїнїн арыз дооматтары жардамга муктаж адамдардын суроо талаптарынын жылдап аткарылбай жаткандыгына багытталган. Ошол эле учурда жергиликтїї мамлекеттик администрациялар, жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдары тарабынан да жардамга жана колдоого муктаж жарандардын, улгайган адамдардын, майыптардын, кээде кыйын абалда калган їй-бїлєєлєрдїн жашоо абалын жакшыртуу боюнча иштиктїї чаралар кєрїлбєй жатат.

Социалдык чєйрєдє кадрларды, болгондо да квалификациялуу кызматкерлерди сактап калуу маселеси мурдагыдай эле курч бойдон калууда. /стїбїздєгї жылдын 9 айында эле Россия Федерациясына иштєєгє 40 ка жакын жогорку квалификациялуу жана стажировкадан єткєн врачтар менен медициналык мээрбан эжелер, 490 тажрыйбалуу мугалим кеткен. Мунун кесепетинен айрым мектептерибизде кээ бир предметтер окутулбай калды. Облустук билим берїї жана жаштар саясаты башкармалыгы (Г.Машрапова) бул багыттагы иштерди уюштурууда кыйла чабалдык кылып жатат. Ал гана эмес айрым мектеп директорлорунун їстїнєн арыз-даттануулар токтобой, педколлектив балдарга билим, тарбия берїїнїн ордуна топ-топко бєлїнїп жогорку органдардын эшиктерин каккылап жїргєндєрїн ким билбейт? Балдарга бул эмне деген таалим-тарбия болот?

Маданият мекемелерин жергиликтїї бюджеттин жана жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен каржылоо да жетишсиз болуп жатат. Башкача айтканда маданият мекемелеринин керектєєсї араў гана 76 пайызга аткарылган. Мындан тышкары маданият кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга, спектаклдерди жаўылоого жана жаўыларын коюуга, ар тїрдїї маданий-массалык жана театралдык кєрїї иш-чараларын жїргїзїїгє каражат жетишсиз. Ошол эле учурда облустук драма театрларыбыз, филармония алыскы айылдарды тейлєєгє єтє сейрек чыгышат. Ага караганда алар юбилейлерди, тойлорду тейлєєгє кєбїрєєк ыктап кетишти. Андыктан облустук маданият башкармалыгы (И.Аманбаев) бул багытта пландуу иш-чараларды кєрїїсї зарыл.

Айрым айылдарда спорттук жайларды оўдоо, калыбына келтирїї иштери єз деўгээлинде эмес. Анткени аларды кармап турууга жергиликтїї бюджеттерден акча каражаты каралбайт. Ошондуктан “Ашар” ыкмасында жергиликтїї жамааттарды кєтєрїї менен бул иштерди колго алуу керек.

Облустагы саламаттыкты сактоонун абалы боюнча айта турган болсок, негизги демографиялык маалыматтар балдардын тєрєлїшїнїн кєрсєткїчїнїн бир кыйла тємєндєгєндїгїн далилдейт. Ошол эле учурда наристелердин єлїмїнїн бир кыйла кєбєйїшї Араван районунда (48,6%), Каракулжа районунда (47,3%), Ноокат районунда (18,9%) байкалат.

Энелердин єлїмї боюнча абал да тынчсыздандырат. Їстїбїздєгї жылдын 11 айында стационардык мекемелерде 11 аял кєз жумган. Моюнга алуу керек, бул фактылардын айрым учурларында дарыгерлерибиз кенебестикке, шалаакылыкка жол беришкен.

Бруцеллез, сибирь жарасы жана кутурма сыяктуу жугуштуу оорулар боюнча да абал мурдагыдай эле татаал бойдон калууда. Бул да болсо Санитардык кєзємєлдєє станциясынын (А.Парханов), Ветеринардык кызматтардын (Ж.Бекитаев) ишти жандандыруусу керектигин билдирет.

Урматтуу бїгїнкї жыйындын катышуучулары!

Электроэнергетика тармагында жїргїзїлгєн иштер элибиздин маанайы кєтєрїўкї болушуна тїрткї болот деп айтсам жаўылышпасам керек. Себеби, ар бирибиздин їйїбїзгє жарык жана жылуулук болсо, баарыбыздын кєўїлїбїз ачык болоору шексиз.

Їстїбїздєгї жылдын сентябрь, октябрь айларында облустук мамлекеттик администрациясынын атайын буйругу менен пайдаланылган электр энергиясы їчїн тєлємдєрдї кєбєйтїп, дебитордук карыздарды азайтуу боюнча эки айлык жарыяланып, жыйынтыгы менен Араван району (Ш.Артыков) биринчиликти алып 100 миў сом, Карасуу району (М.Жумабеков) экинчи орунду алып 80 миў сом, Алай району (Ж.Калыбаев) їчїнчї орунду алып 50 миў сом сыйлыктарга ээ болгондугун айта кетїї керек.

Жылытуу сезонуна карата даярдыкты камсыз кылуу боюнча иш чаралар иштелип чыккан, бїгїнкї кїндє анын ар бир пунктунун аткарылуусу облустук штабдын такай кєзємєлїндє турат. Эми бул даярдыктардын канчалык деўгээлде жетиштїїлїгїн алдыбыздагы кыш чилдеси єзї сынап кєрсєтєт.

Акыркы жылдарда Ош облусунда коммуникацияларды єнїктїрїї боюнча бир кыйла иштер жїргїзїлїп, район жана айылдарда жашаган калкыбыз їчїн байланыш жана маалымдоо, жол жана транспорт маселелеринде оў жагына жылыштар болгонун белгилесек болот. Ошога карабастан, бїгїнкї кїндє бул тармактарда дале болсо чечилбеген, орчундуу маселелер аз эмес. Атап айтсак, алыскы айылдарда гана эмес, кала берсе жакынкы аралыктагы калкынын саны кєп сандуу айыл жана шаарларда телефон байланыштарын камсыз кылуу жана алардын сапаттарын жакшыртуу боюнча аткара турган иштер кєп. Азыркы учурда облус боюнча 100 дєн ашуун калктуу пункттарда телефон байланышы таптакыр жок. Бул маселени чечїї жана облусубуздун бардык айылдарын телефондоштуруу максатында «Кыргызтелеком» акционердик коомунун облустук филиалы (М.Оконов) жана транспорт, коммуникация министрлиги келе жаткан 2007-жылга финансы каражаттарды жетиштїї деўгээлде пландаштырууну камсыз кылып, чечкиндїї чараларды кєрїшї зарыл.

Ал эми облусубуздун ар бир бурчунда, ар бир айылында улуттук телеканалдарын жана программаларын кєрсєтїїсїн камсыз кылуу боюнча дагы кошумча иштерди аткарышыбыз керек. Себеби бїгїнкї кїндє коўшу мамлекеттер тарабынан кїчтїї идеологиялык-пропагандалык экспансия жїрїп жатат. Облусубуздун бир топ айылдарында биздин элибиз КТР каналын кєрє албагандыктан, кошуна мамлекеттердин программаларын кєрїїгє аргасыз болуп жатат. Ошондуктан бул багытта иштерди калыбына келтирїї боюнча ТУРМ ишканасы (Т.Асанов) республикалык бюджеттен кошумча каражаттардын бєлїнїшїн жана телеретрансляторлорду, спутник антенналарын жаўылоо боюнча иштерди аткарышы керек.

О рчундуу маселелерден бири бул облусубуздагы автомобиль жолдорун оўдоо. Айыл єкмєттєрїнїн балансында турган айыл аралык жолдордун абалы жылдан жылга начар л ап баратканы биздин баары бы зга жакшы белгилїї. Ал эми бул жолдорду н о ў долушун камсыз кылуу айыл єкмєттєрїнїн милдети . А бирок жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдары бул боюнча талаптагыдай иштерди жїргїзбєй жатат. Ошол жолдорду оўдоо їчїн каражаттарды келерки 2007-жылдын бюджетине карап, бекитїї зарыл. Андан сырткары айыл ичиндеги жаўы жолдорду куруу, оўдоо иштерин жїргїзїї їчїн айыл єкмєттєрїнїн башчылары АРИС программасынын мїмкїнчїлїктєрїн жана жардамдарын кеўири пайдаланышы керек.

Бїгїнкї кїндє «Бишкек-Ош» автожолунун бєлїгї болгон «Ош-Єзгєн» участкасында реабилитациялоо иштери бїтїп жатат. 2007-жылдан биздин мамлекет їчїн стратегиялык мааниге ээ болгон «Ош-Сарыташ-Иркештам», «Ош-Кызылкыя-Сїлїктї» багытындагы жолду реабилитациялоо иштерин баштоо абдан зарыл болуп жана бул боюнча элдин талабы ар кандай деўгээлде коюлуп жатат.

Азыркы учурда облусубуздун аймагында жана Ош шаарында автоунаалардын саны аябай кєбєйїп кеткенин Сиздер єзїўїздєр кєрїп турасыздар. Албетте, автоунаалардын кєбєйїшї бул элибиздин жашоо деўгээлинин жогорулагандыгынын кєрсєткїчї. Ошол эле учурда жолдордогу кыймылдын коопсуздугун сактоо эрежелеринин бузулушуна, жїргїнчїлєрдї ташууда кызмат кєрсєтїїнїн деўгээлинин тємєндїгїн белгилеп, бул багытта облустук мамлекеттик автоинспекциясынын (А.Чотбаев), транспорт инспекциясынын (А.Бекмуратов) жетекчилерине баардык жїргїнчїлєрдї ташуу каттамдары боюнча Ош шаары менен бирдикте инвентаризация жїргїзїп, атайын бекитилген жоболордун так аткарылуусун талап кыламын.

Дагы бир кєйгєйлїї маселе бул облусубуздагы сел-кєчкї жїрїї коркунучу бар жерлерде жашап жаткан їй-бїлєлєрдї кєчїрїїнїн зарылчылыгы болууда. Андай їй-бїлєлєрдїн саны жылдан-жылга кєбєйїп, бїгїнкї кїнгє 3,5 миўден ашуун. Кыргыз Республикасынын Єкмєтїнїн чечимдерине ылайык аларга 200 миў сомдон жеўилдетилген ссудалар берилїїсї каралган жана керектелїїчї акча каражатынын кєлємї 700 млн. сомду тїзєт. Бирок, бюджеттик каражаттардын тартыштыгынан ссудалар убагында тєлєнбєй, ошол миўдеген їй-бїлєлєр кїнїнє кооптуу жерлерде жашаганга мажбур болуп жатышат. Мисалы, єткєн 2005-жылы республикалык бюджеттен 40 млн. сом каражат бєлїнгєн болсо, їстїбїздєгї жылы ссудаларды тєлєп берїїгє болгону 27 млн. сом бєлїндї. Бул багытта Єкмєт мїчєлєрїнєн суранат элем, келерки 2007-жылда бул маселеге єзгєчє маани берип, бєлїнїїчї акча каражаттарын беришсе.

Укук коргоо органдары тарабынан Ош облусу боюнча 2006-жылдын 11 ай ичинде 2505 кылмыштуулук катталып, єткєн жылга салыштырганда 292 кылмыштуулук кєбєйгєн же 13,1 пайызга кєп. Отчеттук мезгилде 2288 кылмыш иши иликтенип, анын ичинен 1647 кылмыштуулуктун бети ачылган же болбосо 72,0 пайызды тїзєт жана 1614 кылмыш иши сотко жєнєтїлгєн.

Элдин турмуш-шартын жакшыртууга бєгєт кєйгєйлїї маселелердин бири катары турган коррупция боюнча да кєп иш-аракеттер жїргїзїлбєй жатат.

Ош облусунда о тчеттук мезгил ичинде 178 мал уурулук катталып, анын 111 нин бети ачылган, же болбосо 62,4 пайызды тїзєт. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 5 пайызга кылмыштуулуктун бетин ачуу азайгандын билдирет.

2006-жылдын 11 ай ичинде 130 нарко-кылмыш катталып, єткєн жылга салыштырганда 6 фактыга кєп. Анын ичинен 124 кылмыш иши козголуп сотко жєнєтїлгєн.

Облустун аймагында экономикалык кылмыштуулукка жана башка кылмыштуулуктарга каршы кїрєштї кїчєтїї зарыл.

2006-жылдын 11 айында диний экстремизмдин, терроризмдин алдын алуу боюнча бир топ иштер алып барылып жатат, бирок бул жетишсиз.

Кийинки учурларда облусубуздун аймагында «Хизбут-Тахрир», «Акрамий» ж.б. диний-экстремисттик уюмдардын иштеринин активдешїїсї байкалууда.

Бїгїнкї кїндє 638 адам профилактикалык учетто турат. Учурда экстремизмге, терроризмге жол бербєє жана исламды саясатташтырбоо максатында тємєнкї кечиктирилгис иш-чараларды аткаруу зарыл :

- кїч органдары нын жана улуттук коопсуздук кызматынын єз ишт ерин активдештирїїсї, айрыкча диний экстремизмге каршы иштерди элдин арасында кїчєтїїсї керек.

Учурда дагы бир кєйгєйлїї маселе болгон паспорт маселесине токтолсом.

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын дарегине жарандык паспортторду алуудагы чоў кыйынчылыктар боюнча жарандардан даттануулар жана оозеки арыздар дайыма тїшїп жатат. Ош облусу боюнча паспортторду берїїдєгї абалды талдоо, талап кылынуучу документтерди туура толтуруу маселелеринде жарандардын начар кабардар экендигин, ошондой эле алардын арасында паспорттук бєлїмдєрдїн кызматкерлери тарабынан тїшїндїрїї иштеринин жїргїзїлбєгєндїгїн кєрсєтїп турат. Бїгїнкї кїндє паспорт маселеси али да болсо єтє курч бойдон калууда. Ошондуктан паспортторду алуу процессин тездетїїгє багытталган маалыматтык-тїшїндїрїї мїнєз їн дєгї чараларды кєрїї зарыл.

Ички иштер башкармалыгынын паспорт-виза бєлїмїнїн кызматкерлери Ош облусунда жарандар ын п а спорт менен камсыздоодогу кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды кєрїп, иш алып баруу су милдеттїї .

Ошондой эле сот органдарынын жарандык иштерди кароодо кээ бир фактылар боюнча туура эмес чечим чыгаргандыгына байланыштуу элдин аларга болгон ишеними кетїїдє. Мисалы, Ош автобекетинин иши кєп жылдан бери сот органдарында бир нече жолу каралып, дале болсо бир жыйынтыкка келе элек.

Отчеттук мезгилде Ош облусунун прокуратурасы тарабынан 143 кылмыш иши козголуп, зыяндын жалпы суммасы 20601,7 миў сомду тїзгєн. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын 1189,4 миў сому кайтарылган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери мындан ары коррупция менен кїрєшїїнї активдештирїїсї, кылмыштуулукка каршы иштерди жогорулатуусу жана эл тарабынан айтылган сунуш пикирлерди, суроо-талаптарды жана арыздарды єз убагында аткарууну мыйзам чегинде кїчєтїїсї зарыл.

Моюнга алуу керек, учурда жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдарын материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча маселелер толтура. Эмгек акылардын тємєндїгї да кадр маселесинде кедергисин тийгизїїдє. Мисалы, бош орундарга жарыяланган конкурстарга жаштардын катышуусу дээрлик жокко эсе.

Бирок, мындай маселелерди чечїїнїн жолдорун таап, жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдары єз иштерин жандандыруусу зарыл.

Айылдарда жергиликтїї жамааттардын иштери дээрлик начарлап кеткен. Мисалы, аялдардын, жаштардын ар кандай жамааттары бар. Ошол эле учурда жумушка жарамдуу эркектердин жамааттарынын бар экендигин уга элекпиз. Жер-жерлерде ашыкча ысырапкорчулуктагы каада-салттардын азайбай жаткандыгы да єкїнїчтїї болууда. Бул багытта айыл єкмєт башчылары экономикалык кыйын кырдаалда мындай ысырапкорчулуктардын алдын алуу боюнча эл арасында тїшїндїрїї иштерин жїргїзїїсї зарыл.

Єлкєбїздїн Президенти кадрлар дарегине катуу сын-пикирлерди айтып, аларды канткенде жолго салуу керектиги тууралуу конкреттїї кєрсєтмєлєрдї берип, талап кылууда.

Биздин максат элдик ыўкылаптан кийин, канткенде элибиздин турмушун оўдойбуз, канткенде арабызга таза адамдарды тартып, коррупцияны бєгєп, жеп-ичкич, абийирсиз жетекчилерден, алкымы бузук адамдардан арылабыз, канткенде жакырчылыкты жоюп, элибиздин материалдык, социалдык-экономикалык, руханий дїйнєсїн жогору кєтєрєбїз.

Ошондуктан туугандар, биздин алдыбызда жоопкерчиликтїї чоў милдеттер турат. Бизге кадрлардын курамын жакшыртуу, алардын кесиптик адистиктеринин даярдыгын жогорулатуу, тапшырылган иш участоктору їчїн жоопкерчилигин кїчєтїї, аткаруучулук тартибин чыўдоо боюнча кєзємєлгє алып, ар бир кызматкерге катуу талапты коюу мезгили бышып жетти.

Азыркы мезгилде ар бир бийликтеги адам эл менен тыгыз байланышта болуусу керек. Арыз-даттануулар менен кайрылганда суроо-талаптарына толук, маанилїї, жалпак тил менен тїшїндїрїї зарыл. Айрым жетекчилер убагында жооп бербегендиктен, даттануучулар жогорку баскычтагы бийликке кайрылууга аргасыз болушууда жана арыз ээлери бийликке нааразы болушуп, єз мїдєєлєрїнє жетпей калышууда.

Єлкєдє болуп жаткан єзгєрїїлєр жер-жерлерде аткаруу бийлигинин органдарынын структурасын жана ишин сєзсїз єркїндєтїї зарылчылыгына алып келїїдє.

Президентибиз Курманбек Салиевич былтыр жакшы саамалык баштап, жетекчилердин эл менен болгон жолугушууларына кєп кєўїл бурду. Анын жыйынтыгында кєпчїлїк маселелер жеринде чечилїїдє жана акимдердин, райондук жетекчилердин, айыл єкмєт башчыларынын жїргїзїп жаткан иштерин эл алдында чогуу-чаран сїйлєшкєнгє жакшы шарт тїзїлїїдє. Ар кандай арыз-муўу бар адам райондун же облустун борборуна барам деп убара тартпай, єз кєйгєйїн жеринде чечїїгє мїмкїнчїлїк алууда. Бул саамалыкты улантып, эл менен болгон жолугушууларды мындан ары да тынымсыз єткєрїп туруу керек.

Ар бир шилтенген кадамыбыз менен кєздєгєн максатыбыз Мекенибиз жана карапайым элибиз їчїн болсун. Биз паракордукту жойбосок анда мыкты кадр тандоо эч качан амалга ашпайт. Биз адамдардын сырткы келбетине, кошоматчыл мамилесине эмес, ишмердїїлїгїнє карап мамиле жасай билели. У шуга убакыт келип жетти деп ойлойм. Эми єнїгїїнїн ачкычы єз колубузда турган чакта чын ыклас, бийик максат менен натыйжалуу иштеп, калк арасындагы кадырыбызды ушул жол менен кєрсєтєлї.

Ойлоп кєрєлїчї, Кыргызстан єз башынан оор-жеўилдин баарын єткєрдї. Элден єткєн калыс жок демекчи, мындай учурларда кайсыл жетекчи элдин турмушшун жакшыртуу багытында канчалык деўгээлде єз салымын кошо алды эл єзї таразалап, калыс баа берет. Єзїбїз да мен жетекчи катары, инсан катары элиме эмне жакшылык кыла алдым деген суроо менен жашасак, натыйжалуу ийгиликтерди жарата алабыз.

Статистиканы, курулай эсепти туу тутпай, ар дайым негизги ишти кеп кылалы. Мойнубуздагы милдеттер ашыгы менен аткарылсын. Жетекчилердин мамлекеттик жоопкерчилиги болууга тийиш.

Эл ким эмне иш бїтїрдї, кандай кемчиликтерге жол койду - баарын кєрїп-билип тура т . Байкалбай, угулбай кала турган эч нерсе жок. Ушуну унутпайлы, урматтуу жетекчилер .

Ошондой эле бїгїнкї жыйындын жалпы катышуучулары, урматтуу облус жана район жетекчилери, сиздерге дагы бир жолу талап катары айта кетмекчимин, ар бириўиздер єз мойнуўуздардагы жоопкерчиликти сезе билип, ишенип тапшырылган кызматка кыянаттык кылбай, патриоттук сезим менен, эл кызматын аткарууну бийик деўгээлге кєтєрсєўїздєр. Анткени Ош облусунун элинин, ошондой эле жалпы Кыргызстандын элинин эртеўки келечеги сиз жана биз, ар кандай баскычтагы жетекчилердин иш-аракеттерине тыгыз байланыштуу. Эгерде бїгїн сиздер эл ишеничин актай ала турган болсоўуздар, анда эртеў биздин келечек муунга карызга батып кыйроо алдында турган Кыргызстанды эмес, гїлдєп єнїккєн, бакубат Кыргызстанды єткєрїп берїїгє толук шарт бар деп эсептейм ин .

Сєзїмдї кыргыз элинин XIII кылымдагы улуу ойчулу, бїгїнкї кїндї алдын-ала кєрє билип, бизге єз насааттарын айтып кеткен даанышманы Кетбуканын «Сак болгун» деген ыры менен аяктоону туура кєрїп олтурамын.

 

Кєгїш тоону кыян жууп, кєрк бузулат сак болгун.

Кєсємдєрїў элди алдап, кєч бузулат сак болгун.

Єзєгїнє єрт таштап, єз бузулат сак болгун.

Сєєлєтїнєн ажырап, сєз бузулат сак болгун.

 

Салкын тоону кыян жууп , салт бузулат сак болгун.

Намыс тїгєп ар тїгєп , нарк бузулат сак болгун .

Кара тил и калп минип , карт бузулат сак болгун .

Калыс сєзїн айта албай, калк бузулат сак болгун.

 

Кызыл тоону кыян жууп , кырман качат сак болгун .

Кыз-уланыў дїйнє кууп, кырдан качат сак болгун.

Кырды тїздї жат элге, кыйган качат, сак болгун.

Кылгылыкты кыргызга , кылган качат сак болгун.

 

Тулпар тоону кыян жууп , тул болосун сак болгун .

Кудагыйсыз кудасыз , кун болосун сак болгун .

Кубат кїчїў соодалап, пул болосуў, сак болгун.

Кудуреттїї элдерге , кул болосуў сак болгун .

 

Баарыўыздарды кирип келе жаткан Жаўы Жылыўыздар менен жана Курман Айт майрамыўыздар менен алдын ала куттуктап коюуга уруксат этиўиздер! Жаўы Жыл бизге чоў-чоў ийгиликтерди алып келип, кыргыз эли їчїн ооматтуу жылдардан болсун демекчимин. Баарыўыздарга бейпилдик, молчулук, ынтымактык, бийик дєєлєт каалайм.

 

Кєўїл бурганыўыздар їчїн чоў рахмат!!!

Ainoaagnoaaiiue eioagiao iigoae

Iigoae ainoaagnoaaiiuo oneoa

Oaiogaeeciaaiiay aaca aaiiuo EG

EIAOE "Eaaag"

Igaceaaio Eugaucneie Ganioaeeee

?iaigeo Ea?ao Eugaucneie Ganioaeeee

Eiiieaeniay iniiaa gacaeoey Eugaucneie Ganioaeeee

Caeiiiaaoaeunoai EG

Aaaouee igiaaeaag Eioagiao a EG

Ioeguoue Eugaucnoai

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg