Сактангыла, садагалар!
КУШТУМОО КЫТАЙДАН ЖЫЛЫП ОШТУ КАРАЙ КЕЛАТАТ!
Сонку маалыматка таянсак, куштумоо 166 замандашыбызга жугуп, анын 85и жарыкчылык менен кош айтышты. Мисалы: Камбоджада торт киши ооруса, баары тен олуп тынды. Ал эми Кытайда 9 жарандын 6сы, Вьетнамда 93тун 42си, Туркияда 21дин 4у, Таиландда 22нин 14у, Индонезияда 17инин 15и токтоосуз оо дуйного аттанды.
Дуйнонун 17 олкосундо куштумоонун вирусу ото опурталдуу экендиги такталды. Мындай мамлекеттердин сабына Кыргызстанга коншулаш Казакстан, Кытай, алакасы тыгыз Орусия, Туркия кошулгандыгы, албетте, кабатырлантпай койбойт. Анткени, аталган аймактарда учурда кооптуу кырдаал тузулуп, 300 миллион шектуу канаттуу атайылап кырдырылды.
Сонку мезгилде Ош облусу соода-сатык, туризм жана коммуникациялык байланыштарын кенейтуу максатында Жер шарынын бардык булун-бурчундагы мамлекеттер менен алака тузууго катуу киришти. Демек, мындай шартта Кыргызстандын бул дубанына реалдуу биотеррор коркунучу туулуп атканын жаап-жашыруу жарабас.
Ош жергесине куштумоо каптаган мамлекеттерден канаттууларды жана алардан ондурулгон продукцияларды ташып киргизууго убактылуу тыюу салынган. Ошого карабастан айрым бизнесмендер миллиондогон мекендештерибиздин тагдырына тукуруп жатканы окунучко салат. Маселен, 2005-жылдын сентябрь айында Алай районуна караштуу Эркечтам бажы постунан Кытай ондурушуно таандык 92 мин даана жумуртка откорулгон. Кумондуу продуктуларды ошерде кузотто турган облветбашкармалыктын жана бажыкананын кызматкерлери текшерууго жараган эмес. Бактыбызга жараша, тукум партиясы Ош шаарында кармалып, атайын комиссия чечиминин негизинде жок кылынды. Аймактык финполиция айыптуу тараптарга кылмыш ишин козгоп, тергоону тездетип, сот ондурушуно жонотту.
- Облветбашкармалык (начальниги Ислам Абдымомунов), облсанэпиднадзор (башкы дарыгери Абдумалик Парханов) тийиштуу денгээлде иш жургузбой атат, - деп кейип-кепчиди Ош облусунун прокурору Анарбек Калматов. – Эл кыдырып, массалык маалымат каражаттары аркылуу конгуроо кагыштын ордуна жылуу кенселеринде жалган отчетторду жазып олтурушат. Башкасын айтпайын, мен жергиликтуу «Ош жанырыгы», «Эхо Оша» гезиттерин узбой окуйм. Бир жылдан бери бул басылмалардын беттеринен ветеринарлар, санитарлардын окурмандарды дурболонго салган бир дагы макаласын коргон жокмун. Куштумоонун кесепети жонундо 4-5 мин нуска брошюра бастырып, таратып атабыз дешет. Анысы элетке жетээри кумон, канчалаган акчаны жон эле шамалга чачып жатышат.
Чындыгында, ветеринардык, санитардык, ошондой эле карантин (куйгондон карантун деп да атагын келет экен) кызматтары тарабынан келгин куштардын багыты, тунок-жайы эмдигиче аныктала элек. Базарлардагы жана соода-сатык туйундорундогу канаттуулар продуктуларын анализдоо конул борборунда эмес. Чегара, бажы органдары коп мыйзамсыз фактыларга коз жууп жаткандыгы жан кейитет.
- СПИД биринчи босогобузду аттаганда да кулгонбуз. Тилекке каршы, азыр анын азабын куп тартып жатабыз. Ушул сынары куштумоого да далыбызды салып таштадык . – Ош облусунун губернатору Адам Закиров санаасын жашырбады. – Эпидемияны профилактика жасаганга 1,5 миллион евро болунгон экен. Биздин структуралар алигунчо сокур тыйынын да ала элек. Эгерде дуйнолук уюмдардын гумжардамын кутуп жамбаштап жата берсек, эртеге куштумоо каптап кирсе, коргулукту ошондо коробуз. Ошондуктан, тийиштуу мекеме-ишканалардын башчыларына кечиктирилгис милдеттерди тактым. Эгерде жалгыз ЧП катталса, алар керт башы менен жооп берет, а тугул соттолот.
Башында да белгилегенбиз, эми да кичине кошумчалап коелу. Миндеген оштуктар Меккеге сапарлап зыярат кылып кайтышты. Жолдо алардын копчулугу куштумоо вирусу жойлогон Туркия, Казакстан республикаларына токтолуп, туноп-конушту. Алардын саламатчылыгын текшерип, козомолдогон пенде жок. Дегинкиси, кай жакты караба – кайдыгерлик. Анын акыры чон трагедияга кептебесе болду.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облус губернаторунун басма соз катчысы