Жумушчу сапар баяны
ТООЛУКТАР КЄЙГЄЙДЄН КУР ЭМЕС
Баштатан ушундай. Аскасы асман челген Алай, Чоўалай райондоруна чоўдор кем каттайт. Барышса да, узун-узун убадаларды чубатып, бирок, тоодон бери ашканда унутуп да коюшат. Муну илгиртпей баамдаган Ош облустук мамадминистрация башчысы-губернатор, КР Президентинин тїштїк аймагы боюнча ыйгарымдуу єкїлї Жантєрє Сатыбалдиев ар айылды тїрє кыдырып, єзїнєн мурунку коллегаларынын катачылыктарын кайталабоого ниеттенди.
АЛАЙ РАЙОНУНУН Будалык айыл єкмєтї єтє опурталдуу чєлкємдє жайланышкан. Табийгат кырсыгына кєп чалдыгат. Ошондуктан, 706 кожолук жамгыр жааган сайын изоляцияда калып, тыш дїйнє менен алака тык токтойт. Жаратылыш апаатынан катуу жабыркаган 234 їй-бїлє ушул тапта коопсуз жактарга кєчїрїлїїгє муктаж.
– Кичине чыдай тургула. Ош шаарына канатташ Карасуу районунун Ишкаван кыштагынан зарыккандарга участок бєлїнєт. Ал эми бул жерди азыр да байырлагандарга жол жагынан камкордук кєрїлєт. Министрлик кєпїрєлєрдї оўдоп-тїзєп, атайын транспорт да ажыратылмакчы. Албетте, ссуда маселеси кендирди кесип атат. Бирок, бул багытта сїйлєшїїлєр улантылмакчы, - деп Ж. Сатыбалдиев суроо жаадыргандардын демин басты.
Калган айылдарда деле автожол тїйшїккє салган кез. Тиричиликке сугат жерлер тартыш. Таза суу да таўкыс. Мунун айынан жугуштуу оорулардын тїрлєрї кєбєйїп баратат. Медициналык адистер жетишсиздигинен улам райондук жана облустук борборлорго убарагерчилик тартышкандыгы єзїнчє азап. Телефондор оўчулуктуу иштебегендиктен, сырттагы бала-чака, тууган-урук менен байланыш кєкїрєктї єйїгєн кєйгєйгє айланып олтурат.
Баарынан сарымоголдуктардын арманы ашып тїштї. Айыл 2002-жылдын ноябрында Кыргызстандын карамагына биротоло тартууланган. 3100 калктын 625и эмдигиче Кыргыз жарандыгына зар. Президенттин алдындагы атуулдук ыйгаруу комиссиясы (тєрайымы Жамал Ташибекова) акыбалды дурус билет, бирок, проблемага чекит койгонго жарай элек. Ушул аймактан шайланган Жогорку Кеўештин спикери Марат Султанов да кємєктєшкєнгє убада кылып, анысынын єтєєсїнє чыкпай атат. Мунун кесепетинен 43 бїтїрїїчїнїн 21и паспортсуз калып, окууга тапшыруу мїмкїнчїлїгїнєн ажырап олтурат.
ЧОЎАЛАЙ РАЙОНУНА караштуу Кашкасуу айыл єкмєтї туризмге абдан ыўгайлашкан. Себеби, дїйнє жїзїндєгї эў бийик Ленин чокусу, ошондой эле альплагерь ушерде жайгашкан. Тилекке каршы, аны орундуу пайдалануу жайында эмес. Турфирмалар арасында башаламандык байкалат. Аталган айыл єкмєттє 30-40 їй-бїлє авария кырында турат. Калк таза суу ичпегендиктен, сарык илдетине чалдыккандар бар. Катаал шарттан улам азык-тїлїк, айрыкча, дан, ошондой эле отун-кємїр бїгїн чоў проблема.
Чак айылынын балдары їч жылдан бери мечитте окушат. 320 орундуу Кєксуу мектебин єзгєчє кырдаал министрлиги эмдигиче бїтпєй убара. Элдин айтымында, МЧС эми бїтпєгєн курулушту агартуу министрлигине шылтап кутулуптур. Айтор, окуучулардын тагдырын футболдой ойногон заман. Биз барганда чактык кыз-уландар бїтїрїї сынагын айталаада тапшырып атышыптыр. Жогорку Кеўештин экс-спикери Абдыганы Эркебаев, жол, транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов, белгилїї ишмер-илимпоз Мурат Токтобеков чоўойгон кыштактын акыбалы мына ушинтип мышык ыйлагыдай кейипте.

Жекенди айыл єкмєтїндє 1999-2000-жылдары Баткен согушуна катышкан жигиттердин арманы аттын башындай. Алардын укугу ооганчыларга теўештирилиши кажет. Мындан тышкары Єзбекстан ошол мезгилде жєнсїз бомбалаган Кратейит дале оўоло элек. Аба соккусунан жабырлануучулардын кєпчїлїгї сакайгыс дартка чалдыкса, бирєє биз барганда кєз жуумп, кємалбай олтурушуптур. Муну угуп, чындыгында, кабыргабыз кайышты.
Кыргыз парламентинин тєрагасы М. Султанов шайлоочуларынын єтїнїчїн орундатып, Чоўалай борбору Дарооткоргондон республикабыдын экинчи башкалаасы Ош шаарына автобус каттатып аткан экен, башка айылдагылар атаандашып, буга капачылыгын ачык билгизишти. «Марат Абдыразакович баарыбызга тегиз карасын, аны теў эле шайлаганбыз» деп опурулушту чоўалайлык туугандар.
Арийне, гезит кєлємї чектелїїлїгїнєн улам алайлыктардын жана чоўалайлыктардын муў-зарынын бардыгы макалабызга сыйгыдай эмес. Ошого карабастан кыстара кетїїгє тийишпиз: губернатор, КР Президентинин тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї Ж. Сатыбалдиев жарааты жеўил маселелердин тїйїнїн жеринде жандырды. Орчундууларын ээрчите барган республикалык, облустук алкактагы тармактык жетекчилерге табыштап, жакын арада сурагы катуу болоорун эскертти. Ошондой эле элеттиктерди «алма быш, оозума тїш» психологиясынан тезирээк бошонуп, жапырт эмгектенїїгє їндєдї.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы