title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

Новости
Губернатор
Промышленность
Бизнес и Экономика
Социальная политика
Туризм
Сельское хозяйство
Районы
История г. Ош
Фотогалерея
Справочник

 

•  Бетме-бет

Жантєрє САТЫБАЛДИЕВ: «ЖЕТЕКЧИЛЕРДИН УЛУТУНА, ЖЕРДЕШТИГИНЕ КАРАП ТАНДАЛЫШЫНА КАРШЫМЫН!

Республикабызда, анын ичинде Ош облусунда 80 тїрдїї чоў-кичине этнос жашайт. Кыргыздардан башкасынын дээрлик улуттук-маданий борборлору бар. Демек, кичинекей Кыргызстанда укугубуз тебеленди деп айгай салууга шылтоо жок. Орчундуу маселелери мамлкет жетекчилигине кабыргасынан коюлуп, кечеўдетилбестен чечилип атпайбы.

- Улуттар аралык алакага от жакпайлы, тескерисинче аяр мамиле жасайлы. Ар бирибиз тентектерди, айрыкча оозуна алы жетпегендерди тыялы, - деп Ош губернатору, КР Президентинин тїштїк аймагы борюнча толук ыйгарымдуу єкїлї Жантєрє САТЫБАЛДИЕВ дубандагы улуттар каймактары менен жолугушканда дал ушинтип кесе сїйлєдї. - Мына, облусубузду 9 ай єзбек жигит башкарды, эмне, проблема азая тїштїбї? Жок! Эсиўерге бекем тїйїп койгула: жетекчилердин улутуна, жердештигине карап тандалышына мен караманча каршымын!

– Карапайым калк, кудайга шїгїр тыптынч эле. Кырдаалды саясатчы сєрєйлєр курчутуп атышат, - деп чырылдады ардагер Мухтар НУРГАЗИЕВ. – Эмне, 90-жылкы кандуу окуяны унуттуўарбы? Кыргыз-єзбек эчендеген кылымдар бою коюн-колтукташа жашап келаткан элбиз. Андыктан, сиздердин «жашообуз жаман» дегенге таптакыр акыўыздар жок. Эч ким а тїгїл мышыгыўарды «пыш!» дей элек. Кичине ойлонбойсуўарбы, 25 миллион калкы бар Єзбекстанда чоў жетекчи турмак бир звеньевой кыргыз жок.

Халил ХУДАЙБЕРДИЕВ, ОшТВ телекомпаниясынын директору: - Облустук юстиция башкармалыгынын начальниги Эрмамат Кожакматов МезонТВ, ОшТВга «Массалык маалымат каражаттары жєнїндє» мыйзамды одоно бузуп атасыўар деп асылды. Оштун № 1-юристи бизди кесиптештерибиздин кєзїнчє ачык айыптап, аз жерден кылмышкерге теўеп таштады. Бийликтегилер ушинтип олтурушса, єзбек тилдїї массалык маалымат каражаттары кантип єнїгєт? - Халил иним, айып этпе? Тиричилик алкагындагы проблемаларды мамлекеттик деўгээлге кєтєрїп, ызы-чуу салыштын кажети не? – Ош шаардык Кеўешинин депутаты Орозбек Акимбаев агалык кебин кыйытты. – Єзбек туугандарым улуттук-маданий борбор тїзїп атканда, кулагына кумча куйгам. «Силер кыргыздардай эле тїпкї калксыўар. Диаспорага окшоп уюшканыўар уят!» деп. Кенебей койбодуўарбы? Ошондуктан, Жогорку Кеўеш депутаты Кадыржан Батыров жетектеген Жалалабаттагы борбор коомдук уюм сыўары саясатка кымындай да кийлигишкенге акысы жок. Менимче, тиешелїї органдар бул єўїттє териштирїї жїргїзїп, талашка чекит койгону оў.

Акын Абдырашит УРБАЕВ: - Жашырсак, ооруну єлїм ашкерелейт. Бирок, чынында, бизде єзбек тили проблемасы жок. Мына, Малайзияны мисал тартайын. Мамлекеттин 30 пайызы малайзия, 70 пайызы кытай улутунан куралган. Экинчиси биринчисине жол бошотуп, малайзия тилине мамлекеттик статус ыйгарып, мамыр-жумур жашап жатышат. Биз эле? Бїгїн єзбектер, анан тажиктер, дагы башкалар кєтєрїлїп олтурса, эмнебиз калат, ыя? Туугандар, бїгїн тилге статус, эртеў автономия, бїрсїгїнї эгемендик сурашыўар мїмкїн. Кечиресиўер, минтип Кыргызстанды майдалап бїлїнтїїгє жол койбойбуз! – деп кєпчїлїктїн жїрєгїндєгїсїн жар салды.

Диалог кургандар соўку кезде массалык маалымат каражаттарынын бетинде жайнаган талылуу маселенин тегерегинде кыйлага кырчылдашты. Улут каймактары тынч коомго бєєдє бїлїк салган єзбек туугандардын дарегине ачуу-таттуу сын агытышты.Телибай тентектерди тыюуга їндєштї.

- Єткєєл мезгилде улуттар аралык чыр-тополоўду курал кылып пайдаланууну кєздєгєндєр тереў жаўылышат, - деп жыйынды жыйынтыктады Ош облустук мамлекеттик бийлигинин башчысы Ж. Сатыбалдиев. – Калкты кайраштыргандарга мындан ары мыйзам чегинде чара колдонулат. Андыктан, от менен ойноону эўсегендер тереў ойлонуусу абзел.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы

Ainoaagnoaaiiue eioagiao iigoae

Iigoae ainoaagnoaaiiuo oneoa

Oaiogaeeciaaiiay aaca aaiiuo EG

EIAOE "Eaaag"

Igaceaaio Eugaucneie Ganioaeeee

?iaigeo Ea?ao Eugaucneie Ganioaeeee

Eiiieaeniay iniiaa gacaeoey Eugaucneie Ganioaeeee

Caeiiiaaoaeunoai EG

Aaaouee igiaaeaag Eioagiao a EG

Ioeguoue Eugaucnoai

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg