title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

Новости
Губернатор
Промышленность
Бизнес и Экономика
Социальная политика
Туризм
Сельское хозяйство
Районы
История г. Ош
Фотогалерея
Справочник

 

•  Жумушчу сапар баяны

Жантєрє САТЫБАЛДИЕВ: «ЖАМБАШТАП ЖАТКАН ЖАРЫБАЙТ» 

Ош облустук мамлекеттик администрация башчысы – губернатор, КР Президентинин Тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї Жантєрє Сатыбалдиев бул жолку жумушчу сапарын Ноокат жана Араван райондоруна багыттады.

Ноокат районунун калкын «сары алтын» санаага батырганчалык бар. Себеби, тамеки наркы кєтєрїлбєгєндїктєн, аны эгїїдєн айныгандар толтура. Ошондой эле бул аймакта таза суу, урук, паспорт, їлїш жер проблема экендиги жашоочулардын суроолорунан ачык билинип турду.

Ал эми Араван жергесинде Ж. Сатыбалдиев адегенде Токтогул атындагы орто мектептин босогосун аттады. Агартуу мекемеси єткєн кылымдын 70-жылдарында курулуп, кийинчерээк чєгє баштаган. Ошондуктан, жаўы жайга кєчїрїлїп, єзїнчє тїтїн булатууга муктаж. Премьер-министр Ф. Кулов бул максатка алгач 1 миллион сом которткон экен, ишти долбоорлоо кечеўдетилип жатыптыр. Губернатор архитекторго кечиктирилгис милдет такты.

Андан соў Жантєрє Жолдошевич дыйкан жана їрєнчїлїк чарбаларын кыдырып, аларга караштуу талааларды зерикпей аралады. Исраилжан жана Исмаилжан Абдурасуловдор 2 гектар аянтка эккен картошка, пияз, болгарски, пахта, капуста, помидор єсїмдїктєрїнїн тїшїмїн кєрїп, ичи жылыгандыгын билдирди. Калган мээнеткечтерди да ушундай чын дилден эмгектенїїгє їндєдї.

Ошол эле учурда їрєнчїлїккє ойдогудай кєўїл бурулбай жаткандыгына кабатырланды: - Єзбекстан, Кытайды карап їмїт этпей, аравандыктарды єзїбїздїн чигит менен камсыз эткенге їйрєнбєйлїбї, ыя? – деп губернатор Ж. Сатыбалдиев чарба жетекчиси Хамидулло Тажибаевди жарга такады. – Албетте, урукту жанагинтип бекер таратпагыла. Дыйкандар жаман їйрєнєт. Бирок, карызды тїшїмдїн эсебинен тєлєттїргєнгє ыктагыла. Анан Уставыўарды кайрадан караштырып, мамлекеттик менчик тїрїнє єткєрбєсєўєр, эгер Єкмєт силерди тїздєн-тїз кубаттаса, башка жамааттар да атаандашы мїмкїн.

Єрєєндєгї єнєр жай акыбалына кызыккан Президенттин тїштїк аймагы боюнча ыйгарымдуу єкїлї «Ремснаб» жоопкерчилиги чектелген коомуна, асфальт-бетон заводуна дагы баш багып, маселелерин тыўдады. Район акими Шамиль Артыковго мындай майда ишканаларды кєбєйтїп, жумуш орундарын арбытууну сунуш этти. Мында атактуу ишкер айым Є. Садыкованын тажрыйбасын жайылтуу зарылдыгын кошумчалады. Себеби, Тєпєкоргон айыл єкмєтїнїн чок ортосунда Єлмєскан эже эки кабат заўгыраган калкты тейлєє борборун куруп, пайдаланууга тапшырыптыр. Мекемеде 17 аял эмгектенип, бала-чакасын багып жаткандыгы, арийне, кубанаарлык кєрїнїш.

Заман кыйынчылыгына карабастан райондук оорукана да шартын жакшыртып, кардарларга мамилесин тїзєптїр. Андыктан, башдоктур, медицина илиминин кандидаты Усманжан Мамажановдун дарегине сыркоолор жалаў алкыштарын ыроолошту. Буердеги мїмкїнчїлїк башка райондордо жоктугун кошумчалабасак, кемтик толчудай эмес.

Аравансай дарыясын бойлото 17 чакырым тосмо курбаса, жээгиндеги кыштактарга кадимкидей коркунуч туулуп аткан кез. Тактап айтканда, тезинен чара кєрїлбєсє, 470 кожолук, 690 гектар їлїш жерден айрылып калаарыбыз анык. Ошондуктан, єзгєчє кырдаал министрлиги бул жаатта аракеттенбесе, бирпаста кашайып калаарыбыз ыктымал.

Мындан тышкары паспорт кєйгєйї Ж. Сатыбалдиевдин кєўїл сыртында калган жок. Айрыкча мектепти бїтїп жаткандарды жарандык документ менен токтоосуз камсыздоону РИИБнын бєлїм начальниги Шамбет Касымовго катуу табыштады.

Губернатор Ж. Сатыбалдиев Араван район активи менен жолугушканда жол, электр энергиясы, їрєнчїлїк, кїйїїчї-майлоочу заттар, жер їлїш, сугат аянттары, пенсия жашы маселелерине єзгєчє токтолду. Кризистен арылуунун жолдорун кашкайта белгиледи.

Ошол эле учурда лотерея, гезиттерди мажбурлап саттырган райондук билим берїї бєлїмїнїн башчысы Абдуллажан Базарбаевге, почта начальниги Тамара Цымбалюкка акыркы эскертїї жарыялады. Кызматына шалаакы мамиле жасагандар ордунда кєпкє турбастыгын бекем кыйытты.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы

Ainoaagnoaaiiue eioagiao iigoae

Iigoae ainoaagnoaaiiuo oneoa

Oaiogaeeciaaiiay aaca aaiiuo EG

EIAOE "Eaaag"

Igaceaaio Eugaucneie Ganioaeeee

?iaigeo Ea?ao Eugaucneie Ganioaeeee

Eiiieaeniay iniiaa gacaeoey Eugaucneie Ganioaeeee

Caeiiiaaoaeunoai EG

Aaaouee igiaaeaag Eioagiao a EG

Ioeguoue Eugaucnoai

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg