title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

Новости
Губернатор
Промышленность
Бизнес и Экономика
Социальная политика
Туризм
Сельское хозяйство
Районы
История г. Ош
Фотогалерея
Справочник
 
27-декабрь 2005-жыл

•  Жардыруу

ОБЛМАМАДМИНИСТРАЦИЯНЫН ЖЫЙЫНДАР ЗАЛЫ БУЛГУНГО УЧУРАДЫ

24-декабрда туш оой Ош облустук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы ото чон жардырууга тушукту. Бактыга жараша адам олум-житими болгон жок.

Кушбак ТЕЗЕКБАЕВ, Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары: - Уркуя Салиева атындагы орто мектептин окуучуларына сыйлык тапшырып коюп, учунчу кабаттагы кабинетиме жаны эле кочук баскам. Саат 15ке беш-он мунот калганда жер кадимкидей титиреп, артымдан бироо КАМАЗ менен сузгондой туюлду. Ордуман шып туруп залга унулсом, администрациянын коридору будун-чан. Дароо биринчи кабатка ылдыйлап, укук коргоо органдарынын башчыларына кабар айттырдым. Анан жардырылган жыйындар залын бир сыйра караганыбызча, шаардык жана облустук ИИБ, УКК жетекчилери милдетин аткарууга киришиптир. Тилекке каршы, милиционерлер, чекисттер окуянын чоо-жайын так аныктай алышпагандыктан, коргоо министрлигинин Туштук аскерлер тобунан саперлорду чакырттык. Менимче, бул атайын жасалган акт. Кордунор го, жыйындар залынын, ошондой эле администрациянын башкы имаратынын кунбатыш тарабынын дегеле соо жери жок. Бытовой жарылуу дегенге кошулбайм, себеби, жылуулук, электр же газ системасы мынчалык коломдо атылмак эмес.

Жениш АСАНОВ, милициянын ага сержанты, облмамадминистрациянын кузотчусу: - Постто тургам. Саат 14.45тер чамасында дун эле дей тушту. Атырылып сыртка чыксам, имарат айнектери бут кубулуп калыптыр. Жыйындар залынын эски буфети тутоп атыптыр. Тегерекке карасам, дегеле кыбыраган жан жок. ИИБдегилер кабарды угуп, дароо жетип келишти. Айрымдар ушак таратыптыр, анысы кызылдай жалган, кимдир бироолор мурун-сон жардыруу болоорун эскертип бизге чалган эмес.

Абдимиталип БАКИРОВ, Кыргыз Республикасынын калкты тейлоо тармагына эмгек синирген кызматкер, облмамадминистрациянын чачтарачы: - Кардар кутуп болмомдо олтургам. Бир маалда жер солкулдап, башым дубалга катуу урунду. Кыйлага эс-учумду жоготуп коюпмун. Козумду ачып терезеден карасам, мандайымдагы чогулуш залы кыйрап калыптыр.

Жардыруунун кубаттуулугун адистер азырынча так аныктай элек. Анын устуно окуя болгон жерден далил заттар табылбай убарага салган кез.

Облус прокурорунун орун басары Фархад Сайдалиев фактынын негизинде Кылмыш-жаза Кодексинин терроризм беренеси боюнча иш козголгондугун маалымдады. Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облустук жана шаардык башкармалыгы оз версияларын билдируудон таптакыр баш тартты. Бирок, айрым ММКлар расмий булактарга таянып «облмамадминистрациянын имаратында терракт жасалып, бийликке кол салынды» деп жазып жатышат. Мунун канчалык чындыгы бардыгы адистердин корутундусунан кийин гана кеп кылууга арзыйт.

Жардыруунун зыяны аныктоо боюнча облустук комиссия уюушулду. Антсе да 500 орундуу жыйындар залынын биринчи-экинчи кабаттары толук, ошондой эле облустук тышкы экономикалык байланыш комитети, автордук укукту коргоо башкармалыгы, чарбалык текшеруу уюму, облмамадминистрациянын башкы имаратынын кунбатыш жагындагы кенселер аеосуз талкаланган. Облустук Ак Yйдyн так ортосунан жарака кеткен.

 

 Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Ош облусунун губернаторунун басма соз катчысы

 

 

 

Нормативные документы
****
КНАТИ "Кабар"
****
Законодательство КР
****

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg