title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

Новости
Губернатор
Промышленность
Бизнес и Экономика
Социальная политика
Туризм
Сельское хозяйство
Районы
История г. Ош
Фотогалерея
Справочник
 

22- февраль 2005-ж.   19-20- февраль кундору облустун губернатору Джолдошев Кубанычбек Ниязович бийик тоолуу Чон-Алай районунда иш сапары менен болуп кайтты.
Калк жашаган айыл-кыштактары дениз денгээлинен 2400-3100 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан климаты татаал ороондо сууктун кучу -28-30° С ка чейин жетип турса да жашоо оз нугунда отуп, социалдык-экономикалык кайра куруулар журуп жаткан учур.
Губернатор алгач Дароот -Коргон кыштагындагы райондук аймактык оорукананын иши менен таанышты. Бул оорукананын жана ага караштуу 4 участкалык ооруканалардын,10 ФАП, санитардык эпидемиялык козомолдоо борбору жана уй-булолук медицина борборунун ак халатчандары райондун 24 426 калкын медициналык тейлоодо кыйынчылыктарга карабастан ак ниеттуулук менен иштеп жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди.
Облустун борборунан алыста жайгашкан тоолуу райондо жергиликтуу адистерди даярдоодо №44 кесипчилик- техникалык окуу жайынын улушу чон. Губернатор бул окуу жайында болгондо жаштарды азыркы кундо талап кылынуучу кесиптерге даярдоо маселесине кызыкты.
Ал эми жакында ачылган бизнес-инкубатордо калк керектоочу товарларды чыгаруучу жана тейлоо кызматтары уюштурулуп, 15 адам иш менен камсыз болгон. Кубанычбек Ниязович бул саамалыкты дагы улантып, элди жумуш менен камсыз кылуунун натыйжалуу ыкмасы катары жайылтуу боюнча ой-сунушун билдирди. Губернатор Саид атындагы орто мектепти, №166 шайлоо участкасын коруп, айыл эли менен жолугушту.
Кубанычбек Джолдошев иш сапарын жыйынтыктаган райондук жыйында эл менен жолугушуулардан жана райондун турмушу менен таанышуудан алган таасирлерин, аймакты онуктуруу боюнча ой-сунуштарын ортого салып, копчулуктун суроо-талаптарын укту.
Жыйында губернаторго кайрылышкан Чон-Алайлык фермер Мамажакыпов Кубатидин жазгы талаа жумуштарын жургузууго даярдыктардын жоктугун, куйуучу май, техника, урон менен камсыз болуу учун кредиттоону кучотуу зарылдыгын айтса, дыйкан чарбанын башчысы Газыбеков Турсуналы ички каналдарды тазалоодо,кайра иштетуу тармагын которуудо,буудай,картошканын сапаттуу урону боюнча жардам керек экендигин билдиришти.
Ардагер Кожобеков Мизам бийик тоолуу аймакта жашашкан ардагерлердин пенсиясын кобойтуу боюнча жогорку органдарга маселе коюуну суранса,балдардын билим беруу борборунун директору Ч.Усонова борборго имарат куруу жана райондук музыкалык мектеп ачуу зарылдыгы боюнча кайрылды.
Губернатор элдин ар бир суроо талабы боюнча райондук жана облустук жетекчилерге тапшырма беруу менен бирге аткаруу моонотун белгиледи. Ошондой эле райондун элинини турмушунда кээ бир урунттуу маселелер катары аксакалдардын тарбиялык ролу ото чон экендигин белгилеп, алардын таалим-насаатын жаштарга турмуштук туура жол корсотууго,улуттук каада-салттарды сыйлоого жана атуулдук бийик сезимге ээ болууга пайдалануу керек. Элеттик интеллигенттер болгон мугалимдер менен медицина кызматкерлери ото катаал шартта эмгектенишип ,эл кызматын аткарышып жатышат.Алардын бул эмгеги бааланып,айлык акыларын кобойтууго жетишуу зарыл. Чек арада жашаган элдин башка улуттар менен ынтымагын бекемдоо да учурдун зарыл талабы.
Кубанычбек Ниязович Чоналай эли менен жолугушууларда жана райондук жыйында Кыргызстан элдеринин У курултайында Президент Аскар Акаев тарабынан коюлган талаптар жана “Таза Кыргызстан” идеологиясын жузого ашыруу боюнча белгиленген милдеттер боюнча кенири тушундурмо берип, элдин демилгелери менен бийлик жоопкерчилиги айкашкан учурда гана ийгиликтерге жетишуу мумкун деп айтты.
Губернатор Чон-Алайдан кайтып келатып откон жылы Тажикстандын курамынан болунуп,Алай районуна кошулган Сарымогол айылынан кабар алып,эл менен жолугшту жана бул жердеги кээ бир маселелер боюнча аткарыла турган иштерди белгиледи.

З.ПАСАНОВА

 

Нормативные документы
****
КНАТИ "Кабар"
****
Законодательство КР
****

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg