title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

Новости
Губернатор
Промышленность
Бизнес и Экономика
Социальная политика
Туризм
Сельское хозяйство
Районы
История г. Ош
Фотогалерея
Справочник
 

21-ноябрь 2005-жыл.

* Жумушчу сапар баяны

ЖАМБАШТАП ЖАТЧУ КЕЗ ЭМЕС

Губернатор Анвар Артыков бул жолку сапарын бекеринен Карасуу районунун Бекжар, Алгабас айылдарына багыштаган жок. Аталган кыштактардын жашоочулары Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиевге кат жолдошуп, армандары аттын башындай экендигин билдиришкен.

Ош облустук мамлекеттик бийлигинин башчысы А. Артыков дарегине Президенттик администрациядан тушкон арыз боюнча комиссия тузуп, карамагындагыларды убарага салбастан, озу тийиштуу жетекчилерди, райондун акими Марат Жумабековду ээрчитип эки кыштакка кутуусуз кирип барды. Ага жараша чогулган калайык койгойлорун чекесинен сайрап, жергиликтуу бийликтин тоболдорун жарга такашты.

Алгабастагы 16 уй-булону жаратылыш кырсыгы тооругандыктан, Кайрагачка кочурулгон. Аларга жер участогу болунгону менен, эмдигиче ссудадан дайын жок. Биз барганда маёдайдагы добо кадимкидей жарылып, кочколу аран туруптур. Эгер ал жарылса, алгабастыктардын далайынын шоруна калчудай. Ошондуктан, А. Артыков бул жерге озгочо кырдаал министрлигинин адистерин токтоосуз чакырып, эл арасында тушундуруу иштерин жургузууну райакимге, облмамадминистрациянын тийиштуу болумдоруно абдан табыштады.

Президентке Кайрылууда жазылган койгойлордун копчулугуно жеринде чекит коюлду. Маселен: жаны жылдан Бекжарга ФАП курулуп, тапшырылат. Ошондо анын эски ордун клуб, китепкана катарында пайдаланууга мумкунчулук тузулмокчу. Чоёдор келээрдин астында телефон туйуну орнотулуптур. Ильич шамы мындан ары узгултуксуз жанып туруусу учун кыйраган мамыларды жаёылоо процесси башталды. Электр энергиясына жеёилдикти бекем козомолдоо "Ошэлектро" акционердик коомунун жетекчилигине милдеттендирилди. Таза суу боюнча долбоор жазылып, аны АРИС программасына коштуруу кубатталды. Буюрса, бир аптанын ичинде бекжарлыктар, алгабастыктар Кыргыз улуттук телевидениесин толук кандуу коруусуно оболго тузулот.

Антсе да, кендирди кесип, чон каражатты талап эткен маселелер дале башты оорутуп турган чак. Мисалы: жайыт талаш узакка созулчудай. Элеттен район, облус борборуна автобус каттатуу, мугалимдердин жетишсиздиги, окуу куралдарынын танкыстыгы, мончо, спорт зал, чачтарачкана, бут кийимдерди оёдоочу устакана бугун, же эртен эле чечилиши кыйын.

Губернатор А. Артыков калган проблемаларды чечуудо райондук бийлик аракетин жандандыруусун, зарыл учурда озу да туздон-туз комоктошоорун кыйытты. Тоолуу кыштактарга аким М. Жумабеков такыр каттабагандыктан, Кашкаркыштак айыл окмотунун орун басары Камал Исмаилов баштап аны "Марат Жусупбеков" деп тааныбай олтургандыгы айылдыктардын даттануусу тууралыгын дагы бир ирет туюндургансыды.

Албетте, Акаев режиминде 15 жыл бою топтолгон проблемаларды бир-эки жылда чече коюу сыйкырчынын да колунан келбес. Бирок, акимдер, айыл окмоттору элеттиктердин кем-карчын жакындан билип турушса, ашыкчалык кылбас.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Ош облусунун губернаторунун басма соз катчысы

 

 

 

Нормативные документы
****
КНАТИ "Кабар"
****
Законодательство КР
****

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg