21-ноябрь 2005-жыл.
6000 УЙ-БУЛО АЙТАЛААДА КАЛАБЫ?
ШИБЕГЕНИ ШЫПКА КАТПАГЫН!
Баары бир оркоюп корунуп калат. Анын сынары вице-премьер-министр А. Мадумаров жетектеген Окмот мучолору Ж. Рустенбеков (озгочо кырдаал), А. Анарбаев (айыл, суу чарба, кайра иштетуучу онор жай), Н. Сулайманов (коммуникация, байланыш, транспорт), Е. Семененко (эмгекти коргоо), О. Лаврова (соцфонд) жана турак жай департаментинин директору А. Тазабекова проблемаларды жеринде байкаштыруу максатында Ош облусун кыдырышты.
Облустук жана Озгон шаарындагы жыйында кышка даярдык, табигый кырсыктан жапа чеккендердин акыбалы, астыдагы айыл окмотторун шайлоо сыяктуу маселелер кабыргасынан коюлду. Жети райондун акими отчет тапшырып, улкон аткаминерлердин сынына жана каарына кабылды.
- Биздин дарегибизге ыракматынарды азыраак айтып, кобуроок иш кылгыла! - деди Адахан Кимсанбаевич Алай акими Жумаш Калыбаевдин утуру ыраазычылыгынан тажаганда. - Эгерде айыл окмотторун шайлоодо административдик ресурстарды пайдаланганынардын шеги билинсе, Бишкекке чапкылап, же ортого киши салбай эле койгула. Андан коро коштошуп жолго тушконунор он.
Эн кейиштуусу: актив учурунда Окмот башчысынын орун басары "бээ" десе, айрым акимдер "тоо" деп, залда олтургандарды кыйла иренжитти. Кышка даярдык начардыгын, жаратылыш апаатынан жабыр тарткандарды коопсуз жайларга кочуруу жайында эместигин район жетекчилери ачык эле туйдуруп коюшту.
КЕЧИГИП КАГЫЛГАН КОНГУРОО
Быйылкы сел, суу ташкын жана жер кочку Ош облусун ого бетер сызга олтургузду. Аймак табигый кырсыктан 100 миллиондон ашык сомдук чыгым тартты. Албетте, бул цифра да так эмес, талашка жем таштап аткан кези.
Ал эми облуста жаратылыш апаатына кабылып, уй-жайы жараксыз болгондордун санын да эмдигиче эсептей алышпай жетекчилердин эси ооп турган чак. Мисалы, вице-премьер министр Адахан Мадумаров 6000ден ашык десе, Окмоттун астындагы турак жай департаментинин директору Айчурок Тазабекова 2205ти чамалатат. Аймак башчылары 3163 тутун запкыга учурагандыгын тажабай кайталап келатышат.
Ушул тапта коопсуз жайларга шашылыш кочурулууго муктаждардын басымдуулугу тууган-уруктарыныкында жана чатырларда адам баласы чыдагыс шарттарда жансактап жатышат. Тоолуу райондордогу кээ бир мектептер убагында бутпой калгандыктан, сабактар дале мечиттерде, жеке уйлордо жана чатырларда окулуп атканына мына экинчи жылга айланды. Элеттиктердин мунуна, коз жашына жогорку бийлик далысын салып койгондугуна эл-журт абдан кападар.
- Калктын койгойун чечесизби, же жокпу? Эл кышта айталаада калат. Дагы укпасаныз, кочого толкуп, бош жаткан уйлорду басып кирип алгандан да кайтчу туру жок, - деп Ош облусунун губернатору Анвар Артыков заманасы куурулганда туштукто сапарлап жургон А. Тазабекованы жакалаганчалык бар.
Айчурок Чолпонбаевна: «Экономика жана финансы министри Жапаровго кайрылдык. Жообун кутуп жатабыз» - деп ого бетер жанды кашайтканда, аны ээрчитип жургон Адахан Кимсанбаевич туурадан опурулду.
- Эмне, кимге кайрылаарынызды билбей калдынызбы? Деги мурда каякта жургон эмесиз? Карыш жерде туруп сегиз айдан бери мага кирип, же телефон чалганга убакыт таппасаныз, буткон экенбиз? - деп А. Мадумаров кыйла кызандады.
Вице-премьер-министр Адахан МАДУМАРОВ:
«ССУДАСЫ КОЛГО ТИЙБЕСЕ, ЭЛ КАЙДА КОЧМОК ЭЛЕ»
- Адахан Кимсанбаевич, Акаев доорунда да мындай тенсиздикти корбогонбуз. Окмоттун оз жарандарынын тагдырына кайдыгер, жоопкерчиликсиз мамилесин кандайча тушундурмокчусуз?
- Терен жанылышасыздар. Жоопкерчилигибизди сезгенибиз учун тиешелуу министрлерди, тагыраагы Окмот мучолорунун тен жарымын ээрчитип, проблемаларды жеринде андап-билдик. Албетте, кырдаал курч. Ошондуктан, маселени Президент, Премьер-министр катышкан чон жыйында кабыргасынан коюуну чечтик.
- Чечкиндуу кадам жасаганга эркиниздер жетеби?
- Баары келип финансылык кыйынчылыкка такалып атат. Ошого карабастан башка тармактардагы каражаттарды буруп, жарандарды токтоосуз кочуруп, устуно уй тикелеп берууну коздоп жатабыз. Каалайбызбы, каалабайбызбы, калк талабын канаттандырып, азырынча 150 миллион сомду чукулунан тапканыбыз он.
- Сиздер го кыймылдап атасыздар. Жергиликтуу бийлик ыйлап-сыктагандан башканы билбей калды го?
- Туура баамдапсынар. Акимдер, айыл окмоттору ынгайлуу жер караштырып, зарыккандарга чек ажыратууну таптакыр унутуп коюшкан. Озунорго маалым, участогу жокторго ссуда болунбойт, а ссудасы колго тиймейинче, ишенчилик жок, эл дагы кочпойт. Ушундай чырмалышкан айлампа. Эми бул баш оорутманын туйунун тез арада жандырууну губернаторго, райакимдерге катуу табыштадык.
- Мурунку биринчи вице-премьер-министр Данияр Усонов «Акаев миллиондогон пулдарды жеп-ичип таштаптыр. Мынчасын бюджетке токтурдук» деп мактанган. Ошол каражаттарды ушундай мукурап турганда неге пайдаланбайсыздар?
- Май айынан медицина, агартуу жана ички иштер кызматкерлеринин маянасын котордук. Жаны жылдан пенсия жашын кыскартабыз. Казакстанга 17 миллион доллар карызбыз. КМШ олколору арасында Кыргызстан мучолук акысын убагында толобогон мамлекет. Аны да жойбосок, уялып буттук. Жанагы силер шек санаган миллиондор чекесинен ушундай максаттарга жумшалып жатат.
- Айчурок Тазабекованын тегерегинде ызы-чуу кептер арбын. Аны Окмоттун межилисинде карайсыздарбы?
- Албетте, Окмот жыйынында Тазабекованын жеке маселеси эмес, турак жай курулуш департаментинин жалпы ишмердуулугу созсуз каралат. А тугул койгой Жогорку Кенештин сессиясына да коюлат. Анткени, бир эле Ош облусунун муктаждыгын жайгарууга 2 миллиард сом табууга комоктошпосок, 6 мин мекендешибиздин тагдыры бычак мизинде турат.
- Кокус Айчурок Чолпонбаевнанын былыгы билинсе, кызматынан кол жууйбу?
- Жумуштан бошотуп коюу абдан женил. Эгерде одоно мыйзам бузууларга барса, башка тийиштуу жазасын да тартуусу абзел. Ансыз аткаминерлер арасында темирдей тартип орнотууга дегеле мумкун эмес.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облусунун губернаторунун басма соз катчысы