Жумушчу сапар баяны
Губернатор Адам ЗАКИРОВ: «ЖАМБАШТАП ЖАТЧУ КЕЗ ЭМЕС»
ЧАНГЕТТИН БАГЫ АЧЫЛДЫ
Ош облусунун губернатору Адам Закиров адепки иш сапарынын тизгинин Озгон районунун Чангет ороонуно бурду. Мунун да жону бар.
Чангеттиктерди район жана облус борбору менен байланыштырчу жападан жалгыз жыгач копуро эскилиги жеткендиктен улам урай турган акыбалда эле. Карапайым калктын кудайга уну жеткен белем, жергиликтуу бийлик, ошондой эле Жогорку Кенеш депутаты Улукбек Оморов ойдо-томон чапкылап журуп, Азия онугуу банкынын тилин таап 8 миллион сом болдургонго улгурушту. Натыйжасы бул: чукул арада заманбап копуро буткорулуп, минтип пайдаланууга киргизилди.
Ал эми Иляз Жумабаев атындагы орто мектеп таптакыр жараксыз деп табылып, окуучулар акыркы жылдары бироолордун уйундо, сарайларда, а тугул чатырларда билимин улантып, тагдыр сыноосуна куп чыдашты. Акыры республикалык бюджеттен 3 миллион 300 мин, губернатордун резервинен 1 миллион, райакимчиликтен 50 мин сом ажыратылып, быйылкы жылдын май айында 340 орундуу жаны мектеп жерпайы туптолду. Агартуу журтуна озгочо кырдаал министрлиги 3 миллион 133 мин сомду курулуш материалдары турундо жардамдашты. Мындан тышкары атайын марафондо дагы 49 мин сом топтолду.
Ошентип, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгы, «АБР-строй» жоопкерчилиги чектелген коому кыска моонотто мектепти жумушка чегерип, окуучулардын сообуна калды.
Чангет копуросунун ачылышына катышып, жаны мектептин ачкычын тапшырган облус губернатору Адам Закиров аталган жайлардын акжолтой болушун каалап, салтанат ээлерине баалуу сыйлыктарды жана компьютер тартуулады.
«Ош-Бишкек» жол департаментинин башкы директору Жамшитбек Калилов Чангет автожолун ондоп-тузоого Азия онугуу банкы келерки жылга 14 миллион 200 мин сом ажыраткандыгын кабарлап кубандырса, жергиликтуу калк Кыргыз телекорсотуусун корбой жаткандыгына кабатырланды. Облустук бийликтин башчысы А. Закиров ээрчите барган тиешелуу жетекчилерге акыркы маселени тездетип жайгарууну табыштады.
АРМАНЫ АТТЫН БАШЫНДАЙ
Кимдики дебейсизби? Быйыл жаз жана жай мезгилинде жаратылыш апаатынан жапа чеккендердики. Анын жону мындайча.
Июнь айында коноктогон жамгырдан улам Озгон шаарында 57 уйду сел каптаган, тактап айтканда, жашоого жараксыз. Жабырлануучулардын бешоо кыш баш бакканча там салууга улгурсо, дагы ошончосуна квартира сатып алууга акча ажыратылды.
Аймактык жарандык коргонуу болумунун башчысы Мамашарип Жусубалиевдин маалыматына таянсак, 2003-жылдан тартып Озгон районунда 673 уй-було ссудага кезекте турат. Анын ичинен 247синин гана муктаждыгы канааттандырылган. Ал эми быйыл мындайлардын катарына дагы 232 уй-було кошулуп олтурат.
Мырзаке айыл окмотундогу кырдаал да чеке жылытпайт. Аты уйкаш каналды ондомоюнча, айылды жазда дагы сел каптоосу кутулуудо. Чатырларда жансактап жаткандар суук тушкондо аргасыздан тууган-туушкандарыныкына кочуп кирип жашап атышат. Мамлекет аларга турак жай курууга жетиштуу каражат табалбагандыктан, булардын да эртени будомук.
- Жалкоолукту жыйыштырып, озунор да канал тазалаганга консонор. Мына мен, акиминер экообуз улгу иретинде ишембилик уюштуралы, - деп губернатор А. Закиров агынан жарылды. – Жашыруунун кажети жок, Окмоттун чонтогу курук, чамасы чакталуу. Антсе да, премьер-министрди тынбай тынчсыздандырып, Жогорку Кенештен суранып каражат ондургонго далалатыбыз куч. Жакында 3 миллион сом тушот. Озунор менен кенешип-танашып, аны да ото зарыккандарга чегерууну чечтик. Биз деле эптеп мумкунчулук издеп, сиздерге курулуш материалдарын арзанчылык мезгилде таап беруунун камын жеп журобуз.
Озгон шаарындагы, Мырзаке кыштагындагы жолугушууларда губернатор Адам Закиров калайык койгойун дыкаат тындады. Соболдорго ынанымдуу жоопторду кайтарды. Район акими /сонбай Абдыраимовго табийгат кырсыгынан жабыр тарткандарга жардамдашуунун башка ынгайлуу жолдорун да сунуштады.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облусунун губернаторунун басма соз катчысы