11-ноябрь 2005-ж.
Ош облусунун социалдык-экономикалык онугушунун 2005-жылдын 9 айынын жыйынтыктары жонундо
Устубуздогу жылдын 9 айында облустун экономикасынын чыныгы секторунда онугуунун туруктуу темптерин камсыз кылуу боюнча бир топ жумуштар аткарылып, отчеттук мезгилде жалпы облустун ишканалары тарабынан 386,6 млн. сомдук продукция ондурулуп, откон жылдын тийиштуу мезгилине карата осуу темпи 145,1 пайызга, же 82,6 млн. сомго коп продукция ондурулду. Ал эми онор жай продукциясынын физикалык коломунун индекси 90,9 пайызды тузду.
Мында продукция ондуруунун осуу темптерин Алай району 7,3 эсеге, Карасуу району 2 эсеге, ал эми Озгон району 117,0 пайызга камсыз кылышты. Негизинен бул корсоткуч «Ош-Озгон» жана «Эркечтам-Ош» жолдорунун курулушунун эсебинен болду.
Облуста кичи жана орто бизнеске конул бурулуп, алар тарабынан устубуздогу жылдын отчеттук мезгилинде онор жай продукциясынын жалпы коломунун 44,1 пайызы же 170,7 млн. сомдук продукция чыгарылды.
Финансы-кредит мекемелери тарабынан ишкерлерибизге 700,5 млн. сомдук кредиттер берилди, бул откон жылдын ушул мезгилине салыштырганда 225,0 млн. сомго коптук кылат, же чыныгы осуш 47,3 пайызды тузду.
Отчеттук мезгилде чекене товар жугуртуунун колому 4,8 пайызга, ал эми калкка акы толоп кызмат корсотуунун колому 10,1 пайызга осту.
Облустун тышкы соода жугуртуусу январь-август айларында 14,2 млн. АКШ долларын тузуп, 2004-жылдын тийиштуу мезгили менен салыштырганда 23,5 пайызга осту. Тышкы соода жугуртуудо эскпорттун колому 58,5 пайызын тузуп, соода балансынын сальдосу он болду.
Ошондой эле отчеттук мезгилде облустун экономикасына 11,5 млн. доллар олчомундо чет элдик инвестиция тартылып, бул корсоткуч откон жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 эсеге кобойду жана анын ичинен чет элдик туз инвестиция откон жылга караганда 1,8 эсеге коп тартылды.
Экономикабызда осуулор болгондуктан орточо бир айлык маянанын чыныгы осушу январь-август айларында 15,9 пайызды тузуп, 1214,6 сомго барабар болду, ал эми минималдык керектоо бюджетинин суммасы 1545,6 сомду тузду.
Жумушка жайгаштыруу кызматында расмий турдо таанылган жумушсуздардын денгээли экономикалык жактан активдуу калкка карата 2,8 пайызды тузуп, откон жылдын денгээлинде сакталууда. Отчеттук мезгилде облус боюнча 9639 жаны иш орундар тузулуп, бул корсоткуч откон жылга салыштырмалуу 14 пайызга коптук кылат.
Кышка даярдыктын журушу талдаганыбызда облус боюнча комур даярдоо устубуздогу жылдын 20 октябрына 76 пайызга аткарылган. Анын ичинде облустун калкы тарабынан тапшырмага карата даярдалганы 78 пайызды, саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан даярдалганы 80 пайызды тузуп, учурда комур даярдоо улантылууда.
Облус боюнча 9 айда салыктардын келип тушушунун божомолу 105,0 пайызга аткарылып, пландан тышкары бюджетке кошумча 6,7 млн. сом тушту. Салыктын план божомолу облустун бардык райондору тарабынан ашыгы менен аткарылды.
Отчеттук мезгилде облустун жергиликтуу бюджетинин киреше болугу гранттарды эсепке алуу менен 794,8 млн. сомду тузуп, план 103,6 пайызга аткарылды. Учурда пенсиялар оз учурунда толонуудо жана Соцфондко чегеруу боюнча план отчеттук мезгилде 168,3 млн. сомго аткарылып, бул корсоткуч откон жылга салыштырмалуу 21,3 млн. сомго коп болду.
Ош облустук ИИБдин маалыматтары боюнча 2005-жылдын 9 айында облус боюнча 1820 кылмыш катталган, бул откон жылдын денгээлинен 327 (15,2%) кылмышка аздык кылат. Мал уурдоо боюнча 162 иш катталып, андан 100 (61,7%) кылымыш ачылып, откон жылга салыштырмалуу 16,9 пайызга коп ачылды.
Ошону менен бирге облусубузда устубуздогу жылдын 9 айынын жыйынтыгында жетишкендиктер менен бирге кемчиликтер да орун алып келе жатат. Алсак, айрым райондордо дале болсо ондуруштун томондошу уланып, онор жай продукциясын чыгарууну откон жылга салыштырмалуу (берилуучу сырьену эсептебегенде) Араван району 61,2 пайызга, Ноокат району 58,2 пайызга, ал эми Каракулжа району 86,9 пайызга аткарышты.
Учурда облустагы 30 негизги онор жай ишканасынан 8 ишкана (26,7%) ондуруштун откон жылдагы тийиштуу мезгилинин денгээлине жетишишбеди, ал эми 13 (43,3%) ишкана кайра иштетууго сырьенун жана айлантуучу каражат жоктугунан токтоп турууда.
Ошондой эле негизги онор жай продукцияларын ондуруудо облус боюнча откон жылга караганда комур казып алуу (9,2 мин тоннага), ун ондуруу (286,4 тонна) жана пиво чыгаруу (2,4 тонна) аз ондурулду.
Кайра иштетуу тармагында онор жайынын керектоо товарларын ондуруу откон жылдын тийиштуу мезгилине карата болгону 91,5 пайызга аткарылып, анын ичинен тери, териден жасалган бюмдарды жана бут кийим тигуу откон жылга салыштырмалуу 32,2 пайызга жана химиялык бюмдарды ондуруу 25,1 пайызга аран аткарылды.
Айыл чарбасында отчеттук мезгилде айыл чарбасынын дун продукциясынын колому 9672,2 млн. сомду тузуп, откон жылдын тийиштуу мезгили менен салыштырганда 3,1 пайызга аз камсыз болунду. Мунун негизги себеби эрте жазда ношорлоп жамгыр коп жаап, эгиндер оз моонотундо эгилбегендиктен, учурда кечигуу менен жыйналууда. Дан эгиндеринин тушумдуулугу отчеттук мезгилде гектарынан 31,1 центнерден айланып, откон жылга салыштырганда 0,8 центнерге томон болууда. Ал эми мал чарба продукцияларын ондуруудо жун ондуруу 94,8 пайызга аткарылып, калган бардык турлору боюнча осуу камсыз болду.
Обьекттерди курууга, кенейтууго жана техникалык жактан кайра камсыздоого отчеттук мезгилде 645,3 млн. сом капиталдык салым пайдаланылган, бул 2004-жылдын тийиштуу денгээлине карата 74,5 пайызды гана тузду.
Облустун тышкы соода жугуртуусу оскону менен отчеттук мезгилде экспорт 5,9 пайызга кыскарып, гипс, албастр жана ак таш экспорттоо 11,7 пайызга жана тамекини экспорттоо 2,1 пайызга (52,4 тонна) кыскарып кетти.
Керектелуучу баалардын индекси отчеттук мезгилде 103,6 пайызга барабар болуп, бул откон жылга салыштырмалуу 4,8 пайызга оскон.
Аткарылып жаткан иштер менен бирге, куз-кыш мезгилине карата даярдык коруу боюнча бир катар кемчиликтер бар. Алсак, устубуздогу жылдын 20-октябрына карата облустун билим беруу мекемелерине планда каралган комурдун 60 гана пайызы, маданият мекемелери тарабынан болсо 63 пайызы гана даярдалган. Бирок 8 ноябрга карата облустук билим беруу башкармасы билим беруу тармагы боюнча даярдалган комур 70,0 пайызды тузгондугу жонундо кошумча маалымат беришти. Аткарылган чараларга карабастан, пайдаланылган электр энергиясы учун дебитордук карыздын суммасы дале жогору бойдон калууда, устубуздогу жылдын 1-октябрына жалпы карыз 466,5 млн. сомду тузуп, жылдын башына карата 74,5 млн. сомго же болбосо 19 пайызга осуп кеткен.
Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясынын Ош-Озгон филиалдары тарабынан облуста берилген кредиттердин колому кобойуп жатканы менен, берилген кредиттерди талдап коргонубуздо, айыл жерлерине кредиттер жетишсиз болуп жатканына карабастан берилген кредиттердин 18 пайызы Ош шаарынын тургундарына берилген жана кредит алуучулардын саны ушул жылдын 9 айында откон жылга салыштырмалуу 380 адамга азайып кеткен.
Бюджеттик ссудаларды кайтарып беруу багытында райондук департаменттер тарабынан талапка ылайык иш-аракеттер жургузулбой, 2005-жылдын 9-айында болгон карыздын 7,8 пайызын гана кайтаруу камсыз болду.
Ошондой эле Жапон окмотунун гранттарын кайтарып беруу иши да начар абалда болуп, бардык карыздын 1,5 пайызы гана кайтарылды.
Отчеттук мезгилде облуста оз убагында толонбогон салыктардын суммасы (недоимка) август айына салыштырмалуу 379,4 мин сомго азайганы менен, жыл башына салыштырмалуу 915,3 мин сомго кобойуп кеткен.
Бюджеттин чыгаша болугу 741,4 млн. сомго каржыланып, 96,6 пайызга аткарылды. Мунун себеби сентябрь айы учун 49,6 млн. сомдук категориялык гранттын жана айлык акынын жогорулашына келген 7,7 млн. сомдук каражаттын 2005-жылдын октябрь айынын башында келип тушкондуктон чыгымдоо октябрь айында болду.
Жергиликтуу бюджеттин чыгаша болугунун райондор боюнча аткарылышында бир топ айырмачылыктарга жол берилген. Алсак, медицина боюнча статьяда облус боюнча бюджеттин чыгаша болугу 98,7 пайызга аткарылса, бул корсоткуч Чон-Алай району боюнча 29,8 пайызды, Карасуу районунда 51,3 пайызды гана тузгон. Коомдук тартип жана коопсуздук боюнча статьяда чыгаша 130,5 пайызга аткарылганы менен Ноокат району боюнча 50,2 пайызга, Чон-Алай районунда 66,7 пайызга гана аткарылган.
Устубуздогу жылдын 9 айында билим беруу жана саламаттыкты сактоо тармактары боюнча маяна жана социалдык фондго чегеруулор боюнча карыз жок. Ал эми башка тармактар боюнча карыз 1282,2 мин сомду тузуп, мунун ичинен жергиликтуу бюджеттин эсебинен 589,4 мин сом, ал карыз айыл окмотторунун кызматкерлерине берилуучу маянанын суммасы болууда.
Коммуналдык тейлоолор боюнча карыз 2005-жылдын 1-октябрдагы абал боюнча 37,4 млн. сомду тузсо, анын ичинде электр энергиясы боюнча – 18,0 млн. сомду, жылуулук энергиясы боюнча – 10,8 млн. сомду, комурго – 4,6 млн.сомду, байланыш тейлоосу боюнча – 2,6 млн. сомду, суу учун – 1,4 млн. сомду тузот.
Социалдык жолок пулдарды толоо боюнча карыз 2005-жылдын 1-октябрына карата 4,8 млн. сомду тузуп, толоо мооноту боюнча 8 кунго артта калууда.
Ошондой эле Ош облустук ИИБдин багыты боюнча кылмыштарды ачуу 74,1 пайызды тузуп, бул откон жылга салыштырмалуу 10,9 пайызга аз кылмыш ачылган.
Коррупция менен курошуудо отчеттук мезгилде облустук ички иштер органдары тарабынан 137 кызматтык жана экономикалык кылымыштар катталып, бул корсоткуч откон жылга салыштырмалуу 49(73,7%) кылымышка аз катталган. Материалдык чыгым буткон кылымыш иштери боюнча 2,6 млн. сомду тузуп, анын ичинен казнага кайтарылганы 1,2 млн. сомду тузду, же 75,2 пайызды барабар болду. Ош облустук прокуратура тарабынан ушул жылдын 9 айында экономикалык кылымыштардан 150 иш сотко откорулуп, андан 118 иш каралып 2,2 млн. сом казнага тушурулуп, бул корсоткуч откон жылга салыштырмалуу 2 ишке азайган. Областын алдында атайын корупция менен курошуу комиссиясы тарабынан 9 ишкана боюнча текшеруу жургузулуп, андагы мыйзам бузуулар 48,1 млн. сомдук зыян табылып, андан облустук прокуратурага 5, аскердик прокуратурага 1, шаардык прокуратурага 1 жана туштук аймактык МРУга 2 иш откозулуп берилди.
Озунуздорго белгилуу, Анвар Артыковичтин тапшырмасы менен райондордун социалдык-экономикалык онугуусунун 9 айлык жыйынтыгын жумушчу топтор жер-жерлерде карап, райондордо ийгиликтер менен кошо томонку кемчиликтердин да орун алгандыгын таксыктап келишти.
Алай району боюнча:
Район боюнча салыктын 14 турунон 10у аткарылып, 4 туру аткарылбай, анын эсебинен 408,3 мин сом бюджетке кошумча салык тушпой калган.
Оз убагында толонбогон салыктардын суммасы (недоимка) жыл башына салыштырмалуу 82,8 мин сомго осуп кеткен.
9 айдын жыйынтыгы менен айыл окмоттору боюнча салык топтоодо 7 айыл окмоту планын аткарышкан эмес, алсак Жаны-Алай 25,6пайызга, Сары-Таш 73,5 пайызга гана аткарышкан. Натыйжада айыл окмоторунун бюджеттерине 129,6 мин сом тушпой калган.
Ошондой эле райондогу кайра болуштуруу фондунун жерлеринен алынуучу аренда акысын ондуруу боюнча карыз 213,4 мин сомду тузуп, «Жаныалай» айыл окмоту 5,6 пайызга жыйнаган, ал эми Кабланкол айыл окмоту 14,6 мин сомдон бир да сом ондургон эмес.
Алай РЭС боюнча 2005-жылдын 1-октябрына карата дебитордук карыз 9,8 млн. сомду тузуп, жылдын башынан бери 23,3 пайызга осуп кеткен, анын ичинен бюджеттик мекеме-ишканалардын дебитордук карызы- 2,2 млн. сомду тузот.
Ошондой эле 1-октябрга карата коюлган электр энергиясын пайдалануунун лимитинен Алай айыл окмоту 159,1 мин сомго, Гулчо айыл окмоту 277,7 мин сомго ашыкча пайдаланган .
Бугунку кундо мамлекет тарабынан берилуучу ссуданын кечигип жатышына байланыштуу коопсуз жайларга кочурулбой калган уй булоолордун саны 627 жетти. Жабыр тарткандарга акыркы жолу 4,5млн. сом болунуп берилип, андан 12 кишиге уй курууга, 9 кишиге уй сатып алууга жана уйун куруп бутпой калган 21 адамга берилген.
Район боюнча кышка комур даярдоо 20- октябрга карата саламаттыкты сактоо тармагында – 84,2%, элге билим беруу тармагында – 91,4%, ал эми маданият тармагында аран – 29,0 пайызга аткарылган .
Райондо жугуштуу оруларды алдын ала алуу боюнча жетишээлик иштер жугузулбогондуктон бруцеллез оорусу менен 15 оорулуу, кургак учук менен ооруган 58оорулуу жана Кыз-Эмчек айылында 2 оору сибирь жарасына куномдор деп катталган.
Бюджеттик ссудаларды, Жапон окмотунун гранттарын кайтарып беруу багытында райондук департамент тарабынан талапка ылайык иш-аракеттер жургузулбогондуктон, 2005-жылдын 9-айында бюджеттик ссудалар боюнча бардык карыздын 8,5 пайызын, Жапон окмотунун гранттары боюнча бардык карыздын 0,6 пайызын гана кайтаруу камсыз болду.
Жошолу, Корул, Гулчо айыл окмотторунун башчылары тарабынан бюджеттик кредиттерди жана Жапон гранттары боюнча 9 ай ичинде бир дагы сом ондурулгон эмес.
Жер-жердеги текшеруу учурунда райондук мамлекеттик салык инспекциясында жана райондук финансы болумундо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 17-январындагы №27 Указы бузулуп, жарандардан тушкон арыздарды каттоо журналы тузулбой, жарандардын арыздарына жана даттанууларына оз убагында жооп берилбеген жана кадрлардын оздук делолору даярдалбаган жана резерв кадрлар боюнча иш алып барылган эмес.
Жошолу айыл окмотундогу таза суу проектисинин 17,8 млн. сомдон 10,0 млн. сому жумшалгандыгына карабастан, «Пластполимер» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан азыркы кунго чейин иш жузундо болгону 30 пайыздык гана жумуш аткарылган.
Араван району боюнча:
Район боюнча 2004-жылдын тийиштуу мезгилине карата онор жай продукциясынын физикалык коломунун индекси 103,2 пайызга аткарылганы менен, бул корсоткуч суммалай алганыбызда 61,2 пайызга аткарылып, 25,1 млн. сомдук продукция откон жылга караганда аз ондурулду. Мунун негизги себеби ОсОО «ДИМ ЛТД» иштебей анын эсебинен 4,3 млн. сомго, ал эми ОсОО «Потенциал» ондурушту томондотуп 26,1 млн. сомго, кичи ишканалардын эсебинен 323,9 мин сомго, калктын онор-жай продукциясын ондуруусунон 1,8 млн. сомго жана комокчу чарбалардын эсебинен 212,7 мин. сомго продукциялар аз ондурулду.
Калктын жеке ишкердуулук тарабынан чыгарылган продукцияларды ондуруунун осуу темпи район боюнча 59,8 пайызга аран аткарылды. Ал эми эл керектоочу товарларды киши башына ондуруусу 40,9 сомду аран тузду.
Ал эми калкка акы толоп кызмат корсотуунун колому боюнча жалгыз ушул район облуста осуу темпин камсыз кылган жок (99,6%).
Отчеттук мезгилде райондо салыктарды жана салыктык эмес толомдорду жыйноо боюнча жалпы план аткарылганы менен салыктардын 7 туру боюнча план аткарылбай, анын эсебинен бюджетке 1433,6 млн. сом тушбой калган.
Оз убагында ондурулбогон сумма (недоимка) жыл башына салыштырмалуу 9 айда 220,1 мин сомго кобойуп кеткен.
Токтоп турган «Ресурс», «Навруз» жана «Достук» кичи ишканалары да юридикалык тарап катары жоюлганы менен алар ушул кунго чейин райондук стат комитетинин каттоосунан чыгарылбай, токтоп турган ишканалардын эсебинде журуудо.
Район боюнча кышка комур даярдоо 20- октябрга карата 50,8 пайызга гана даярдалып, саламаттыкты сактоо тармагында – 67%, элге билим беруу тармагында – 50,0%, ал эми маданият тармагы боюнча бир да тонна комур алынып келинбеген .
Каракулжа району боюнча:
Каракулжа районунда онор жай товарларын чыгаруунун 9 айлык осуу темпи откон жылдын ушул мезгилине салыштырганда 86,9% ке, азык тулук товарларын чыгаруу боюнча 95,4% ке, ал эми женил онор жай товарларын чыгаруу боюнча 13,3% ке аран аткарылган.
Чакан ишканалардын ондуруштук продукцияларын ондуруу колому 2005- жылдын 9 айында откон жылдын тийиштуу мезгилине салыштырмалуу 64,2 пайызды тузгон же 105,1 мин сомго аз ондурулгон.
Чекене товар жугуртуу боюнча откон жылдын ушул мезгилине салыштырганда 99,5 % ти тузуп, облуста жалгыз ушул райондо аткарылбаган.
Салык инспекциясы тарабынан салык жыйноонун планы 110,3 пайызга аткарылганы менен, салыктын 14 турунон 5 туру боюнча план тапшырма аткарылбай, бюджеттке 113,4 мин сомдук салык тушпой калган.
Район боюнча бюджеттик ссудадан бугунку кунго чейин 169,6 мин сом (7,7%), Жапон окмотунун гранттарынан 155,9 мин сом (8,0%) пайызы гана кайтарылган.
Кашка-Жол айыл окмотунун кайра болуштуруу фондунун Калпак участкасындагы 9 дыйкан-фермердик чарбалардын иштери облустук прокуратурасы тарабынан облустук сотко откорулуп, ушул кунго чейин бул маселе чечилбей келуудо. Ошондой эле райондогу кайра болуштуруу фондунун жерлеринен алынуучу аренда акысын ондуруу боюнча «Ылайталаа» айыл окмоту 22,0%, Кызылжар айыл окмоту 7,9%, Алайкуу 0,0 7 %, Каракочкор 42,2 % гана аткарган.
Кочурулууго тийиш болгон 394 уй-булоо аныкталып, андан бугунку кундо 230 уй-булоонун жер участогу же уй сатып алууга каражаттары жок болгондуктан кочурулбой турууда.
Социалдык женилдик алуучуларга жергиликтуу бюджеттен толонгон компенсациялары боюнча, жалпы медициналык жардамга муктаж 389 адам женилдик алуучуларга 129,7 мин сом каралып, 9 айдын ичинде план боюнча 97,3 мин сом толонуп бериш керек болсо, бул сумманын 12,8 пайызы гана толонуп берилген.
2005-жылдын 9 айында район боюнча 20 венерикалык оорулар катталып, откон жылдын тогуз айына салыштырмалуу 3 ооруга кобойгон. Сарык оорусу 59 катталып, откон жылдан 12 ге коп, туберкулез 57 катталып, откон жылдан 2 ооруга коп, бруцеллез 14 катталып, откон жылдан 2 ооруга кобойгон. Ал эми бир жашка чейинки балдардын олуму 2004 –жылы 1000 кишиге эсепке алганда 24 болсо, 2005- жылы 27 болуп, 3 олумго кобойуп кеткен.
Райондун аймагындагы бюджеттик мекемелерди жана калкты комур менен камсыз кылуу боюнча тапшырмасы 57,6 пайызга аткарылган, же болбосо медицина мекемелери – 47,0%, билим беруу - 76,0% жана маданият – 43,0% га гана аткарылган.
Каракулжа айыл окмотунун Юсупов атындагы орто мектебинин жылытуу системасынын ремонту буткорулбой, 10-октябрга бир тонна да комур ташыла элек жана Токтогул жана Ормокеев атындагы мектептерге комур тушурулбогон. Кашкажол айыл окмотундогу Байымбетов атындагы, Ылайталаа айыл окмотундогу Сары-Таш атындагы, Сарыбулак айыл окмотундогу Орозалиев атындагы мектептерге ушул кунго чейин комур ташылып келинбеген. Билим беруу тармагында ремонттолууга тийиш болгон 39 буу менен жылытуу системасынын 4 нун ремонту буткорулгон эмес.
Раймамадминистрацияга Юсупов атындагы мектептин жылытуу системасын ондоо жонундогу мектептин директору Эркебаевадан тушкон арыз район тарабынан аткарылбай, обладминистрация тарабынан текшеруу жургузулгон учурда мектептин жылытуу системасынын ондолбогондугу, пландалган 40 тонна комурдун бир да тоннасы ташылбагандыгы, мектеп толугу менен кышка даяр эмес экендиги аныкталды.
Текшеруудон кийин гана жогорудагы кетирилген кемчиликтерден Юсупов мектебине 15 тонна, Ормокеев мектебине 10 тонна, Токтогул мектебине 20 тонна, Байымбетов мектебине 9 тонна, Сары-Таш мектебине 10 тонна, Орозалиев мектебине 5 тонна комур тушурулгонду боюнча район тарабынан бизге кошумча маалымат беришти.
Райондун мекеме ишканаларындагы аткаруу тартибинин абалын кароо раймамадминистрациясынын 2005-жылдагы иш планына киргизилбей, натыйжада аткаруучулук тартип озу бутоттук абалда калган. Чалма, Ылайталаа, Каракочкор айыл окмотторундо жогорку органдардан келген токтом, буйруктарды каттоо жана аткарылышын козомолдоо начар абалда.
Карасуу району боюнча:
Карасуу районунда пахта буласын чыгаруучу "Ак-Алтын" АК откон жылга салыштырмалуу 2805,4 мин сомго(20,5%), "Бектур ХХ1-кылым" ЖЧК 2837,5 мин сомго (20,1%) жана «БРНО» ЖЧК 774,4 мин сомго(32,7%) онор жай продукциясын ондурууну кыскартып жиберишкен. Райондогу кичи ишканалар тарабынан онор жай продукциясын ондуруу 27,9 млн. сомду тузуп, откон жылга салыштырмалуу 6,4 пайызга, эл тарабынан ондурулгон онор жай продукциялары 27,5 млн. сомду тузуп, откон жылга салыштырмалуу 29,8 пайызга кыскарып кеткен.
Белгилей кетуучу нерсе 2005-жылдын 1-октябрына карата Карасуу районунда онор жай багытында иштеген калк ишмердигинен тышкары 50 чарбалык субьекттер болсо, анын ичинен 15 (30%) иштебей (алды 3 жыл, аркасы - 3 ай) турууда. Башкача айтканда 12 негизги ишканалардын ичинен 4 (33,3%) жана 33 кичи ишканалардын ичинен 10 (30,3%) турдуу себептер менен иштебей келуудо.
Токтоп турган ишканаларды жандандыруу боюнча облустук мамадминистрациясынын №49 токтомунда райондук мамлекеттик администрация башчысына III -квартал ичинде аткаруу мооноту коюлуп конкреттуу тапшырма берилген. Тилекке каршы, бул тапшырманын аткарылышы 2005-жылдын 10-июнунда атайын №144 буйругу менен 3 топтон турган комиссиянын тузулушу менен чектелип, жургузулгон иштердин жыйынтыгы чыгарылган эмес.
Район боюнча 16 тур салыктан 7 турунон жеткирилген план-божомолдоо аткарылбай бюджетке 1,8 млн. сомдук салык тушпой калган.
Айыл окмоттору тарабынан салык жыйноо боюнча натыйжалуу иш аракеттер жургузулбогондуктон айыл, шаар бюджеттерине жалпысынан 5,7 млн. сомдук, анын ичинен райондук бюджетке 1603,7 мин сомдук салыктар тушпой калган. Атап айтсак, Ак-Таш айыл окмоту 56,6 % аткарып, 122,7 мин сом тушпой калган, ошондой эле Кашкар-Кыштак айыл окмоту 77,8% (157,9 мин сом), Отуз-Адыр айыл окмоту 53,9% ( 178,6 мин сом), Савай айыл окмоту 74,8 % (112,0 мин сом), Каттаталдык айыл окмоту 61,2% (158,7 мин сом), Сары-Колот айыл окмоту 80,8% (51,1 мин сом) аткаргандыктан жалпысынан 832,1 мин сом акча каражаты казынага тушпой калган.
Ошондой эле райондогу кайра болуштуруу фондунун жерлеринен алынуучу аренда акысын ондуруу боюнча карыз 25,0 млн. сомдон ашып, анын ичинен Нариман айыл окмотундо 4,2 млн. сом жана Жоош айыл окмотундо 2,3 млн. сомдон ашык сумма ондурулгон эмес.
2005-жылдын 14-октябрына карата Карасуу району боюнча эмгек акыдан болгон жалпы карыз 1098,9 мин сомду тузуп, анын ичинен жергиликтуу бюджеттен карыз 341,1 мин сомду тузгон. Айыл окмоттор боюнча жасалган анализ боюнча жеткиликтуу иш алып барылбагандыктан эмгек акы боюнча Отуз-Адыр айыл окмоту 61,6 мин сомго, Ак-Таш айыл окмоту 54,7 мин сомго, Папан айыл окмоту 40,3 мин сомго, Мады айыл окмоту 36,4 мин сомго ири суммада карыз болушууда.
Жоош айыл окмотундо жайгашкан Кайрат айылынын 4 тургуну алдын ала коюлган сибирь язвасы диагнозу менен ооруканада дарыланып жатат.
Бюджеттик ссудаларды кайтарып беруу багытында райондук департамент тарабынан талапка ылайык иш-аракеттер жургузулбогондуктон 2005-жылдын 9-айында бюджеттик ссудаларды кайтарып беруу 403,0 мин сомду тузуп, бардык карыздын 13,2 пайызга гана аткарылып, Жапон окмотунун гранттарын кайтарып беруу боюнча 2005- жылдын 9 –айында бир да сом ондурулгон эмес.
20-октябрына карата 36448 тонна комур даярдалып, анын ичинен билим беруу тармагы- 43%, саламаттыкты сактоо -70%, маданият тармактагы- 77% камсыздалган. Жылдын башына салыштырмалуу пайдаланылган электр энергиясы учун дебитордук карыз район боюнча 31,2 % ке осуп кеткен.
Жашоого коркунучтуу участокторунан 91 уй-булоо кочурулушу керек болсо, ссудалар оз убагында берилбегендиктен, бугунку кунго бир дагы уй-було кочурулгон эмес. Бугунку кундо райондун Сарай айыл окмотунун Миялы айылынан 24 уй-булоого, Нариман айыл окмотунун Лянгар айылынан 20 уй-булоого жер участоктору берилип уй курууга акча каражатынын жоктугунан чатырларда жашап турушат.
2005-жылдын 9 ай ичинде райондун финансы болумунун, мамлекеттик салык инспекциясы, райондук кыймылсыз мулкторду каттоо башкармасынын жаны жетекчилери конкурстук негизинде эмес, тийиштуу министрликтердин буйруктарына ылайык дайындалган. Алардын ичинен мамлекеттик салык инспекциясынын башчысы райондук мамлекеттик администрациясынын макулдугусуз кызматка коюлган.
Ноокат району боюнча:
Онор жай продукцияларын ондуруунун темпи откон жылдын 9 айына салыштырмалуу болгону 58 пайызды тузуп, 23,6 млн.сомдук продукция аз ондурулгон. Негизги 8 онор жай ишканасынын 7 си осуу темптерин камсыз кылышкан эмес, же болбосо негизги ишканалардын осуу темпи болгону 45,5%, кичи ишканалардын осуу темпи 66,4%, ал эми калктын онор жай ишкердигинин осуу темпи 82,3 % тузгон. Тамеки ферментоочу цехтерден «Максат» жана «Астарта-Дюбек» акционердик коомдору гана жарым-жартылай иштеп, откон жылга салыштырганда райондо 261,6 тн тамеки кем ферменттелген. Комокчу чарбалардагы продукция ондуруу болгону 24 пайызды тузду.
Салык жана салык эмес жыйымдардын 16 турунон 5 туру аткарылбай, бюджетке болжолдонгон 1,9 млн. сом тушпой калды.
Айыл окмотторунун негизги каражаты болгон жерди кайра болуштуруу Фондунан тушуучу каражат смета боюнча 2,4 млн. сом белгиленсе, отчет мезгилинде 76,4 пайызга гана аткарылган. Алсак, Кенеш айыл окмоту 19,2пайызга, Тоолос 37,7%, Караташ 24,7% , Гулистан 16, 3% гана аткарышкан.
Откон жылга салыштырмалуу кылкандуу дан эгиндери жыйналган аянт 1005 гектарга, анын ичинде жыйналган буудайдын аянты 1331 гектарга кыскарып, тушумдуулук тиешелуу 2,0 жана 1,7 центнерге томондоп кеткен. Райондо 5 мал-жандыктардын, анын ичинде 4 иттин, 1 карамалдын кутурмасы аныкталган. Бруцеллез менен 40 мал ооруга чалдыккан.
2005 - жылдын 1-октябрына карата Жапон гранттарынан бир сом дагы кайтарылган эмес, ал эми бюджеттик ссудадан жыл башынан бери болгону 21,8 мин сом(1,5%) ондурулгон.
I - II - III Жапон грантынан Кокбел, Н. Исанов атындагы, Кенеш, Жаныноокат, Кокжар жана Тоолос айыл окмотторунун товар ондуруучулорунун, бюджеттик ссудадан Кокбел, Н. Исанов Кенеш, Кыргызата, Т. Зулпуев атындагы, Жаныноокат, Белкайрагач, Онэкибел жана Тоолос айыл окмотторундо карыздар ондурулбой калган.
Кокжар айыл окмотундо (Э.Абжапаров) кайра болуштуруу Фондунун жерлерин жарандарга конкурстук негизде ижарага беруу айыл окмоттогу 6 айылдын, 4 айылында гана откорулгон. 2 айылда конкурс КР ЖК тарбынан 2002- жылдын 15-апрелиндеги № 702 токтому менен бекитилген типтуу Жобонун талаптарын бузуу менен откорулгон. Анын талаптарына ылайык суулуу жерлер ижарага 5 жылга берилиш керек болсо, иш жузундо бир нече келишимдер 1 жана 4 жылга гана тузулгон. Конкурска коюлган жерлердин контурларын, лотторун, баа бонитеттерин аныктаган, конкурстун отуу моонотун, жайын, шарттарын калкка алдын ала маалымдагандыкты тастыктаган документтер жок. Старттык баадан кийинки ар бир кадамга баа белгиленген эмес. Салык толому 95,4 % га аткарылган.
Кайра болуштуруу Фондунун (КБФнун) жерлерин болуудо жогоруда корсотулгондой кемчиликтер Зулпуев атындагы жана Тоолос айыл окмоторундо да орун алган.
Кыш мезгилин откорууго жалпысынан комур камсыздоо 20 октябрга карата 71% ды тузуп, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагында 85 % (590 жана 504 тонна), билим беруу тармагында 59 % (2800 жана 1656 тонна), коммуналдык чарба тармагында 40 % (400 жана 160 тонна) камсыздалган.
Маданият тармагы боюнча Жаны-Ноокат, Н.Исанов, Гулистан айылдык маданият уйлорунун ички ремонт иштери талапка жооп бербейт жана 14 айылдык маданият уйлорундо жылытуу системалары иштебейт.
/стубуздогу жылдын 9 айында 40 бруцеллез оорусу катталган. Жугуштуу оорулардын 3 туру боюнча осуш райондун Кыргызата, Кенеш, А.Мирмахмудов атындагы айыл окмотторундо орун алган.
Район боюнча откон жылдын тиешелуу мезгилине салыштырмалуу кылмыштуулук 23 ко кобойуп, 138 кылмыштан 161 кылмышка жеткен. Ошол эле мезгилде кылмыштуулукту ачуу, тескерисинче, 91 пайыздан 88,1 пайызга томондогон.
Озгон району боюнча:
Тогуз айдын жыйынтыгы менен элдин эсебинен турак жай куруунун осуу темпи 56,4%, ал эми Озгон шаары боюнча 79% аран аткарылган. Ошондой эле дан ондуруунун осуу темпи 86,5%, картошка ондуруу 87,9%, жер жемиштерин ондуруу 40,2%, бахча ондуруу 89,9%, май беруучу осумдукторду ондуруу 78,9 %, ал эми тамеки ондуруунун божомолдоо планы болсо 65,3% аран аткарылган.
Кайра болуштуруу фондунун жерлеринен алынуучу аренда акысын ондуруу боюнча карыз район боюнча 698,8 мин. соду тузуп, анын ичинен Башдобо айыл окмотундо 382,1 мин сом жана Кароол айыл окмотундо 153,2 мин сом ондургон эмес.
Жылалды (М.Акназаров), Зергер (Н. Мурзаибраимов), Кызыл Октябрь (А.Кадыралиев), Куршаб (О.Амиракулов), Торткол (А.Тажибаев) айыл окмотторунун аймагындагы бюджеттик мекемелерге электр энергиясын пайдалануу боюнча лимит жеткирилбегендиктен, 9 айдын жыйынтыгы менен алды 54 мин кВт саат аркасы 4 мин кВт саат электр энергиясын лимиттен ашык пайдаланышкан.
Кышка даярдык боюнча райондун Кызыл Октябрь (А. Кадыралиев), Торткол (А.Тажибаев) Чангет (К.Курманбеков), Ийрисуу (А.Аттокуров), Жалпакташ (А.Кошиев), Саламалик (С.Инашов) айыл окмотторундо кээ бир мектептерде комур такыр тушурулгон эмес. Текшеруу корсоткондой Ийрисуу ГСВсына караштуу алты ФАПтын бирине да комур тушкон эмес. Райондун аймагындагы 200 окуучу окуган № 62 (М.Ботобеков) кесиптик техникалык окуу жайынын жылытуу системасы сыноодон отпогон. Жылдын башына салыштырмалуу пайдаланылган электр энергиясы учун дебитордук карыз район боюнча 20,7 %ке осуп кеткен.
2005-жылдын 9-айында бюджеттик ссудаларды кайтарып беруу 181,8 мин сомду тузуп, бардык карыздан 5,3 % гана кайтаруу камсыз болгон, Жапон окмотунун гранттарын кайтарып беруудо бир да сом ондурулгон эмес.
Озгон райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан айыл окмоттордо номенклатуралык иш кагаздар менен иштоонун абалы козомолго алынбайт. Жер-жерлердеги текшеруулор корсоткондой Чангет айыл окмотундо (башчысы К.Курманбеков, катчысы А.Акназаров) 2005-жылга айыл окмотунун перспективалык иш планы иштелип чыгып бекитилбеген, 9 айдын ичинде бир да жолу айыл окмотунун заседаниясы откон эмес, айыл окмотунун катчысынын номенклатуралык иш кагаздары боюнча тушунугу жок, жогорку органдардан барган токтомдорду, буйруктарды аткаруу боюнча окмот башчысы виза койгон эмес. Жогорудагыдай эле абал Ийрисуу (башчысы А.Аттокуров, катчысы Б.Макамбаева) айыл окмотунун иш стилинде орун алган.
Устубуздогу жылдын 9 айында район боюнча кылмыштын бетин ачуу откон жылга салыштырмалуу 17,3% ке азайып кеткен, бугунку кундо 94 кылмыштын бети район боюнча ачылбай калган.
Райондук мамлекеттик администрация тарабынан жогорку органдардан келген директивалык документтерди аткаруу боюнча жургузулгон иш-аракеттер талаптагыдай эмес. Атап айтсак Ош облустук мамлекеттик администрациясынын №7, №49, №28 токтомдору реализация болгон эмес.
Чон-Алай району боюнча:
Райондо 2005-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен сут (95,3%), эт (92,0%) жана жун ондуруу (94,2%) боюнча план аткарылбай калган.
Салыкты жыйноо план-божомолу аткарылганы менен, салыктардын тушушун талдаганыбызда 14 киреше булагынан 10 аткарылган эмес, булардын натыйжасында 238,9 мин сом бюджетке кошумча салык тушпой калган.
Ошондой эле райондогу кайра болуштуруу фондунун жерлеринен алынуучу аренда акысын ондуруу боюнча карыз 31,1мин. соду тузуп, анын ичинен Кызылсуу айыл окмотундо 26,4 мин сом ондургон эмес.
2005-жылдын 1-октябрына карата электр энергиядан болгон дебитордук карыз 2691,9 мин сомду тузуп, 01.01 2005 жылга салыштырмалуу 4,5 пайызга осуп кеткен.
Июнь-июль айларында Жекенди айыл окмотуно караштуу Карамык айылынын Айдеке участкасында жайгашкан 8 уйдун астынан суу чыгып уйлорго зыян келтирилген. Ал эми Каратейит айылында Аксуу орто мектебин Аксуу дарыясы жууп кетуу коркунучу да сакталуу бойдон калууда жана Чаг айылында Кок-Суу орто мектебинин курулушу Озгочо кырдаалдар министрлиги тарабынан башталып, бирок курулуш иштери аягына чейин бутпой калды, мунун негизинде окуучулар чатырда жана айылдык эс алуу уйундо окууга муктаж болууда.
2005-жылдын тогуз айында бюджеттик ссудаларды кайтаруу 20,9 мин сом (4,3%), ал эми Жапон гранттары боюнча болгону 4,0 мин сом (1,2%) гана кайтарылган.
Урматтуу коллегия мучолору, жогорудагы жетишилген ийгиликтерди жыл аягы менен бышыктап, айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды коруп, облустун социалдык-экономикалык абалын турукташтыруунун устунон ар бирибиз талыкбай иш алып баруубуз зарыл. Президентибиздин облусубуздун жана жергиликтуу бийлик органдарынын алдына койгон талаптарын иш жузуно ашыруу бугунку кундо баарыбыздын негизги милдетибиз.