10-ноябрь 2005-ж.
ЖЕР ТАЛАШ
2005-жылдын 18-августунда премьер-министр Ф. Кулов № 377-токтомго кол койгон. Ага ылайык Карасуу районуна караштуу Папан айыл окмотунун 42 гектар сугат аянты жаны конушка зарыккандарга ажыратылган. А тугул генплан тузулуп, ото муктаж 500 чакты уй-булого токтом токулуп, тиешелуу жери мыйзам чегинде болунгон. Энчиси колуна тийген папандыктар жогорудагы аянтка эгилген эгин-тегинди ээлери толук жыйнап буткучо кутуп, адамгерчилик кылышкан.
Бирок, ара чолодо Карасуу районунун Толойкон айыл окмотуно караштуу Учар, Жапалак айылдарынын тургундары № 377-токтомду тоготпой, 42 гектардын толук турдо Толойконго кайтарылышын, жадагалса эки кыштакты бириктирип озунчо айыл окмот уюштурууну талап этип президент К. Бакиевге, премьер-министр Ф. Куловго, Жогорку Кенеш спикери О. Текебаевге кайрылышкан. Ошол себептуу Кыргыз Окмотунун кыймылсыз мулкко укугун каттоо агенттигинин директору А. Жолдошев, Ош облусунун вице-губернатору Б. Бургоев, Жогорку Кенеш депутаты А. Абжалиев, Карасуу акиминин биринчи орун басары А. Махамадов курамына кирген абройлуу комиссия тузулуп, даттанууну кылдат териштиришкен. Жумушчу топ кайра болуштуруу фондуна (КБФ) таандык 42 гектар жер Папан айыл окмотуно гана тийиштуу экендигин тастыктады. Ошентсе да, коншулардын кайрылуусун конулго туйуп, жогорудагы аянттын 10 гектарын турак жай курууга муктаж учарлыктарга, жапалактыктарга улоштуруу жагы да 2005-жылдын 25-октябрындагы атайын жыйында биротоло чечилген.
Ошого карабастан 8-ноябрь куну учарлык, жапалактык 500 чакты адам Ош - Ноокат автожолун богоп, анын боюнда жайланышкан жер участокторуна папандыктарды жолотпой тополон салышты. Ошондой эле уч кундон бери 300 чакты папандык адилет чечимди кутуп облмамадминистрацияны сагалап олтурушат.
Шамшыбек ТОЛОНБАЕВ, Толойкон айыл окмотунун башчысы: - Озу Учар айылын 1999-жылы Папандан бизге натуура откоруп беришкен. Ошогездеги район, облус жетекчилери «айылынардын жака-белиндеги жерлер бут силерге таандык, карамагынарда калат» деп элди каратып туруп алдашкан. Биз ошол аянттардын энчибизде калышын гана талап этип жатабыз.
Жаныбек МУРАТОВ, Папан айыл окмотунун башчысы: - 42 гектар КБФнын жери, демек, мамлекеттики. Андыктан, окмоттук комиссия чечимин бутундой кубаттайм. Коркконубуздун эмес, адамгерчилик кылып оз улушубуздун 10 гектарын нааразы туугандарга тартуулап жатпайбызбы. Эми андан ашыкча кадам жасоого барбайбыз.
От менен ойногон тараптарга Ош облусунун вице-губернатору Б. Бургоев мурду менен тийгенчелик бар: - Менимче, Папан жана Толойкон айыл окмотторунун чек аралары эбак нукка салынган. Кыргыз Окмотунун № 377-токтому дале кучундо. Бирок, Муратов айткандай, компромистуу вариант мамлекеттик денгээлде чукул кароого муктаж. Себеби, 42 гектар , кай жагынан карабайлы, Папандыкы. Эгерде эл тынчыбаса, бул маселеге сот аркылуу гана чекит коюлушу ыктымал.
Алишер ТОКСОНБАЕВ