title.jpg (46480 bytes)

 

ОШ ОБЛУСУНУН МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ

БОШ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫ ҮЧҮН

КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Мыйзамынын жана мамлекеттик кызмат боюнча Кеңештин 2009-жылдын 11-мартындагы №1- токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын мамлекеттик административдик кызматтын бош орундарына сынак өткөрүү жөнүндө” Жобонун негизинде Ош облусунун мамлекеттик администрациясы төмөнкү мамлекеттик административдик бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт.

Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси – 1 бирдик

Кызматтык милдеттери: Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жалпы ишмердүүлүгүн башкарат, облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын алдындагы коллегиялык отурумдарына, чогулуштарына материалдарды даярдайт жана уюштуруу иштерин жүргүзөт, облусунун мамлекеттик администрациясынын аппаратындагы номенклатурага кирген кадрларды тескейт жана бул боюнча сунуш киргизет жана башка функционалдык милдеттерди аткарат.

Социалдык   өнүктүрүү   жана   саламаттык   сактоо бөлүмүнүн башчысы - 1 бирдик       

Кызматтык милдеттери: Ош облусу боюнча социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат ,атуулдардын социалдык камсыздоо жана саламаттык сактоо тармагы боюнча арыз-даттануулары боюнча иш алып барат, бул багыттагы жолугушууларды, тегерек столдорду уюштурат.

Коргонуу жана коомдук тартип бөлүмүнүн мобилизациялык резерв секторунун башчысы – 1 бирдик.

Кызматтык милдеттери: Ош облусунун мобилизациялык секторун жетектеп, анын ишин уюштурууну пландайт, резервдик полктун түзүлүшүнүн, анын даярдыгынын планын иштеп чыгат, командалык, штабдык окууларды, машыгууларды өткөрөт, чек ара коопсуздугу ж.б. коргонуу маселелери боюнча иш алып барат.

Экономикалык өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башкы адиси – 2 бирдик.

Кызматтык милдеттери: Ош облусунун  тышкы экономикалык байланыштарын пландоону, инвестициялык программаларды ишке ашырууну көзөмөлдөйт жана ишке ашырат, конкуренция, антимонополиялык саясат багытындагы мамлекеттик саясатты жүргүзөт.

Финансы бөлүмүнүн башкы адиси  - 1 бирдик

Кызматтык милдеттери: Ош облусу боюнча салык саясатын координациялайт, бюджеттик мекеме-ишканалардын бюджеттик булактарга тендер өткөрүү боюнча анализ жана мониторинг жүргүзөт, бюджеттик ссудаларды жана чет элдик кредиттерди кайтаруу боюнча иш алып барат, баалуу кагаздар рыногун жана фонддук биржалардын өнүгүүсүн көзөмөлдөйт, атуулдардын финансы жактан арыз-даттануулары боюнча иш алып барат, финансы структурасындагы жолугушууларды, тегерек столдорду уюштурат.

Билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – 1 бирдик.

Кызматтык милдеттери: Ош облусу боюнча маданият тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырып, бөлүм башчынын жетекчилигинде иш алып барат.

Агроөнөр жайдык өнүгүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башкы адиси – 1 бирдик.

Кызматтык милдеттери: Ош облусу боюнча мал чарба жана ветеринария тармагындагы иштерди бөлүм башчынын жетекчилигинде иш алып барат.

 Квалификациялык талаптар:

- тиешелүү тармакка ылайык жогорку билими;

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана административдик башкаруу органдарына тиешелүү нормативдик документтерин билүү;

- уюштуруучулук жана аналитикалык ой-жүгүртүүгө жөндөмдүүлүгү, кесиптик билиминин жана адамдык сапаттарынын жогорку деңгээли;

- компьютерде иштей билүүсү.

- облусунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси кызмат ордуна башкы  административдик  мамлекеттик  кызмат  орундары  -  улук кызматтардагы кеминде беш жылдык мамлекеттик кызмат стажы же  адистиги боюнча кеминде жети жылдык иш стажы болуусу зарыл;

- Социалдык өнүктүрүү жана саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна жана коргонуу жана коомдук тартип бөлүмүнүн мобилизациялык резерв секторунун башчысы кызмат ордуна мамлекеттик кызматтагы кенже кызматтык иш стажы 1 жылдан кем эмес же  тармактык иш стажы 3 жылдан кем эмес болуусу зарыл.

Талапкерлердин жалпы кесиптик билимдерине жана тажрыйбасына коюлуучу талаптар:

- башкаруу кызматтарында иштегендерге артыкчылык берилет;

- тиешелүү тармактардагы иш тажрыйбасы эске алынат;

Конкурска катышуучулар Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын кадрлар боюнча секторуна төмөнкү документтерди тапшырат:

-арыз;

-кадрлар боюнча өздүк баракча (сүрөтү чапталып, телефону, дареги жазылууга тийиш);

-паспортунун же анын өздүгүн аныктаган документтин көчүрмөсү;

- нотариустан бекитилген эмгек китепчесинин көчүрмөсү.

Документтер Ош шаарынын Ленин көчөсүнөн орун алган областтык мамлекеттик администрациянын №72 кабинетинде 2009-жылдын 11-декабрына чейин кабыл алынат.

Конкурс 2009-жылдын 17-декабрында Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын имаратында өткөрүлөт.

Маалымат үчүн телефондор: 2-30-12; 5-72-27

Конкурстук комиссия

25.11.2009-ж.

 

 ""

webmaster: T. Tolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg